10 айдан 12 айга чейинки ымыркайлардын оптималдуу тамактануусу 

Эгер сиз башынан баштап балаңызга толук баалуу жана сапаттуу тамак-аштын көп түрүн сунуштасаңыз, бул аны өмүр бою коштоп жүрө турган толук баалуу тамактанууга көнүү үчүн туура ыкма. Тамактануу жана тамактандыруу – бул аш болумдуу заттарды колдонуу эле эмес, ал баланын өнүгүүсүнүн көптөгөн аспектилерин колдоо мүмкүнчүлүгү.
Body

Эгер сиз башынан баштап балаңызга толук баалуу жана сапаттуу тамак-аштын көп түрүн сунуштасаңыз, бул аны өмүр бою коштоп жүрө турган толук баалуу тамактанууга көнүү үчүн туура ыкма. Тамактануу жана тамактандыруу – бул аш болумдуу заттарды колдонуу эле эмес, ал баланын өнүгүүсүнүн көптөгөн аспектилерин колдоо мүмкүнчүлүгү.

Ал гана эмес ушул куракта дагы эмчек сүтү бала үчүн эң маанилүү тамак бойдон кала берет жана анын энергетикалык керектөөлөрүнүн жарымын камсыз кылат. Баланы күнү-түнү талап кылуусу боюнча эмизе бериңиз. Коюу тамактар ​​өмүрүнүн биринчи жылында эне сүтүнүн ордун алмаштыра албайт. Бул анын ден соолугун жана күчүн сактайт. Балдар аралашмаларын же улуу курактагы балдар үчүн аралашмаларды (6 айдан жогорку курактагы балдар үчүн атайын иштелип чыккан сүт аралашмалары) берүүнүн кереги жок, анткени түрлөп тамактануу аркылуу эне сүтү балаңызга керектүү болгон бардык аш болумдуу заттарды камсыз кылат. Кошумча тамактарды  берүүнүн алдында эмизүүнү унутпаңыз.

Балаңызга кошумча тамак берип жатканда алты маанилүү учурду эске алуу керек:

  1. Жыштыгы: Балаңызга күнүнө 3-4 маал кошумча тамак берип туруңуз
  2. Көлөмү: Ар бир тамактанууда 125 мл чынынын жарымынан (½) (250 мл сыйымдуулуктагы чынылар) берүү менен көлөмүн көбөйтүңүз. Бала бардык берилген тамакты жегендигине ынануу үчүн өзүнчө табакты колдонуңуз.
  3. Коюулугу:  Жакшы майдаланган же эзилген, ошондой эле бала колу менен алып жей ала турган тамактарды бериңиз.
  4. Түрдүүлүк: Ар бир тамактандыруу учурунда баланы түрлүү  тамактар менен азыктандыруу маанилүү.  

 

Балаңызга кошумча тамак берип жатканда, жасай турган алты маанилүү нерсе бар:

  1. Жыштыгы: Балаңызга күнүнө 4 маал кошумча тамак берип туруңуз
  2. Көлөмү: Ар бир тамак учурунда чынынын жарымына (½) чейин көбөйтүңүз. Берилген тамак-ашты кичинекей баланын жеп жатканына ынануу үчүн өзүнчө табакты колдонуңуз.
  3. Коюулугу: Үй шартында жасалган тамактарды майда туурап, бала колу менен жей ала турган, кесилген тамактарды бериңиз.
  4. Түрдүүлүк: Балага ар бир тамактануу учурунда түрдүү тамактар ​​берилиши керек.
  • Жаныбар тектүү азыктар (эт, жумуртка жана сүт азыктары) абдан маанилүү. Балага жакшы бышырылган майсыз уй эти, кой эти, тоок эти, үндүк, коен эти жана балыктын майдаланган этин бериңиз.
  • Жаныбар тектүү азыктарды мүмкүн болушунча эрте жана мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалана баштаңыз. Жакшылап кайнатыңыз жана майда туураңыз.
  • Бышырылган жашылчалардан даярдалган пюре кошуңуз: сабиз, шалгам, ашкабак, кабыкча, капустанын ар кандай түрлөрү (түстүү, ак капуста) помидорду колдонуңуз, боткого ар кандай жашылчаларды айкалыштырсаңыз болот.
  • Жакшы куурулган жана майдаланган төө буурчак (сөзсүз кабыгын сыйрып алуу керек)
  • Жумшак жемиштерден жасалган пюре кошуңуз: банан, алма, алмурут, шабдалы, бирок балаңыз жемиштер менен гана тамактанып жатпаганына көз салыңыз.
  • Кошумча аш болумдуу шам-шумдарды ​​(тамактануу аралыгындагы кошумча тамак) күнүнө бир же эки жолу сунуштаса болот, мисалы, бышкан мөмө-жемиш же жашылчанын кесимдери.
  1. Мээримдүү тамактандыруу: Сабырдуу болуңуз жана балаңыздын тамактануусун активдүү колдоңуз. Берилген тамак-ашты баланын жегенине ынануу үчүн өзүнчө табакты колдонуңуз.
  2. Тазалык: Гигиенаны (тазалык) сактоо ич өткөктөн жана башка оорулардан коргонуу үчүн абдан маанилүү. Балага тамак же суюктук берүү үчүн таза кашыкты же чыныны колдонуңуз. Балага бериле турган тамак-ашты коопсуз жана таза жерде сактаңыз. Тамак-аш даярдоодон жана балага тамак берүүдөн мурун колуңузду самындап жууңуз. Тамактанардан мурун балаңыздын колун жууңуз. Дааратканадан кийин, гигиеналык процедураларды жүргүзүп жана баланын астын жуугандан кийин колуңузду самындап жууңуз.

Берилбей турган азыктар

  • Уйдун, эчкинин нак же сууга аралаштырылбаган сүтүн ичүүчү суюктук катары бербеңиз.
  • Буламык даярдоо үчүн сүттү 1:1 катышында кайнак сууга аралаштырылган түрүндө кошууга болот.
  • Өндүрүштөн чыгарылган жемиш жана цитрус ширелеринен алыс болуңуз; таттуу ширелер
  • Баланын тамагына шекер, бал; туз же татымалдарды кошпоңуз;
  • Бүтүн жаңгактарды бербеңиз ​​
  • Чайдын эч кандай түрлөрү (кара, жашыл, чөп чай).

9-айдан 12-айга чейин көпчүлүк балдар өзүнчө тамактанып жана чыныны эки колу менен кармап жетишерлик эптүүлүк менен иче алышат. Бөбөктүн көз карандысыздыгын колдоңуз!

Эгерде бала дароо эле жаңы тамакты кабыл албаса, анда аны дароо эле токтотуп койбоңуз. Чыдамдуулук менен аркет кылыңыз; кээде анын жытына жана даамына көнүү үчүн балага бир канча жолу сунуштоо керек.

Тамактандыруу сабырдуулук, жылмаюу, колдоо жана баланын керектөөлөрүн сыйлоо менен коштолсо, сиз балага үйрөнүүгө жана көндүмдөргө ээ болууга түрткү бересиз, ал эми тамактануу убактысы ырахат алуунун жагымдуу убактысы болуп калат.