Минималдуу диеталык ар түрдүүлүк

Ар бир үй-бүлө балдарынын өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүүнү каалайт. Каржы же турак жай шарттарынын начардыгы, үй-бүлөнүн көлөмү же күтүүсүз жана өзгөчө кырдаалдар туура тамак-аш менен камсыздоону жана ымыркайга тамак даярдоону кыйындатат.
Body

Бул жерде балаңызга керектүү тамактарды берүү боюнча бир нече кеңеш бар. Кээде ал гана эмес рационго кичине толуктоо киргизүү дагы балага абдан пайдалуу болорун эстен чыгарбоо керек.

  • Баланын пюресине кайнатылган бышкан жашылчаларды эзип, бир чай кашык май кошуңуз.
  • А витамини баланы инфекциялардан коргойт жана көрүүнүн өнүгүшүнө жакшы таасир этет. Эне сүтүнөн тышкары ал кочкул жашыл жалбырактуу жашылчаларда (баланын пюресине шпинаттын же ышкындын бир нече жалбырагын кошуңуз), кызгылт-сары жана сары жемиштерде же жашылчаларда, жумурткада, сүт азыктарында кездешет.
  • Төө буурчак же жумурткадан даярдалган пюре этти алмаштыра алат.
  • Балдарга физикалык жана психикалык жөндөмдөрүн жакшыртуу жана аз кандуулуктун алдын алуу үчүн темирге бай азыктар керек. Темирдин эң жакшы булагы - жаныбарлардан алынган азыктар - жумуртка, эт, боор жана балык болуп саналат. Темирди жетиштүү пайдаланууну камсыз кылуунун дагы бир жолу - бул темир менен байытылган тамак-аш (кошумча же жасалма тамактандыруудагы балдар үчүн ботко же аралашмалар).
  • Балага күнүнө жок дегенде бир же эки жолу жаңы даярдалган бышкан тамак бериңиз, калган башка тамактар кургак жана жеңил болушу мүмкүн - жемиш, нан, печенье, банан.
  • Эне сүтү дагы идеалдуу "тез" тамак болуп саналат.

Эгерде сизге каржылык же башка жардам керек болсо социалдык иштер боюнча компетенттүү борборго кайрылыңыз.

Эгерде сизге медициналык кеңеш керек болсо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.