Балага тамак даярдоо – толук баалуу жана коопсуз тамак
Тамакты даярдоо боюнча негизги кеңештер:
- Балаңызга тамак жасаңыз.
- Даяр пюрелерди өзгөчө учурларда гана колдонуңуз (сапарга чыкканда, шашылыш иштерде).
- Даяр балдар тамак-ашында ашыкча жаныбар майлары, шекер же консерванттар болушу мүмкүн; даамы же консистенциясы табигый, жергиликтүү азыктардан айырмаланышы ыктымал; балаңызга тамактын табигый даамына көнүү маанилүү.
- Ымыркайлардын тамагына туз жана шекер кошпоңуз; эгер сиз бүт үй-бүлө үчүн тамак даярдасаңыз, туз, татымалдарды кошоордон мурун балага бере турган бөлүгүн бөлүп алыңыз.
- Сатып алган тамагыңыз туура таңгакталганын текшериңиз жана жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз. Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен тамакты колдонбоңуз.
- Жаңы азыктарды тандаңыз, алар мүмкүн болушунча аш болумдуулук касиеттерин көбүрөөк сактап кала тургандай кылып сактаңыз жана даярдаңыз.
- Жашылчаларды жана жемиштерди муздаткычта көпкө сактоо, көп бышыруу, көп суюктукта бышыруу витаминдердин сакталышына шарт түзбөйт.
- Жашылчаларды жана жемиштерди, айрыкча жерде жапыз өскөндөрдү, шорголоп аккан суунун астында жакшылап жууш керек. Жашылча жана жемиштердин кабыгын аарчыңыз (кабыгында витаминдер, пектин жана башка пайдалуу ингредиенттер эң көп камтылганы менен анын ичинде пестициддер жана башка химиялык заттар бар, алар өнөр-жай ыкмасы менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди тазалоого сөзсүз колдонулат).
- Мүмкүн болушунча дайыма жаңы жашылчалардан пюре даярдаңыз. Тондурулган жашылчаларды колдонсоңуз жаңылышпайсыз.
- Баланын өзүнүн идиштери болушу керек.
Тамак-ашты коопсуз даярдоо жана сактоо боюнча кеңештер
Тазалык
Колуңузду тамакка тийгизүүдөн мурун жана тамак даярдоо учурунда тез-тез жууп туруңуз. Тамак берерден мурун өзүңүздүн да, балаңыздын да колдорун жууңуз. Таза идиштерди колдонуп, тамакты таза жерге даярдаңыз. Ашканаңызды жана тамагыңызды курт-кумурскалардан, зыянкечтерден жана башка жаныбарлардан коргоңуз.
Чийки жана бышкан тамакты бөлүңүз
Чийки азыктарды, өзгөчө этти, даярдалган же бышырылбай турган тамактар менен аралаштырбаңыз. Чийки тамак үчүн бычак жана кесүүчү тактай сыяктуу атайын жабдууларды жана идиштерди колдонуңуз. Тамакты чийки жана даяр тамактын ортосундагы байланышка жол бербөө үчүн жабык контейнерлерде сактаңыз.
Тамакты жетишерлик көпкө бышырыңыз
Тамакты айрыкча эт, канаттуулардын эти, жумуртка жана деңиз азыктарын жетишерлик көпкө бышырыңыз. Сорпо жана дымдалган тамактар сыяктуу азыктарды кайнаганга чейин бышырыңыз. Эт жана канаттуулардын эти үчүн алардан чыккан ширелер кызыл эмес, тунук экенин текшериңиз. Бышкан тамакты жетишерлик жылытуу. Кайнатыңыз же тийүүгө өтө ысык болгонго чейин жылытыңыз. Жылытуу учурунда аралаштырыңыз.
Тамак-аш азыктарынын бактериологиялык коопсуздугуна кам көрүңүз
Жаш балдарга чала кайнатылган жумуртканы же чийки жумуртканы камтыган тамактарды (кремдер, балмуздак, майонез) бербегиле, анткени инфекция, айрыкча сальмонеллёз жугушу ыктымал. Пастерленбеген сүттү же кычкыл сүт азыктарын бербеңиз; сүт азыктарын муздаткычта сактаңыз жана жарактуулук мөөнөтүнө көз салыңыз.
Тамакты коопсуз температурада сактаңыз
Бышкан тамакты бөлмө температурасында 2 сааттан ашык сактоо сунушталбайт. Даяр болгон азыктарды муздаткычта, жабык идиштерде, 24 сааттан ашпаган убакытка сактоого болот. Сиз жаңы даярдалган пюрени кичине идиштерге тоңдурсаңыз болот, бирок үч жумадан ашык эмес. Тоңдурулган тамакты бөлмө температурасында эритүүгө болбойт.
Ар дайым баланын коопсуздугун ойлоңуз
Кээ бир тамак-аштар муундурушу мүмкүн болгондуктан балага коркунуч туудурат, ошондуктан аларды 4 жашка чейинки балдарга бербөө керек: жер жаңгак, бадам, фундук, уруктар, попкорн, каттуу момпосуй, бүтүн жүзүм, эттин чоңураак кесими, чийки жемиштер же жашылчалар.
Баланын чуркап, секирип же жатып тамактануусуна жол бербеңиз. Балаңызды оозундагы тамагы менен сүйлөбөөгө үйрөтүңүз.