Жатар алдындагы жагымдуу иштер

Жатар алдындагы жагымдуу иштер: бул эмне жана анын пайдасы кандай? Уктар алдындагы жакшы эреже бала уктаганга чейин 20 мүнөт мурда кандайдыр бир жагымдуу иштерди аткарышы керектигин божомолдойт. Уктар алдындагы мындай адат балаңызды тынчтандырып, уйкуга даяр болушуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле, балаңызга азыр жана келечек үчүн уктаар алдында жакшы адаттарды иштеп чыгууга жардам берет. Туура уктоо режими болбосо, баланын укташы кыйын болушу ыктымал. Эгер балаңыз уктар алдында тынчтанышын кааласаңыз, сизге туура режим жардам берет. Балдардын саламаттыгы боюнча адистер сиз көзөмөлдөп тынчтандыруу же атайын жөрөлгөлөр сыяктуу жүрүм-турум стратегияларын колдонсоңуз, уктар алдында дээрлик дайыма позитивдүү режимди сунушташат.
Body

Уктар алдындагы позитивдүү режим кандай болот?

Уктар алдындагы режим бир нече иш-аракеттерди камтышы мүмкүн. Тагыраагы, уктарга чейин 20 мүнөт мурда ар түнү окшош аракеттерди мүмкүн болушунча бирдей кайталоо керек.

Уктар алдындагы иш-аракеттердин көбү жуунуу жана тишти тазалоо сыяктуу көнүмүш иштерди, ошондой эле китеп окуу же жомок айтуу сыяктуу тынч жана жагымдуу аракеттерди камтыйт. Максат жакшы көӊүл бурууну жана мактоону колдонуу менен бейпил жана жагымдуу атмосфераны сактоодо.

Төмөндө кечки тамактан жана жуунгандан кийинки уктар алдындагы режимдин үлгүсү:

  • Балаңыз 15-20 мүнөт тынч ойнойт – бул убакта чогуу китеп окусаӊыз да болот.
  • Балаңыз менен уктоочу бөлмөгө барасыз.
  • Баланы кучактап өөп, төшөгүнө жаткырасыз.
  • Балаңызды уктатасыз.

20 мүнөттүк «жагымдуу мезгил» аяктагандан кийин балаңызга бейпил түн каалаңыз. Эгерде бала каршылык көрсөтсө же чыргоолонсо, туруктуу болуӊуз. Токтоо, жумшак үн менен уктоого убакыт келди деп айтып, дароо бөлмөдөн чыгып кетиңиз.

Алгач: уктоо убактысын тандоо

Алгач баланы кайсы убакта уктаткан жакшы экенин билип алганыңыз оң, кичинекей балдар үчүн көбүнчө саат 19:00дөн 20:00гө чейинки мезгил ылайыктуу.

Бирок, эгер балаңыздын тынчтануусуна жардам берүү үчүн күнүмдүк режим түзмөкчү болсоӊуз, анда балаңыз көбүнчө өз алдынча уктап кала турган убакытка жакын мезгилден баштаганыңыз жакшы. Бул уктоо режимин балаңыздын уктоо маалына тууралоого мүмкүндүк берет. Мисалы, балаңыз кечки саат 21:00дө сөзсүз уктап каларын билсеңиз, анда уктатуу үчүн убакытты ошол мезгилге белгилеӊиз.

Баланын чыныгы уктоо убактысын эӊ алгылыктуу убакытка жылдыруу

Уктар алдындагы позитивдүү режимди киргизгенден бир жумадан кийин акырындык менен балаңызды эртерээк уктата баштасаңыз болот.

Башкача айтканда, ар эки күндө 15 мүнөт эрте жаткырасыз. Ошентип, өзүӊүз туура деп эсептеген маалга жеткенге чейин уланта берсеӊиз болот.

Мисалы, балаңыз 21:00дө уктайт, ал эми сиз анын 20:00дө жатышын каалайсыз. Мында эмне кылуу керек:

1. Балаңызды кечки саат 20:45те уктатыңыз.

2. Эки күн катары менен ушинтиӊиз.

3. Кийинки эки күндө уктатуу убактысын кечки саат 20:30га жылдырыңыз.

4. Балаңыз сиз каалаган убакта уктаганга чейин акырындык менен мындай “жылдыруу” процессин уланта бериӊиз.

Бул бир нече жумага созулушу мүмкүн, бирок уктар алдындагы позитивдүү режим балаңыз оӊой тынчтанып, сизди түнкүсүн көп чакыра бербей, мамилеңдердин бекемделишине өбөлгө түзүлөт.