5-6 ай - Интенсивдүү изилдөө
Наристенин 5-6 ай аралыгында өнүгүүсү
Баарлашуу
Эмне жаңы?
Бул айларда наристеңиздин сиз менен интенсивдүү баарлашуусуна күбө болосуз. Анын булдурап , кобурап, үн чыгарып - көбүнчө үндүүлөрдү аааа, ээээ ...сыяктуу айтканын угасыз. Ошондой эле ал сөздөргө окшош үндөрдү чыгара алат ба-ба, га-га. Бул көбүнчө сиздин ага айткан сөзүңүзгө жооп болот. Ошондой эле ал сиздин үнүңүздү жана сиздин жүзүңүздөгү көрүнүштөрдү туураганга аракет кылышы мүмкүн. Ал өзүнүн атын же "жок" деген сөздөрдү таанып, ага жооп берүүгө үйрөнүп калат.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Күнүмдүк тиричиликте жасай турган көп нерсе бар. Наристеңиз менен баарлашып жатканда же ал сиз менен сүйлөшкөндө, аны угуп жатканда, көзүңүз менен байланышып, кубаттап туруңуз. Ортодогу баарлашуунун мүмкүн болушунча көпкө созулушу үчүн, аны жылмаюу менен же анын айткандарын кайталап, үндөп туруңуз.
Күн сайын наристеңиз менен сүйлөшүп туруңуз. Баарлашууну ар кандай жолдор менен кубаттаңыз - аны менен ырдаңыз, биргеликте журналдардагы сүрөттөрдү карап, дүкөндөрдүн терезелерин жана афишаларын көрсөтүп, аларды сүрөттөп, жөнөкөй китептерди үн чыгарып окуп, же аңгемелерди айтып, кызыктуу үндөрдү жасаңыз (мисалы, мышык "мюу", уй "мөө" дейт). Наристеңиз бир нерсени караганда, ал көргөн нерсе жөнүндө сүйлөңүз. Наристеңизди эмизүүгө даярданып жатканда же тамак даярдап жатканда ("Азыр мен сага жемиш беремин") бир нерсе жөнүндө айтып туруңуз; ошентип ал бир аз күтүүгө жана чыдамдуулукка үйрөнөт. Сөздөр көп нерсеге жардам берет!
Сезимдер.
Эмне жаңы?
Ушул мезгилде, көпчүлүк наристелер тааныш адамдарды, мисалы, ата-энелерин, башка жакын үй-бүлө мүчөлөрүн жана тааныш камкорчуларды тааный башташат жана алар менен баарлашуудан ырахат алышат. Наристеңиз сооронууну жана жардамды ушул өзгөчө адамдарга таянууну үйрөнүп жатат. Ким тааныш, ким чоочун экенин билет - ал тургай бейтааныш адамдардан коркуп жатканын көрсөтөт. Наристеңиз сезимдерин так билдирүү үчүн үндөрдү колдоно алат. Ал кыйкырык же башка жагымдуу үндөрдү чыгарып, кубаныч менен сүйүнүчүн ачык айкын көрсөтө алат. Ошондой эле ал үндөрдү колдонуп катуу нааразычылыгын, ачуулануусун же бир нерсени жактырбаганын билдире алат.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Наристе сиздин эмоционалдык жардамыңызга муктаж. Ошондуктан, айрыкча чоочун адамдар жүргөндө, анын жанында болгонуңуз маанилүү. Ага жакын болуп, аны кучактап, жылмайып, аны жаңы адамдар менен тааныштырып жатканда сооротуучу үн менен сүйлөшүңүз. Ошентип, ал жаңы байланыштарды түзүүдө өзүн коопсуз сезет. Наристеңиздин маанайын таанып билиңиз. Ал кубанса, иш-аракетти уланта бериңиз. Эгер ал капа болсо, анда бир аз тыныгып, аны сооротуңуз.
Ой жүгүртүү.
Эмне жаңы?
Анын талыкпаган изилдөөсү анын ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүүгө жардам берет. Ал айланадагы нерселерди жана көрүнүштөрдү кызыгуу менен карап жатат. Эгерде бир нерсеге жетпесе, ал андан да көп нерсени изилдөө үчүн, ага жетүүгө аракет кылат. Ал буюмдарды бир колунан экинчи колуна өткөрүп, буюмдарды оозу менен изилдей башташы мүмкүн.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Наристеңиз изденүүнүн көптөгөн жолдорун табат, бирок сиз ага оюнчуктарды же башка буюмдарды колдонуунун ар кандай, кызыктуу жолдорун көрсөтсөңүз болот: аларды колдон колго өткөрүүнү, силкүүнү, чапкылоону, ыргытууну. Айрыкча, балаңыз оозуна салуу менен изилдеп жатканда, коопсуздугун эске алыңыз. Сиз дагы жаңы өзгөрүүлөрдү көрүү үчүн күзгүнүн алдында активдүү оюндарды сынап көрсөңүз болот!
Наристеңиз бир нерсени таштап жиберсе, аны алып, ага кайтарып бериңиз. Бул ага себеп-натыйжа жөнүндө билүүгө (“эгер мен муну жасасам, анда ушундай болот) жана ошондой эле анын айланасындагы мейкиндик жөнүндө ойлонууга жардам берет.
Кыймыл аракет.
Эмне жаңы?
Бул мезгилде наристеңиз башын өз алдынча көтөрүп, кармап турушу мүмкүн. Балким, сиздин көмөгүңүз менен, же өз алдынча эле бир нече убакытка чейин отурган абалда болушу мүмкүн. Ал бир жагынан экинчи жагына оодарылат. Мунун баары наристеңизге дүйнөгө жаңы көз караш берет - эми ал чалкасынан жатып көрө албаган нерселерди көрө алат. Эми өзүнүн абалын өзгөртө алганы үчүн, ал барган сайын айлана-чөйрөдөгү көп нерсеге кызыга баштайт. Ал курчап турган нерселерди кылдаттык менен карайт, эгер алар кыймылдаса, аларды көзү менен ээрчип карап жакшылап байкап турат. Бул мезгилде ал нерселерге колун сунуу көндүмүн өрчүтүп, колуна тийгенден кийин, аларды оозуна салып же бир колунан экинчи колуна өткөрүп, изилдөө менен ыракат алат.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Күн сайын наристеңиз менен жерде ойноңуз. Күн сайын, күнүмдүк иш-аракеттериңизде, балаңызга айлана-чөйрөнү жана айланадагы кызыктуу нерселерди изилдөө үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү бериңиз. Аны ар кандай абалда жайгаштыруу менен айлана-чөйрөнү түрдүү жолдор менен көрүүгө уруксат бериңиз. Сиз наристеңиздин сүйүктүү буюмун бир аз алысыраак жерге жайгаштырып, ага жетүүгө түрткү берсеңиз болот. Ал кандай коопсуз, жөнөкөй буюмдарды изилдей алаары жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Ал эмнени көтөрүп, тийип, оодарып коё алат? Мунун бардыгы анын кыймыл жөндөмүн өркүндөтүп, дүйнөнү таанып билүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Наристенин өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.
5-айдан 6-айга чейинки мезгилдеги ата-энелердин өнүгүү боюнча көйгөйлөрү
Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин наристеңиз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге наристеңиз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.
Ошентсе да, эгерде наристеңизде өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка кыжалатчылыктар болсо, анда педиатрыңыз (же башка медициналык адис) менен сүйлөшүңүз:
• наристеңиз үзгүлтүксүз узак убакыт бою ыйлап, сооронбойт
• сиз менен көз аркылуу контакт кылбайт же кыймылдаган нерселерди көзү менен ээрчип карабайт
• кобурабайт, үн чыккан жакка бурулбайт
• күлбөйт же кыйкырбайт
• оодарылбайт
• мойнун жана башын башкара албайт
• сиздин жардамыңыз жана колдооңуз менен дагы отура албайт
• көмөктөшкөн учурда деле буюмдарга таптакыр жетпейт.
• жете турган нерселерди алууга аракет кылбайт
• оозуна бир нерселерди жеткирүү кыйынга турат.
Reference:
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/5-6-months
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/6-7-months
Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon
Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.