Бала үчүн оюндун пайдалуулугу эмнеде?
Түзүмдөштүрүлгөн оюндар – бул таптакыр башкача. Анын алдын ала уюштурулуп, өзүнүн макулдашылган эрежелери бар, мындай оюндарды көбүнчө чоңдор (үй-бүлөдө) башкарат. Мисалдар: стол оюндары, спорттук, ролдук оюндар, пазл ж.б.
Бала чоңойгон сайын анын ойногону да өзгөрөт: оюнчуктар, оюндун түрлөрү алмашат, курдаштары жана чоңдор менен кошулуп ойной баштайт, оюн үчүн орун да көбүрөөк керек болот.
Бала оюнду кандайдыр бир изилдөө, айкалыштыруу, жөнөкөй нерселерди жаңыча колдонуу мүмкүнчүлүгү деп түшүнөрүн, аз убакыт болсо да ар ким (ашпозчу, астронавт, коён, аюу ж.б.) болуп көрүү деп билерин экенин ата-энелер эсинен чыгарбашы керек. Бул жагынан алганда, оюн макулдашылган, атайын бөлүнгөн убакытта боло турган пландуу иш эмес. Бала ойноп жашайт, дүйнөнү өздөштүрөт.