3-4 ай - Ар түркүн таасирлер

Эгер мен айта алсам... «Бул сиздер, менин кымбаттуу ата -энем. Мен сиздин бул жерде экениңизди билгем, бирок азыр сизди жакшы көрүп турам. Мен сизге жылмайып жатам жана сиздин жүзүңүздүн мага жылмайганын көргөндү жакшы көрөм. Мен сизди көпкө чейин изилдей алмакмын. Мен сиздин үнүңүздү угууну жана сиздин колдоруңуздун тийгенин жакшы көрөм. Мен сиздин жылмаюуңуздан, үнүңүздөн жана кыймылыңыздан шыктанам. Анын сыңарындай, менин жылмаюум, үнүм жана кыймылым сизге дем берет. Мага бир нерсени көрсөткөнүңүз жагат, айрыкча ал кыймылдаса. Ошондо менин колум ага жетет. Мен азыр ушинтип үйрөнүп жатам - мен объекттерди карайм, аларга жетүүгө аракет кылам жана аларды оозума салууга аракеттенем. Кээде коркуп же ачууланам, бирок сиз бул жердесиз жана мени кантип сооротууну билесиз".

Баланын 3-4 айлык мезгилиндеги өнүгүүсү 

Баарлашуу

Эмне жаңы? 

Алгачкы эки айда сиз бири-бириңизди жакындан таанып, күнүмдүк тартипти чогуу түздүңүз.  Эми сиз ымыркайыңыздын баарлашуунун жаңы ыкмаларын өздөштүргөнүн жана сезимдер жөнүндө көбүрөөк билип жаткандыгын көрө аласыз. Ыйлоо дагы эле болсо анын эң маанилүү белги берүү ыкмасы болсо да, катуу ыйлоо мезгили акырындап аяктайт, анткени эми балаңыз сиз менен ар кандай жолдор менен баарлашууга аракет кылат. Мисалы, сиз анын өзүнө жаккан нерсени көргөндө же ага жаккан нерсе болсо анын жылмаюусун, атүгүл катуу күлкүсүн көрө аласыз.  Ал улам кобурап же "агыы-агууу" сыяктуу үндүү добуштарды чыгарып силерге жооп берүүгө аракет жасайт!  Ал үн чыгарганды жакшы көрөт, андыктан аны жөн койгондо да анын кобураган  үнүн уга аласыз.  Кээде ал уккан үндөрдү туурайт.  Ал чындыгында азыр сүйлөшүп жатат!

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Сиз аны менен кубанып сүйлөшүп отурсаңыз, ал кунт коюп угат, кээде сиздин үнүңүздү кайталоого аракет кылат.   Ошондуктан муну тез-тез жасап туруңуз.  Ымыркайыңыз менен сүйлөшүп, анын жообун сөзсүз угуңуз.  Ал үн чыгарганда, сиз аны укканыңызга кубанып жана толкунданып жатканыңызды көрсөтүңүз.  Ошондой эле, анын айрым кобураган үндөрүн туураганыңызды угуп, ырахат алат.  Ымыркайыңызга ырдап берүү, жомок айтып берүү же аны менен чогуу китеп көрүү сыяктуу тынч ойноого убактыңызды бөлүңүз.

Сезимдер

Эмне жаңы?

Ымыркайыңыз  жүздөргө суктанууну улантууда.  Ал аларды кылдаттык менен жана узак убакытка чейин байкай алат.  Ал сизге ушунчалык кызыгат, ал сиздин жылмайганыңызды, атүгүл кабак түйгөнүңүздү туурай алат. Ушул мезгилдин аралыгында, ал сиздин айткандарыңызды сиздин жүзүңүз менен айкалыштыра баштайт. Эми ал өзүн караган адамдардын үнүн таанып, аларды укканда башын буруп карай алат.   Ушул айында анын өзгөчө адамдарга жөн жай эле жылмайганын көрө аласыз.   Ошондой эле, балаңыз адамдар менен ойногонду жакшы көрөрүн байкайсыз.  Азыр адамдар анын сүйүктүү оюнчугу- деп айтса болот!

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Аны менен сүйлөшүп же угуп жатканда, ар дайым анын көзүнө караңыз.  Ага сиздин жүзүңүздү көрүүгө көп мүмкүнчүлүк бериңиз. Ага жылмайып, аны туураганды жактыраарыңызды көрсөтүңүз. Аны кучактап, эркелетип, жылмайып, баланын тили менен сүйлөшүп, аны менен баарлашып, ырдап, ага күн сайын көңүл буруңуз. Ымыркайга жаккан нерселерге көңүл буруп, анын муктаждыктарын канааттандырыңыз.  Муну менен сиз аны бактылуу кыласыз.

Ой жүгүртүү.

Эмне жаңы? 

Ал дүйнөнү өз колу менен таанып- билүүнү каалайт. Ушул мезгил ичинде, анын тегерегиндеги буюмдарга умтулуп баштайт, ал мыкчып кармаган нерселерди оозуна салууга аракет кылат. Ымыркай колу менен манжаларын көбүрөөк колдонуп жаткандыктан, сиз анын колуна суктанып карап, аларды өзүнүн эң кызыктуу оюнчугу катары көп колдонуп жаткандыгын байкай аласыз.  Бул мезгилде, ал кароо аркылуу үйрөнүп жатат.  Анын көздөрү кыймылдаган нерселерди байкап турат.  Албетте, ал адамдардын жүздөрүн жакшы көрөт, бирок аларды карап дагы үйрөнүп жатат.  Ал адамдарды, ошондой эле тааныш буюмдарды жакын турганда гана эмес, эми алар алысыраакта турса дагы тааный баштайт.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Ага ар кандай формадагы, текстурада жана түстөгү коопсуз буюмдарды түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен изилдөөгө уруксат бериңиз.  Аларга тийүү сезими менен да, даам сезүүсү менен да ырахат алсын.  Анын колуна кызыктуу буюмдарды берип, аларды кармоого жардам бериңиз.  Жашынмак сыяктуу оюндарды ойноңуз.

Кыймыл аракет.

Эмне жаңы?

Үчүнчү жана төртүнчү айда ымыркай баштын кыймылын жакшыраак башкара ала тургандыгын байкайсыз. Аны кучактап же жерге койгондо, анын башын жөлөп туруунун анчалык кереги жок. Сиздин ымыркайыңыз кыймылдын мүмкүн болгон жолдорун издеп жатат. Аны курсагына жаткырганда, ал башын көтөрүп, колдору менен таянып көтөрүлүшү мүмкүн.  Ошондой эле ал курсагынан аркасына(далысына) оодарылып алышы мүмкүн.  Ал эми жөн эле оюнчукту же башка нерсени кармабай, бир нерсени силкилдетип, алдында асылып турган нерсеге шилтей алат.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Ымыркайыңызга денесин ар кандай жолдор менен колдонууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү бериңиз. Кээ бир учурларда аны менен ойногондо жерге отуруп алыңыз. Ал кармап изилдей ала турган жөнөкөй күнүмдүк буюмдарды таап бериңиз. Балаңыз оозу менен дагы буюмдарды изилдеп көргүсү келет, бирок алар коопсуз нерселер болушу зарыл. Айрыкча кичинекей нерселерден этият болуңуз, тамагына туруп кептелип калышы мүмкүн.

Баланын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.

Ата-энелердин 3-айдан 4-айга чейинки мезгилдеги өнүгүүсүнө кооптонуусу

Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин балаңыз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.

Ошентсе да, эгерде балаңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка кыжалатчылыктар болсо, анда педиатрыңыз (же башка медициналык адис) менен сүйлөшүңүз:

•           Балаңыз көп ыйлайт, аны соорото албайсыз 

•           ал көзү аркылуу контакт жасабайт же адамдардын жүзүнө көңүл бурбайт 

•           ал кыймылдап жаткан нерселерди карабайт 

•           ал эч кандай үн чыгарбайт же үндөргө жооп бербейт 

•           ал башын туруктуу кармай албайт

•           ал алдында турган оюнчукка же буюмга жетпей жатат

•           ал оозуна бир нерсени алып келбейт.

References and comments

Reference:

https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/3-4-months

https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/4-5-months

Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon

Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.