Социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу: 3-6 ай
Наристелер сиздин жүзүңүздү көрүүгө, үнүңүздү угууга, жакындыгыңызды сезүүгө муктаж
• Наристеге карап, ага кайрылып сүйлөшүңүз, дене мүчөлөрүн атаңыз, ырдаңыз, жылмайыңыз. Жүзүңүздү ар кыл абалга келтирип, наристенин кандай реакция кылганын байкаңыз. Кээде алар сизди туурап калышат. Жалаяк алмаштыруу жана тамактандыруу сыяктуу тиричиликтер күнүмдүк мүмкүнчүлүктөр, аларды колдон чыгарбаңыз.
• Наристе менен сүйлөшүп, ырдап жатканда, сиздин үнүңүздү угуу мээ клеткаларынын ортосундагы байланыштын өрчүшүнө түрткү берет. Сиздин үнүңүз наристени реакцияга үндөйт - ал сизди кылдаттык менен карап, жылмайып, үн же дене кыймыл-аракети менен жооп берет. Андан ырахат алыңыз, наристе сиздин кубанычыңызды сезет. Сиз ойногон жагымдуу музыка, сиздин үнүңүздүн ордун баса албайт.
• Наристени колуңузга алып, кармап, кучактаңыз. Сиздин колуңузда болгондо, наристе мээримиңизди жана коопсуздукту сезет. Аны эркелеткенден коркпоңуз. Наристе жаныңызда өзүн коопсуз сезгенде, ал тынч жана кызыкдар, дүйнөнү жана жаңы таасирлерди изилдөөгө даяр.
Наристе билдирген сезимдерге байкоо салып, реакция кылыңыз
• Наристе сиздин сезимдериңизди жана реакцияларыңызды билет жана ал аларга жооп кайтарат. Бул экөө – наристенин эмоционалдык абалы жана сиздин реакцияңыз бир бүтүн нерсе. Сиздин реакцияларыңыз наристеге сезимдердин күчүн жөнгө салууга, ыңгайсыздыкты жоюуга жана сиз менен болгон мамиледе ишенимге ээ болууга жардам берет.
• Наристеңиз менен бирге болгондо, сезимдериңизди назик билдирип туруңуз, балаңыздын кайтарым мамилесин байкаңыз. Баладан көргөн сезимдерди атаңыз. Бала менен жүргөндө кубаныч көрсөтүп, балага аны канчалык сүйөрүңүздү айтыңыз.
• Наристеңиз сизди карап жатканда же сизди көздөй умтулганда байкаңыз, анткени ал сиз менен байланышууну каалап жатат. Буга жооп бериңиз. Сиздин реакцияларыңыз наристеге анын каалоосун түшүнүүгө жана сиз дагы аны түшүнүп жатканыңызды билүүгө жардам берет. Ошентип ал өзүн маанилүү, коопсуз жана сүйүктүү сезет.
• Кээде наристеңиздин маанайы начарлап же жагымсыз сезимдерге кабылат. Абалды жакшыртуу же себептерди жоюу үчүн сиздин колдооңуз жана жардамыңыз керек. Сиздин көтөрүмдүүлүгүңүз жана токтоолугуңуз, жумшак кыймылдарыңыз жана үнүңүз балаңыз үчүн чоң мааниге ээ.