Ый: ымыркайлар жана 0-8 жашка чейинки балдар

Ымыркайлардын жана балдардын айлаганы жөнүндө Баардык ымыркайлар ачка болгондо, чарчаганда, өздөрүн ыңгайсыз сезгенде, ооруганда ыйлашат. Кээде алар ата-энеси менен байланышка муктаж болгондо ыйлайт. Кичинекейлер жана чоӊураак балдар да көңүлү чөккөндө, кайгырганда же ачууланганда ыйлашы мүмкүн. Бирок кээде, айрыкча тили чыга элек болсо, ыйлап жаткан баланын эмнени каалап жатканын түшүнүш кыйын. Андыктан балаңыз ыйлаганда алгач эч бир жери оорубаганына көӊүл буруӊуз. Эгер күмөн санасаңыз, догдур менен байланышып, зарыл болсо, баланы көрсөтүүгө жазылыңыз. Эгер балаңыз башка себеп менен ыйлап жатса, анда өзүңүз эле сооротсоңуз болот. Ыйлап жаткан баланы эч качан кагып-силкпеӊиз, урбаңыз, эч жерин оорутпаңыз. Эгер сиз балаңызга зыян келтиришим мүмкүн деп ойлосоңуз, эч нерсе кылбай эле коюңуз. Ары басып, бир нече жолу терең дем алыңыз. Мүмкүн болсо жардам сурап кимдир-бирөөгө — жубайыңызга, жакыныңызга, досуңузга, кошунаңызга же адистерге кайрылыңыз.
Body

Ымыркайдын ыйы

Ымыркайлар ыйлоо жөндөмү менен төрөлөт. Ыйлоо – бул алардын негизги баарлашуу ыкмасы.

Болжол менен 10 ымыркайдын бири көп ыйлайт — “көп” дегенибиз күнүгө үч сааттан ашыкты билдирет. Бир жашка толгонго чейин ымыркайлар көбүнчө түштөн кийин жана кечинде ыйлашат. Мунун айынан сиз катуу жабыгышыӊыз мүмкүн.

Баланын мындай көп ыйлаган мезгили сиз ойлогондон да эрте өтүп кетиши ыктымал.

Бала ыйлап жатса эмне кылуу керек?

Биринчи кадам – балаңыздын ачка экенин, чарчаганын же өзүн ыңгайсыз сезип жатканын аныктоо. Балаңыздын ар кандай ыйы эмнени билдирерин тез эле айрымалап баштайсыз.

Бир нече пайдалуу ыкмалар:

  • Балаңызды коляскага же слингге салып, сейилдегенге чыгыңыз. Балаңыз ыйын токтотпосо да кээде жолдо баратып жабыгуу абалынан чыгуу оңой болот.
  • Балаңыз токтобой ыйлай берсе, жубайыңыздан, досуңуздан же тууганыңыздан жардам сураңыз. Жардам сурагандын эч айыбы жок.
  • Эгер баланы соорото албай кыйналып жатсаңыз, аны коопсуз жерге коюп, беш мүнөт эс алыңыз. Ымыркай бир нече мүнөт өзүнчө ыйласа эч нерсе болбойт, бул тыныгуу сизге күч-кубат берип, кырдаалды колго алууга жардам берет.

Ыйлап жаткан баланы сооротконуңузда, ал дүйнө сиз менен коопсуз жана ишенимдүү экенин билет. Ал сизге ишенип, азыраак ыйлайт.

Кичинекей балдардын ыйы

Кичинекей балдар ымыркайлар сыяктуу эле себептер менен ыйлашат. Ошондой эле кичинекей балдар көңүл калуу, уялуу же кызгануу сыяктуу жаңы жана татаал эмоцияларды жеңүү үчүн да ыйлашат.

Бала ыйласа эмне кылуу керек?

Эгер балаңыз дени сак болсо, анда төмөнкү кеңештер жардам берет:

  • Балаңыз чарчады деп ойлосоңуз, эс алдырыңыз. Тынчтанууга шарт түзүӊүз – музыка же жомок угуңуздар, өзүӊүз окуп бериңиз.
  • Эгерде бала уктар алдында ыйлап жатса, аны сооротуу абзел.
  • Эгер балаңыз ачууланса же туталанса, аны тынчтандыруу үчүн жарыгы күңүрт, коопсуз жерге алып барыңыз.
  • Эгер балаңыз капа болсо, бирге чечим табууга аракет кылгыла. Мисалы: “Кубиктен жасалган мунараң кулай бергенине капа болдуӊ. Кел, экөөбүз дагы бир жолу куруп көрөлү”. Эмоциясын айтканыңызда, абалын түшүнгөнүңүздү балаңыз аңдайт. Бул анын өзүн-өзү жөнгө салууга үйрөнүшүнө да жардам берет.
  • Эгер балаңыз жөн эле кежирленип жатса, сейилдеткени алып чыгып, көбүктүү ваннага түшүрүп же балдар үчүн музыканы коюп, чогуу бийлеп жагдайды өзгөрткөнгө аракет кылыңыз. Ошондо капаланганы кантип жок болуп кеткенин байкабай да каласыз.

Мектепке чейинки курактагы жана мектеп жашындагы балдардын ыйы

Балаңыз сүйлөгөндү үйрөнгөндө, эмне үчүн капа болгонун жана эмнеге муктаж экенин айтуу үчүн сөздөрдү оӊой колдонот. Сезимдер жөнүндө да сүйлөшүү оӊой болот.

Мектепке чейинки курактагы же мектеп жашындагы бала ыйлап жатса эмне кылуу керек?

Эгер балаңыз дени сак болсо, анда төмөнкүлөрдү байкап көрүңүз:

  • Балаӊыздын сооронушуна мүмкүнчүлүк берип, анан эмнеге мынча капа болгонун сураңыз. Анын сөздөрүн кайталоо менен баланы чын ыкластан угуп жатканыңызды көрсөтүңүз. Мисалы: “Алмаз сени менен ойнобой койгонуна капа болдуңбу?” – деп сураңыз.
  • Балаңызга кырдаалдан кантип чыгуу жолдорун сунуштаңыз. Мисалы: “Балким, Арстан менен ойноорсуң?” – деӊиз.
  • Балаңыз кээде, мисалы, кайгылуу бир нерсе болгондо же жабыркаганда ыйлаганы кадыресе нерсе экенин түшүнүүсү маанилүү. Мисалы: “Ой, эгер мен да башымды ушинтип уруп алсам, ыйламакмын”.

Балаңыз көпкө чейин ыйлап, капаланып жаткандай сезилсе, доктур менен кеңешиңиз. Балким, достор же кошуналар да жардам берип калар.

Балдар да, чоңдор да олуттуу жоготууга учураганда же кайгырганда ыйлап, жеӊилдеп калышы мүмкүн. Балаңыз бул сезимдерин сизге билдиргенде, угууга аракет кылыңыз. Ошол эле учурда аны сооротуп, мындай сезимдерди бардык адамдар баштан өткөрөрүн айтып ынандыруу зарыл.

Ый: сиздин сезимдериңиз

Ымыркай же кичинекей балдардын ыйлаганы — ата-энелер адистерге көп кайрылган себептердин бири.

Балаңыз көп ыйласа, көңүлүңүз катуу чөгүп, алтургай өзүңүздү бактысыз да сезишиңиз мүмкүн. Эгер сиз ушундай сезимдерге тушуксаңыз же балага зыян келтирем деген ойлор пайда болсо, дароо жардам сурап кайрылыңыз.

Эгер сиз жашаган аймакта ата-энелердин ишеним телефону же жергиликтүү ата-энелерди колдоо кызматы бар болсо, алар менен байланышыӊыз.

Баланы багуу милдетин башка бирөө өзүнө убактылуу алса жакшы болот. Мүмкүн болсо, жубайыңыздан жумуштан сурануусун өтүнүңүз. Досуңузду же тууганыңызды жардамга чакырыңыз.

Ата-эне болуу, айрыкча бала көп ыйласа, чынында эле оор. Өзүңүзгө тыныгуу берүү жана жардам суроо — бул өзүңүз жана балаңыз үчүн жашоону жакшыртуунун позитивдүү ыкмалары.

Балдарыңдын көзүнчө ыйлоо

Бала сиздин эмоцияларыңызды көргөндө, чоңдор да адам экенин жана сезимдери бар экенин түшүнөт.

Бирок, эгер сиз көп ыйласаңыз же эмнеге ыйлап жатканыңызды түшүнбөсөңүз, депрессиядан арылуу үчүн адиске кайрылышыңыз керек болот.