Балдардын өзүн өзү жөнгө салуу көндүмдөрү

Өзүн-өзү жөнгө салуу төмөнкү көндүмдөрдү камтыйт: дүүлүгүү, көңүл калуу сыяктуу эмоциялык абалдарды таануу жана жөнгө салуу жөндөмү; толкунданткан же кабатыр кылган окуядан кийин тынчтануу жөндөмү; белгилүү бир ишке көңүл топтоо жөндөмү; бир иштен башкасына өтө билүү жөндөмү;  импульстарды башкаруу жана муктаждыктарды кийинкиге калтыруу жөндөмү коомдук жүрүм-турумду үйрөнүү жөндөмү.
Body

Өзүн-өзү башкаруу жөндөмдөрү төмөнкү учурларда зарыл:

  • үйрөнүү үчүн (мисалы, мугалимге жана тапшырмага көңүл буруу жөндөмү);
  • башкалар менен болгон мамилени жөнгө салуу (мисалы, курдаштары менен мамилеси баланын биргелешкен оюндарга катышуу, кезектешип ойноо, оюндун эрежелерин же берилген алгоритмди, көрсөтмөлөрдү аткарууга, өз сезимдерин алгылыктуу түрдө билдирүү жөндөмүнө жараша болот);
  • алгылыктуу жүрүм-турумун көрсөтүү (өз импульстарын башкара билүү жана кээ бир муктаждыктарын кийинкиге калтыруу);
  • көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн (чечим кабыл алуу жана жүрүм-турумун башкаруу);
  • стрессти жана күчтүү терс эмоцияларды ийгиликтүү жеңүү үчүн.

Өзүн-өзү жөнгө салуу баланын наристе кезинен эле өнүгө баштайт: ымыркайлар тынчтануу үчүн бармактарын сорушат же сиз менен баарлашуудан чарчаганда көзүн ала качат. Бирок баланын өзүн-өзү жөнгө салуусу ал эки жашка чыккандан кийин жана андан ары бойго жеткенге чейин абдан интенсивдүү түрдө өнүгөт. Ошентип, 3 жашка чейинки балдар тамак-ашка болгон муктаждыктарын бир аз кийинкиге калтырып коюшу мүмкүн, бирок алар дагы эле оюн аянтчасында жактырган оюнчугун дароо кармап алышат же нааразы болсо жана көңүлү калса, дароо ачууланышат.

3 жаштан 6 жашка чейинки балдар тажрыйба аркылуу өздөрүнүн оюн жөндөмүн өркүндөтүшөт: курдаштары менен ойноп жатып, алар өздөрүнүн каалоолорун жана идеяларын башка балдар менен жакшы макулдаша алат. Мындан тышкары, мисалы, кинотеатрда отурганда шыбырап сүйлөшүү сыяктуу жүрүм-турум эрежелерин сакташы мүмкүн. Ошол эле учурда алар үчүн белгилүү бир ишке толугу менен көңүл топтоо же ачуулануу, көрө албастык сыяктуу күчтүү сезимдери менен күрөшүү кыйынга турат. Балдар мектепке бара баштаганда башка адамдардын көз карашын жакшыраак түшүнүп, кабыл ала башташат, өз оюн талашканды үйрөнүшөт. Окуучулар макул эместигин урушпай эле билдире алышат. Балдар кандайдыр бир эрежелерди, оюндун шарттарын, өз ара аракеттенүүгө, макулдашканга үйрөнүшөт же жарым-жартылай билишет, алар жол бошотуп, чыдамкай жана сабырдуу боло алышат.

Өзүн-өзү жөнгө салуу жөндөмү жылуу, колдоп-кубаттоочу мамилелер аркылуу өнүгөт, ошондуктан:

  • балаңыз менен анын кандай сезимде экени жөнүндө сүйлөшүңүз жана ошол сезимдер менен байланышкан жүрүм-турумун бирге карап көрүңүз (мисалы, алар эмне үчүн ачууланды, андан кийин кандай иш-аракет жасашты, анын ордуна дагы эмне кылышы мүмкүн эле?);
  • бала күчтүү эмоция (көбүнчө коркуу же ачуулануу сезими) менен күрөшкөндө, ал кандай сезим экендигин айтууга жардам бериңиз. Мындай сөздү бала тынчтанганда баштаган туура;
  • балаңыздын тынчтануу жолдорун табышына жардам бериңиз жана ал күчтүү сезимдер менен күрөшүп жатканда өз жардамыңызды сунуштаңыз;
  • балаңызга үлгү болуңуз, бир нерсеге капа болсоӊуз же көңүлүӊүз калса, өзүӊүз эмне кыларыӊызды талкуулаңыз;
  • жетишкендиктерин байкап, баланын өзүн-өзү жөнгө салуудагы ийгилигин мактап, баса белгилеп туруңуз (“Бүгүн сен кезектешип сонун ойнодуң, бир баладан оюнчук сурап, анын ойноп бүтүшүн күткөнүң мага абдан жакты”);
  • баланын жашына жана жөндөмүнө жараша талаптарыӊызды өзгөртүүгө аракет кылыңыз; ушундай жол менен сиз анын туш болгон көйгөйлөрдү кантип чечүүнү үйрөнүүсүнө жардам бересиз;
  • сабырдуу болуңуз: кичинекей балдар үчүн алардын сезимдерин түшүнүү жана алардын агымы менен күрөшүү дагы да болсо кыйын.

Кайсы учурларда тынчсыздануу керек?

Балаңыздын өзүн-өзү жөнгө салуу менен байланышкан айрым иш-аракеттери тууралуу адистен кеӊеш суроого туура келиши мүмкүн. Мындай кадамга төмөнкү учурларда барыңыз:

  • сиздин балаңыз тез-тез ачууланып, күчтүү сезимдерин башкара албай кыйналса;
  • балаңыз чоңойгон сайын күчтүү сезимдер менен күрөшүүсү оорлошо берсе;
  • балаңыз күчтүү эмоцияларга алдырганда, жүрүм-туруму өзүнө же башкаларга коркунуч келтириши мүмкүн болсо;
  • балаңыздын жүрүм-турумун жана реакциясын башкарууга мүмкүндүк бергидей жакшы ыкманы таба албасаӊыз;
  • балаңыз абдан түнт болуп, өнүгүү жагынан курдаштарына салыштырмалуу коомго жакшы аралаша албай калса.