Мектепке чейинки курактагы баланын адаттагы жүрүм-туруму (3-6 жаш): Эмнени күтүү керек?

Балдарга жетиштүү убакыт берүү абдан зарыл: сейилдөөгө же белгиленген жерге эрте барыңыз, ошондо бала бардыгын өзүнө ыӊгайлуу темпте, кыйналып-кысталбай изилдейт. Мындан тышкары, бул курактагы балдар жүрүм-турум жагынан да, чечим кабыл алуу жагынан (мисалы, досуна туулган күнүнө эмне белек кылуу керек, бала бакчага эмне кийүү керек, күндүз кайда сейилдөө керек дегенде) да көбүрөөк өз алдынча болууну каалашат. Сиздин колдооңуз, мактооңуз, жакшы көңүл бурууңуз баланын өзүнө болгон ишенимин, жеке коопсуздук сезимин бекемдөөгө жардам берет. Сиздин жаныңызда турганда баланын бар көндүмдөрүн бекемдөө, жаңыларын өнүктүрүү, сынчыл ой жүгүртүү жана ар кандай кырдаалга ийкемдүү мамиле жасоо мүмкүнчүлүгү болот.
Body

Бул куракта оюн абдан мазмундуу жана чыгармачыл нукта болот. Оюндун жүрүшүндө бала күн сайын кездешкен кырдаалдарды билгичтик менен изилдеп, башынан өткөрөт; адамдын жүрүм-турумун жаныбарларга, оюнчуктарга салыштырат; ар кандай мамилени жана жүрүм-турумду талдап, оюнда ал боюнча жыйынтык чыгарат – ар кандай жыйынтыктарын оюнан чыгарат, сезимдерин, эмоционалдык мамилелерин жана башка көптөгөн нерселерди туурап көрсөтөт.

Бул куракта балдар өтө тездик менен үйрөнүшөт. Кадимки үй жумуштары кыздардын да, эркек балдардын да өнүгүүсүнө жана ар бир нерсени (мисалы, тамак жасоо: камыр жууруу, дандарды себүү, сууну, ширени ар кандай идиштерге куюу, идиш-аякты пайдалануу көндүмдөрүн өнүктүрүү; дасторкон жаюу; соода кылуу, эс алууну пландоо, конокко баруу жана баарлашууну) окуп-үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жерде ийгиликтин ачкычы – баланын катышууга болгон каалоосу, ага жакшы көңүл буруу, башкача айтканда, баланын тажрыйбасын колдоо жана өнүктүрүү; катышуусу, кызыгуусу, тапкычтыгы жана эпчилдиги үчүн мактай билүү, иш-аракеттериндеги жана буюмдарды колдонуудагы катачылыктарына көз жуумп, баланын кызыгуусун эмоционалдык жактан колдоо.

Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн үй-бүлөдөгү милдеттери, аларды бөлүштүрүү зарылчылыгы жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандыруу, кам көрүү, жардам берүү каалоосун ойготуу, алардын сүйүктүү оюнуна кызыгуусун арттыруу маанилүү. Мында апа менен атанын, чоң ата менен чоң эненин ролу өзгөчө.

Бул курактагы балдардын курдаштары менен бирге ойноп жүрүшү абдан пайдалуу. Айрыкча аралаш топтордо (ар кандай курактагы топтор) курдаштары менен ойноо өзүн жана дүйнөнү, адамдар арасындагы мамилелерди изилдеп, үйрөнүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол себептен балдар ушул куракта бакчага бара баштаганы жакшы. Балаңыз бакчага, кыска нөөмөттүү окуу жана өнүктүрүү борборлоруна ж.б. барганда, ал өзүнүн жаңы ролун, жаңы тартибин түшүнүп кабыл алуу, чоңдор жана курдаштары менен таанышуу жагынан сиздин колдооңузга муктаж болорун эсиңизден чыгарбаңыз. Үйдө бала алган оң көндүмдөрдү жана жетишкендиктерди бекемдөө зарыл.

Мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, баланын көчөдө, оюн аянтчасында курдаштары менен, мектепке чейинки курактагы достору жана кошуналары менен баарлашуусуна шарт түзүү зарыл. Биргелешкен оюндар жана иш-чаралар балаңыздын жаш курагына ылайык социалдашуусуна мүмкүндүк берет.

Бул куракта балаңыз абдан күчтүү эмоцияларды башынан өткөрөт, алар тез өзгөрөт жана бала дагы да болсо сезимдерин түшүнүүгө жана башкарууга үйрөнүп жаткан болот. Демек, бала үчүн оор кырдаалдарда: капаланып, коркуп же ачууланганда өзүнүн жүрүм-турумун жөнгө салуу дагы эле кыйын болушу мүмкүн. Сиз бул чоң жана маанилүү ишти аткаруусу үчүн анын сезимдери жөнүндө ачык сүйлөшүү: ар кандай сезимдерди билдирүү жана айтуу, ошондой эле баланын жана анын курдаштарынын сезимдерин түшүндүрүү жана атоо менен жардам бере аласыз.