Үй-бүлөлүк эрежелер

Үй-бүлөлүк эрежелер: бул эмне үчүн маанилүү Үй-бүлөлүк эрежелер – бул үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнүн ортосунда кандай мамиле боло тургандыгы жөнүндө макулдашуу жана белгилүү бир эрежелерди орнотуу. Эрежелер балдардын үй-бүлөдө кандай жүрүм-турум алгылыктуу жана эмнеге жол берилбестиги тууралуу билишине жардам берет. Эрежелер чоңдорду балдар менен болгон мамилесин ырааттуу жүргүзүүгө жардам берет. Эрежелер үй-бүлөдөгү бардык адамдардын өз ара ынтымактуу болушуна мүмкүндүк берет. Үй-бүлөлүк жашоону бейпил жана тынч кылат.
Body

Жакшы үй-бүлөлүк эрежелер деген эмне?

Жакшы үй-бүлөлүк эрежелер балдардын жакшы жүрүм-турумун аныктайт. Алар:

  • кандай жүрүм-турумду күтөрүӊүздү так көрсөтөт — мисалы: “Биз бир нерсе сураганда “сураныч” дейбиз”.
  • балдарга түшүнүктүү — мисалы: “Үйдө биз акырын сүйлөшөбүз”.
  • балдарга эмне кылуу жана эмне кылбоо керектигин билдирет — мисалы: “Кийимиңди бүктөп кой”, “Шалаакы болбо”.

Балдарга эмне кылбоо керектигин үйрөткөн эрежелер да кээде зарыл. Алар эмне кылууну так түшүндүрүү кыйын болгон учурда ылайыктуу — мисалы: “Биз дүкөндө жүргөндө баарын сатып алууну сурана бербе” же “Чоочун кишинин машинесине отурба”, – деп айткан туура.

Үй-бүлөлүк эрежелердин тизмеси узун эмес, кыска болгону жакшы. Айрыкча кенже курактагы балдар үчүн.

Ар бир үй-бүлөнүн эрежелери ар башка. Үй-бүлөдөгү эрежелер сиздердин көз карашка, баалуулуктарга, жагдай-шарттарга, балаңыздын жаш курагы менен муктаждыктарына жараша аныкталат.

Эрежелер эмнелерге тиешелүү

Эрежелерге негиз боло турган эң орчундуу маселелерди тандаңыз. Алар төмөндөгүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • өз ара мамиле. Мисалы: “Бири-бирибизге жумшак мамиле жасайлы”;
  • коопсуздук. Мисалы: “Автоунаада кур тагын”;
  • сылык-сыпаалык. Мисалы: “Башкалар сүйлөп бүткүчө биз эч нерсе дебей күтөбүз”;
  • күн тартиби. Мисалы: “Биз баарыбыз кечки тамакка дасторкон жаюуга жардам беребиз”;
  • бири-бирин урматтоо. Мисалы, “Бирөөнүн бөлмөсүнө кирерден мурда тыкылдатуу керек”.

Ар бир үй-бүлөнүн өз маданияты жана баалуулуктары бар, ошондуктан керектүү эрежелерди өзүңүз иштеп чыгасыз. Балдарыңыз эрежелер жашоонун бир бөлүгү экенин жана мектеп, коомдук транспорт жана спорт сыяктуу жашоонун ар кандай чөйрөлөрү жана тармактары үчүн да эрежелер бар экенин биле баштайт. Үй-бүлөлүк эрежелердин түзүлгөндүгү жана сакталгандыгы балдарыңызга башка жерлерде да эрежелерди сактоого жардам берет.

Эрежелерди түзүүгө кимдер катышат

Үйдөгү эрежелерди түзүп жатканда мүмкүн болушунча үй-бүлө мүчөлөрүн көбүрөөк тартуу абзел.

Эрежелерди талкуулоого үч жаштан жогорку балдар катыша алат. Балдар чоңойгон сайын эрежелер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга көбүрөөк катыша баштайт, ошондуктан аларды адилеттүү деп эсептеп, өздөрү сактоого аракет кылышат.

Эрежелерди жазып, көрүнөө жерге илип коюш керек. Бул баарын так түшүнүүгө шарт түзүп, кайсы иш-аракеттерге жол берилет же берилбейт деген талаштарды да алдын алат. Кичинекей балдар үчүн эрежелерди сүрөт түрүндө даярдасаӊыз болот.

Эрежелерди качан кайра карап чыгуу же өзгөртүү керек

Эрежелердин кандай колдонулуп жатканын текшерүү үчүн маал-маалы менен аларды кайра карап чыгуу абзел. Бул эң маанилүү эрежелерди эске салып туруу үчүн да керек.

Балдарыңыз чоңоюп калганда, үй-бүлөдө же коомдо кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгондо эрежелерди өзгөртүү керек болот. Мисалы, ата-эненин жумушка баруу убактысы өзгөрсө, үй жумуштарына жардам берүү боюнча башка эрежелерди орното аласыз. Пандемияга байланыштуу чектөөлөр өзгөрсө, балдардын башка балдар менен чогуу ойноо эрежеси да өзгөрүшү мүмкүн.

Эрежелерди сактоо: жаш курагы жана шык-жөндөмү ар башка болгон балдардан эмнени күтүү керек

Мектепке чейинки курактагы балдар

3-4 жаштагы балдардын сөз байлыгы көбү жөнөкөй эрежелерди түшүнүү үчүн жетиштүү болот.

Бирок бул куракта балдар дагы дале өзүн-өзү жөнгө салууну үйрөнүп жаткан болот. Ошондуктан кээде эрежелерди унутуп же этибарга албай коёт. Алардын эсине салып туруу керек. Мисалы: “Эсиңде болсун, биз отуруп тамактанабыз”.

Ал эми коопсуздук маселесине келгенде, албетте, эрежелер маанилүү, бирок кээде эрежени толугу менен сактоо мүмкүн болбой калат. Мисалы, сизде “Жолго жакын жүрбө” деген эреже болушу мүмкүн, бирок жол жакын болсо, дайыма балаңызга көз салып турганыңыз оң.

Кошумча муктаждыктары бар балдар

Мүмкүнчүлүгү чектелген же башка кошумча муктаждыктары бар балдары болгон үй-бүлөлөрдө ырааттуу эрежелер үй-бүлөдө баарына мамиле бирдей, бирок кимдир бирөөгө ыңгайлашуу жана жардам керек болушу мүмкүн экени түшүнүктүү болот. Мисалы, эгер сиздин үй-бүлөлүк эрежеңизде баарыңар бири-бириңер менен сылык сүйлөшөсүңөр деген эреже болсо, кошумча муктаждыктары бар балаңыз мындай күтүүнү аткаруу үчүн структураланган колдоого жана эрежелерди сактоо аракеттери үчүн кошумча мактоого муктаж болушу мүмкүн.

Балдар эрежелерди сактабаса эмне кылуу керек

Балдар эреже бузса, жөн гана эрежелерди эсине салып, өз алдынча түзөлүүгө мүмкүнчүлүк берсеңиз болот.

Мектеп жашына жакындап калган балдар эрежени тез-тез бузса, мунун кесепетин даанараак көрсөтүү керек. Баары туура түшүнүп, кабыл ала турган чаралар жөнүндө бүт үй-бүлө менен алдын ала сүйлөшүп алган жакшы.