Ымыркайлардын жана жаш балдардын сизди тынчсыздандырган жүрүм-туруму: тартынчаактык

Кичинекей балдар ата-энесинин артына жашынып, курдаштары же чоңдор менен ойноодон баш тартып, же бейтааныш адамдардын сөзүнө жооп бербей коюшу мүмкүн. Бала көбүнчө башка адамдар менен бир аз убакыт өткөргөндөн кийин же жаңы жагдайга көнүп калганда сүйлөшө баштайт. Кээде уялчаактык толугу менен жок болбойт, бирок убакыттын өтүшү менен бала башка адамдар менен баарлашууда өзүн эркин жана ишенимдүү сезе баштайт.
Body

Эмне кылуу керек?

  • наристе же жаш бала өзүн ыңгайлуу сезиши, жаны абалга көнүшү үчүн убакыт бериңиз. Балаӊыздан бирөөнүн колуна барууну, өптүргөндү, кучактаганды, кол кармашканды же оозеки сүйлөшүүнү талап кылбаңыз;
  • мындай сезимдер боло берерин түшүнүшү үчүн балага жардам берип, ачык айтып, өзүн ыңгайлуу сезүүнүн жолун биргелешип таба алаарыңызды билдириңиз (мисалы: “Сен бир аз тартынып турасың, анткени бул балдарды тааныбайсың. Экөөбүз чогуу баралыбы, алар эмне ойноп жатканын көрөбүз?” – деп айтууга болот);
  • жаңы жагдайларда же өз ара аракеттенүүнү талап кылган кырдаалдарда (мисалы, оюн аянтчасында, оюн бөлмөсүндө) баланын жанында болуңуз. Ошол эле учурда балаңызга айланадагы бардык нерселерди — мейкиндикти, оюнчуктарды изилдөөгө жардам бериңиз. Бала тартынбай жооп бергенде, бирөөгө түз караганда, жаңы нерсени байкап көргөндө, башкалар менен баарлашканда, сизден алыстап, өзүнчө же бирөө менен ойногондо “коркпогондугу” үчүн дайым  мактаңыз;
  • токтоо жана сабырдуу болуңуз – балага карабай койбоӊуз, бирок ошол эле учурда көп соорото бербеңиз. Бул демейки эле жагдай экенин көрсөтүүгө аракет кылыңыз, бирок баланын ыңгайсызданганын түшүнүп жатканыңызды, анын жанында болоруңузду, жаңы жагдайга көнүүгө жардам берериӊизди билдириңиз. Бала сиздин башкаларга карата жооп мамилеӊизди, ыӊгайлашууӊузду жана жүрүм-турумуңузду (мисалы, бирөөнүн сөзүнө жооп бергениӊизди) байкап үйрөнүшү үчүн ага үлгү көрсөтүңүз;
  • ар дайым балаңыз тарапта болунуз. Эгерде кимдир бирөө аны уялчаак десе, дароо эле баланын көзүнчө: “Ал өзүн жайлуу сезип, баарыӊар менен таанышуу үчүн убакыт керек. Өзүн ыңгайлуураак сезээри менен ал дагы оюнга аралашат”, - жооп кайтарыӊыз Бул баланын ички абалын түшүнгөнүңүздү, туура кабыл алганыңызды жана бул кырдаалдан оӊой эле өтөрүнө ишенгениңизди билдирет.

 

Тартынчаактык кайсы учурларда көйгөй болот?

Кээде тартынчаактык ашыкча тынчсызданууга чейин жетиши мүмкүн. Эгерде баланын уялчаактыгы анык сезилип турса, бул сапат анын жана сиздин кадимкидей жашооңузга тоскоол болсо (кээ бир жерлерге ээрчитип бара албасаӊыз, байланышты талап кылган кырдаалдардан кача берсе, оюн аянтчаларында, оюн бөлмөлөрүндө коркуп, жалтактай берсе), убакыттын өтүшү менен деле бул адаты калбаса, анда адиске кайрылыңыз.