Ымыркайлардын жана жаш балдардын сизди тынчсыздандырган жүрүм-туруму: бейтааныш адамдардан коркуу
Эмне кылуу керек?
Өнүгүү процессинде бейтааныш адамдардан коркуу мезгилинин келиши күтүлгөн көрүнүш болсо да, сиз балаңызга ыңгайсыздыкты азыраак сезүүгө жардам бере аласыз.
Body
- Балаңыздын ыңгайсыз абалына көӊүл бурбай койбоӊуз. Бала учурда өзүнүн абалын сизге түшүндүрө албаса, ал ого бетер катуу ыйлашы мүмкүн.
- Башка адамдар менен тааныштырып жатканда балаӊызды колунан кармап же тизеңизге алып отуруңуз. Баланы жаңы адамдар менен тааныш жерде, мисалы, үйдө тааныштырыңыз.
- Эгерде бала жаңы адамдан жанында өзүн ыңгайсыз сезсе, аны тынчтандырып, ошондон кийин гана, мисалы, чогуу ойногонго аракет кылыңыз. Бала алгач жаңы көргөн адамдан сиз менен бирге алысыраак турсун.
- Сабырдуу жана жумшак болуңуз. Баланын башка адамдын колуна баруусун талап кылбаңыз. Чоңдор таарынат деп кабатыр болуунун кереги жок – бейтааныш адамдардан баланы колго албай эле турууну сураныңыз. Ал жаңы адамдарга көнүгө электигин айтып, бала көнүш үчүн жетиштүү убакыт бериңиз.
- Балаңызды жаңы адамдар менен тааныштырууда өтө толкунданбай, тынч абалда болуңуз. Бала сиздин жүрүм-турумуңузду, ички абалыӊызды байкап, кырдаалды баалайт.
- Баланы жаңы адамдар менен тааныштыруудан баш тартпаңыз, тескерисинче, таанышууга жардам бериңиз. Жаны адамдар менен баарлашуу жагымдуу экенин жылмаюу, шайыр үн аркылуу, көзүңүз менен билдириңиз.
Бейтааныш адамдардан абдан катуу коркуп калса, бала чоңойгон сайын элден обочолонуп, коомго жакшы аралаша албай калышы келиши мүмкүн. Андыктан балаңыз жаңы адамдар менен таанышканда өтө эле ыңгайсызданып же бейтааныш адам жанында жок болсо да тынчсыздана берет деп кооптонсоңуз, анда адистен кеңеш сураӊыз. Эгер бала эки жашка чыккандан кийин деле чоочун адамдардан корко берсе, анда консультация алуу зарыл.