Темперамент: бул эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

Темперамент: бул эмне? Темперамент – бул айланада болуп жаткан нерселерге реакция кылуу ыкмасы. Балаңыздын темпераментинен анын жүрүм-турумундагы төмөндөгү үч сапаттын канчалык деңгээлде көрүнөөрү көз каранды: • Реактивдүүлүк: ал толкундантуучу окуяларга же өзүнө жакпаган нерселерге канчалык катуу реакция кыларын билдирет. Реактивдүү балдар көп кыжаалат болот. • Өзүн жөнгө салуу: бала жүрүм-турумун өзү канчалык көзөмөлдөй алгандыгы жана өз сезимдерин кантип көрсөткөндүгү. Бул баланын ишмердиктин кайсы бир түрлөрүнө көңүл буруу жөндөмү жана анын өжөрлүк даражасы менен да байланышкан. • Коммуникабелдүүлүк: бул баланын башка адамдар менен канчалык оңой тил табышып, жаңы кишилер менен таанышканда же жаңы тажрыйбага ээ болгондо өзүн канчалык ыңгайлуу сезгендиги. Ар бир бала өзүнүн темпераменти менен төрөлөт жана сиз мисалы: «Бул кыз өтө токтоо» же «Ал так жүргөндү жактырат», же «Бул кичинекей кезинен эле абдан активдүү болчу» деп айтышыӊыз мүмкүн. Темпераменттеги айырмачылыктар балдардын эмне үчүн бири-биринен олуттуу айырмаланарын түшүндүрөт. Мисалы, бир бала экинчисине караганда кыйла реактивдүү; бирөөнүн башкасына салыштырмалуу өзүн-өзү жөнгө салуусу дээрлик өнүккөн болушу мүмкүн; алардын арасынан кимдир бирөө кыйла ачык-айрым.
Body

Тарбиялоо стратегиясын баланын темпераментине ыңгайлаштыруу

Сиз балаңыздын темпераментин өзгөртө албайсыз – ал өзү кандай болсо ошондой болгону абдан сонун.

Бирок сиз балаңыздын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн тарбиялоо стратегиясын анын темпераментине ылайыкташтыра аласыз. Баланын темпераментинин оң жактарын өнүктүрүүгө жардам берүү колуңуздан келет. Темпераментинен улам кандай кырдаалдар балаӊыз үчүн татаал болорун аныктап, аларды жеңүүгө жардам берсеңиз болот.

Тарбиялоо ыкмаларын балаңыздын темпераментине ыңгайлаштыруу үчүн бир нече идея.

Баланы темпераментинин реактивдүүлүгүнө жараша тарбиялоо

Кыйла реактивдүү бала

Эгер сиздин балаңыз реактивдүү болсо, анда ал кандайдыр бир жакшы окуя болгондо өз эмоцияларын абдан ачык билдирет. Ал бир нерсеге нааразы болсо, мисалы, каалаган нерсесине жетпей жатса, тополоң кылып, чыр чыгарышы да мүмкүн. Сиз балага ар кандай окуяларга тынч реакция кылууга үйрөнүүгө жардам беришиңиз керек болушу мүмкүн – мисалы, кайсы бир ыкма менен тынчтанууга, күчтүү сезимдерин билдирүү үчүн сөздөрдү колдонууга.

Реактивдүү балдар адатта физикалык жактан абдан активдүү болушат, алар таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүшү керек. Алар бир нерсени көргөнгө, укканга, сынап көргөнгө кызыгат, өзгөрүүлөрдү абдан жакшы көрүшөт. Балаңыздын өнүгүшүнө жардам бериңиз, мисалы, спорттун жаңы түрү менен машыкканга кызыктырыңыз. Эсиңизде болсун, реактивдүү балдар туруксуз, импульсивдүү келет, алар баардык нерседен тез эле тажап кетишет. Бирок, алар дилине жаккан ишти тапса, көбүнчө тырышчаак жана тартиптүү балдарга айланат.

Анча реактивдүү эмес бала

Адатта мындай бала менен тил табышуу оңой, бирок ал анчалык өжөр эмес. Сиз балаңызды өзүн-өзү коргогонго үйрөтүшүңүз керек болушу мүмкүн. Мисалы, кайсы бир кырдаалда балаңыз кыйла активдүү болушу керек деп ойлосоңуз, кырдаалдан өзү чыгууга аракет кылып көргөндөй кылып дем берип, кубаттоого аракет кылыңыз.

Анча активдүү эмес балдар да үй-бүлөлүк талкуудан четте калып калбашын байкоо маанилүү. Мисалы: «Болот, сен эч нерсе деген жоксуң. Бул тасманы тандоого макулсуңбу?» – деп айтыңыз.

Анча реактивдүү эмес балдар физикалык жактан да анча активдүү болбошу мүмкүн. Мындай балага өзүнүн майда моторикалык көндүмдөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү болгон, мисалы, кол өнөрчүлүк менен алектенген же сүрөт тарткан жагат. Анын физикалык активдүүлүгүк кубаттаңыз. Мисалы, коллаж жасоо үчүн жалбырактарды чогултуу үчүн паркка барууну сунуштаңыз.

Баланы өзүн өзү жөнгө салуу даражасына жараша тарбиялоо

Өзүн-өзү жөнгө салуусу дээрлик өнүккөн бала

Өзүн-өзү жөнгө салуусу жакшы өнүккөн балдар көңүл калуу же толкундануу сыяктуу күчтүү эмоцияларды оңой жеңишет. Бир нерсеге толкундантса же капа кылса, тез эле тынчтанат, анча импульсивдүү эмес.

Мындай балдар көңүлүн бир нерсеге оңой топтойт. Өзүн-өзү жөнгө салуусу жакшы өнүккөн бала бир нерсени туура жасаганга чейин талбай аракет кыла берет. Ал чоңдордун көзөмөлү жок эле кыйынчылыктарды жеңип, үй тапшырмасын же башка жумуштарды өзү аткара алат. Балаңыз бир аз перфекционист да болушу мүмкүн, андыктан ага анча-мынча ката кетирүү — кадимки көрүнүш экенин түшүндүрүңүз.

Өзүн-өзү жөнгө салуусу начар өнүккөн бала

Эгер балаңыз бир нерсеге көңүлүн топтогондо кыйналса, ал татаал тапшырмаларды аткарууну улантуу үчүн сиздин колдооңузга муктаж. Эреже катары, мындай балдар тез эле бир иш-аракеттен экинчисине өтүп кетишет, аларга чоңдордун туруктуу колдоосу жана кылдат жетекчилиги керек. Бирок, өзүн өзү жөнгө салуусу начар өнүккөн балдар абдан креативдүү болушу мүмкүн. Балаңыздын көңүл буруусуна жардам бериш үчүн аны кубаттаңыз же оюндарды колдонуп, чыгармачылык мамиле менен иш-аракеттерди кызыктуу кылыңыз.

Баланы ачык-айрымдыгынын даражасына жараша тарбиялоо

Абдан ачык-айрым бала

Эгерде балаңыз абдан ачык-айрым болсо, анда ал башка адамдар менен чогуу болгонду, ойногонду жана топто аракеттенгенди жактырат. Ал үчүн дайыма оюндарды жана иш-чараларды уюштуруунун кереги жок, анткени балаңыздын өз алдынча аракет кылганы да маанилүү.

Ачык-айрым балдар, адатта, абдан бат көнүгүп, күн тартибиндеги өзгөрүүлөргө оңой ыңгайлашат. Эгер баланын жашоосун жаңы нерсе менен толтурууга мүмкүнчүлүгүӊүз болсо абдан жакшы, бирок аны менен жекеме-жеке убакыт өткөргөнүңүз да маанилүү.

Анча ачык-айрым эмес бала

Эгерде сиздин балаңыз көпчүлүккө аралаша албаса, ал өз алдынча ойной алат жана өзү үчүн бир ишти ойлоп табуу үчүн сиздин жардамыңызга муктаж болбойт. Балким, дос табуу үчүн ага сиздин жардамыңыз керек. Мисалы, балаңыз көпчүлүктүн арасында же балдар кечесинде өзүн ыңгайсыз сезсе, анын бир-эки досун үйүңүздүн жанындагы оюн аянтчасына же сейил бакка чакырып көрүңүз.

Эгер сиздин түнт балаңыз жаңы нерсеге жакшы көнбөй жатса, ага өзгөрүүлөрдү жеңгенден көрө, кадимки күн тартибин карманган оңой болот. Күн тартибин пландаштырууда муну эске алыңы жана балаӊыздын өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусуна көмөктөшүӊүз.

Баланын темпераменти сиздикинен айырмаланышы ыктымал. Темпераменттери туура келсе, баланы түшүнүү жана ага кам көрүү оңой болот. Мисалы, эгер сизге иреттүүлүк жакса, анда убагында уктап турууга муктаж болгон балага оңой кам көрө аласыз. Бирок, сиз каалаган убакта бир нерсе кылганды жактырсаңыз, балаңыздын ритмине көнүү үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Темперамент кантип өзгөрүшү мүмкүн?

Балаңыз чоңойгон сайын темпераментиндеги кээ бир өзгөрүүлөрдү байкашыңыз мүмкүн. Бул турмуштук тажрыйбанын таасири.

Мисалы, мурда мектепте ар нерсеге көп алаксый берген бала эрезеге жеткенде ашкере көңүл бурууну талап кылган иштерди аткара баштайт. Бул бала чоңойгон сайын анын кызыгуусу артып же жүрүм-турумун башкарганды үйрөнүп калганынан болушу мүмкүн.