Ымыркайды жуунтуу: сүрөттөрдө

Ымыркай үчүн ванна даярдоо. Ымыркайды жуунтуу. Ымыркайдын ванна ичиндеги коопсуздугу.
Body

Ымыркайды жуунтууга даярдоо

Bathing a newborn: in pictures

Сизге жуунтуу үчүн бардык керектүү нерселерди - сүлгү, мочалка, кебез, жаңы такма жалаяк жана таза кийимдерди чогултуудан баштаңыз. Аларды ваннага жеткидей жерге коюңуз. Балаңызды кургактоо үчүн сүлгүнү жайып даярдап коюңуз.

Bathing a newborn: in pictures Бөлмөнүн жетишерлик жылуу экендигине - 24-260Сга жакын жылуу болушун текшериңиз. Ваннанын түбүнө жалаяк салыңыз жана болжол менен 10-13 см жылуу суу куюңуз. Сууну ваннага арналган термометр менен өлчөңүз, ал 37–38°C болууга жана ысык болбоого тийиш. Суунун температурасын билегиңиз же чыканагыңыз менен текшерип көрсөңүз болот.

 

Bathing a newborn: in pictures

Кебез тампонду жылуу суу менен нымдап, көздүн сырткы бурчунан тарта мурундун кырына чейин сүртүп, балаңыздын кабагын кылдат тазалаңыз. Ар бир көзгө ар башка кебез тампонун колдонуңуз.

Ымыркайды жуунтуу

Bathing a newborn: in pictures

Ванна даяр болгондон кийин баланы чечинтиңиз. Бир колуңуз менен башын жана ийиндерин кармаңыз, ал эми экинчи колуңуз менен анын денесин жөлөп кармаңыз. Баланы сууга кескин түрдө салып жиберүүгө болбойт. Сууга жай чөмүлдүрүү керек, башын жана моюнун кылдат кармоо керек.  

Bathing a newborn: in pictures

Жумасына бир же эки жолу балаңыздын чачын жууңуз. Ал үчүн баланы ваннага жаткырып, башын акырын чайкаңыз. Ал бир аз чоңойгончо сизге шампундун кереги жок.

 

Bathing a newborn: in pictures Жумшак мочалка колдонуп төмөнкү кадамдарды аткарыңыз: алгач баланын бетин (1) , андан кийин моюнун жана денесин тазалаңыз (2). Акырында жыныс органдарын жана арткы тарабын тазалаңыз (3).

Ымыркайдын ванна ичиндеги коопсуздугу

Bathing a newborn: in pictures

Ымыркайлар 5 см жетпеген сууга чөгүп кетиши мүмкүн. Ваннада ымыркайды эч качан кароосуз калтырбаңыз. Эгерде сиз ванна бөлмөсүнөн чыгууга аргасыз болсоңуз, баланы сүлгүгө ороп, өзүңүз менен ала чыгыңыз.

Bathing a newborn: in pictures

Адатта самын колдонуу талап кылынбайт – андан ымыркайдын денеси тайгалак болуп калат жана терини дүүлүктүрүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда ымыркайларга арналган балдар гелдерин жана көбүкчөлөрдү колдонуңуз. Киринтип бүткөндөн кийин баланы таза суу менен чайкап жана сүлгүгө ороо керек.

Bathing a newborn: in pictures

Ваннадагы сууну төгүүнүн алдында бөбөктү коопсуз жерге, мисалы, керебетке же бешикке жаткырып коюңуз.