Жуунуудан коркуу
Жуунуудан коркуу сезими кантип пайда болот?
Наристе өзү көзөмөлдөй албаган жаңы жагдайдан коркушу мүмкүн.
Ымыркайлар жана бир аз чоңураак балдар суунун добушунан, чачынын жана башынын суу болушунан, жуунуп бүткөндөн кийин сүлгү менен сүртүүдөн/укалоодон коркушу мүмкүн.
Body
Бала жуунуудан коркпошу үчүн эмне кылуу керек?
- Баланын айтканын кылдаттык менен аткарыңыз да, өзүн кооптуу сезип жатканын байкасаңыз, кыстай бербеӊиз.
- Баланын коопсуздугун камсыз кылыңыз:
- кичирээк ваннаны тандап, адегенде сууну азыраак куюӊуз
- суунун температурасын туура тандаңыз
- баланын башы менен желкесин бирдей таяп, көзүнө караӊыз
- баланы сууга акырындык менен түшүрүп, жылуу сууга акырындык менен көндүрүӊүз
- денени жылытуу үчүн баланын ичин укалаңыз/жылуу сууга чайынтыӊыз
- баланын бетине жана мурдуна сууну чачпай, колуңуз менен жууңуз
- Балаңыз менен сүйлөшүңүз, ырдаңыз, денесине сууну акырын куюңуз
Эгерде ванна балага кичине болсо?
- Чоңураак ванага отургузуп, сууну акырындык менен куюу зарыл.
- Ваннаны жуунучу бөлмөгө (душка) алып барып коюңуз, бала ал жакка киргенге да көнсүн.
- Балаңыз өзүн коопсуз сезиш үчүн чогуу жуунуңуз, аны тизеңизге жаткырыңыз.
- Тайгаланып кетпеши үчүн ваннанын түбүнө желим чаптамаларды жабыштырыңыз.
- Сууну шарылдатып агызардан мурун бала чочуп кетпеш үчүн аны жуунуучу бөлмөдөн алып чыкканыңыз оң.
- Эгерде бала шампунь көзүнө кирип кетет деп корксо, чачын жууганда көзүн бир колуӊуз менен калкалаӊыз же көздү ачыштырбай турган шампунду колдонуңуз.
Жуунууга кызыгышы үчүн балаңыз менен бирге ойноңуз!
Эгер сууга түшүүнү балаңыз менен бирге, көңүлдүү өткөрсөңүз, ал жуунуудан анча коркпой калат:
- Суу оюндары үчүн атайын оюнчуктарды алыңыз (аква-боёктор, чачыратуучу, куюнуучу, сүзүүчү оюнчуктар). Балаңызга жаңы көбүк ваннасын же сууга салынуучу оюнчук тандап бериңиз.
- Бир туугандар менен сууда сүзгөн айрыкча кызыктуу болот; кызыктуу оюндарды чогуу ойносо, балдар жуунуудан бара-бара коркпой калат.
- Жуунуу кызыктуу жалпы иш-аракет болсун – ырдаңыз, ойноңуз, жомок айтыңыз.
- Жуунуу - бул бала үчүн сүйүктүү оюнчуктарын же куурчактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү. Бул жуунуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө да жардам берет.
- Балаӊыз жуунгандан кийин сүйкөй турган бетмайды жытына, сүлгүнү түсүнө жумшактыгына карай тандасын.
- Жуунуу дайыма бир убакта болушу шарт эмес. Балаңыз кайсы убакта жуунганды жакшы көрөрүн билүү үчүн ар башка убактарда жуундуруп көрүӊүз.
Балаңыз жуунуп жатканда эч качан жуунуучу бөлмөдөн чыкпаңыз. Балдар сууга оңой эле тумчугуп калышат. Балаңызды ваннага салаардан мурун жаныңызда керектүү нерселердин бар экендигин текшериңиз.
Баланын жуунуп жаткандагы өз алдынча аракетин мактап, кубаттап туруӊуз. Эгерде жуунуп жатканда баланын көӊүлү ачык болсо, ал жуунуш керек, пайдалуу экенин түшүнсө, анча коркпой, бара-бара көнүгүп кетет.