Ымыркайдын мурдун кантип тазалоо керек
Ымыркайдын мурду
Ымыркайдын мурду өзүн тазаланат, анткени былжыр суюктук кирди топтойт жана чыгарып салат. Мурунга кошумча кам көрүү мурундан былжырлуу суюктук көп бөлүнүп чыкканда, балага суук тийген учурларда гана зарыл болот.
Бөбөктүн мурдун эшилген кебездин жардамы менен тазалоого болот. Эшилген кебез 3-5 мм калыңдыкта, анча чоң болбошу керек.
Эгерде бөбөктүн мурдундагы былжыр суюктук кургап калса же катып калса, аны жумшартуу жана мурундун былжыр челин нымдоо үчүн биринчи таноого 1-2 тамчы физиологиялык эритме тамчылатыңыз. Бир мүнөт күтө туруңуз. Андан кийин эшилген кебезди алып, аны бир таноого болжол менен 1-1,5 см киргизиңиз жана былжырлуу суюктукту кебезге ороо менен жеңил айландыруучу кыймылдарды жасаңыз.
Экинчи таноону ушундай эле жол менен тазалаңыз жана тазалоо үчүн башка эшилген кебезди колдонуңуз.
Эгерде баланын мурдунда карт жок болсо, алдын ала туздуу эритме тамчылатуунун зарылчылыгы жок.
Бөбөктүн мурдун андагы былжырлуу суюктук суулангандан кийин, киринткен соң тазалаган жакшы.
Мурунду тазалоо үчүн кебез таякчаларын же кебез ороло турган таякчаларды, ширеңке колдонбоңуз. Кебез мурундун тешиктеринде калып калат, ал эми таякча мурундун назик былжыр челине зыян келтирет.
Мурунду тазалоо үчүн ошондой эле аспираторлор колдонулат, бирок аны бала ооруп жана былжыр суюктук көп бөлүнүп чыгып жаткан учурда колдонбогон жакшы.
Эгерде балаңыз мурду бүткөндүктөн эмүүдөн баш тартса, кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.