Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр
Эмдөө үчүн каршы көрсөтмөлөр балдар жана чоңдор иммундаштыруудан кийинки мүмкүн болгон олуттуу кыйыр көрүнүштөрдүн тобокелчилигинен улам белгилүү бир вакцинаны ала албай турган абалдар жана оорулар болуп саналат. Ошондуктан дарыгер ар бир эмдөөнүн алдында баланын жеке жана үй-бүлөлүк таржымалы менен таанышуусу жана баланы текшериши маанилүү.
Body
Каршы көрсөтмөлөр абсолюттук жана салыштырмалуу болушу мүмкүн.
Эмдөөгө карата абсолюттук каршы көрсөтмөлөр өмүргө коркунуч туудурган абалдарды өнүктүрүүнүн жогорку тобокелчилиги болгон учурда белгиленет. Ушул сыяктуу каршы көрсөтмөлөр болгон учурда эмдөө эч бир шарттарда жүргүзүлбөйт. Вакцина жасоого абсолюттук көрсөткүчтөр төмөндөгүлөр болуп саналат:
- Мурдагы жасалган вакцинанын дозасына же вакцинанын компоненттерине оор аллергиялык реакция
- Мурдагы жасалган вакцинага олуттуу кыйыр реакция
- Бардык жандуу вакциналар иммундук жетишсиздик абалдарында (тубаса же кабылданган иммундук жетишсиздик: залалдуу оорулар, химиотерапия менен дарылоо, АИВ-инфекциясы, кортикостероиддердин жогорку дозалары, нурлануу жана башка иммуносупрессиянын олуттуу абалдары), нерв системасынын күчөгөн ооруларында.
Салыштырмалуу же убактылуу көрсөтмөлөр:
- Дене табынын жогорулашы менен коштолгон курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар
- Курчуган баскычтагы өнөкөт оорулар
Эмдөөнү 2-3 жумадан кийин толук айыккан соң же ремиссия мезгилинде (оорунун белгилери азайып же жок болуп калган учурда) жасашат.
Эгерде бала курч дем вирустук ооруга чалдыгып, айыккан болсо же анда жогорку дем алуу жолдорунун ооруларынын жеңил өтүүсү байкалган болсо, эмдөөнү оорунун симптомдору нормалдашкандан кийин жүргүзүшөт.