Эне сүтү менен багуу жана алкоголь ичүү
Эне сүтүнө алкоголдун топтолушу канда камтылгандай эле болот. Алкоголь сүткө аны иче баштагандан 30-60 мүнөт өткөндөн кийин эле кирет. Анын чыгып кетүү убактысы 2 ден 13 саатка чейин жана андан көп убакытты түзөт. Бул аялдын дене салмагынан, ичилген ичимдиктин күчү жана өлчөмүнөн көз каранды.
Кош бойлуу аялдарга кош бойлуу мезгилде алкоголь ичүү төрөлө элек балага зыян келтириши мүмкүн экендиги тууралуу эскертишет. Эне сүтү менен багуу мезгилинде алкоголдун бөбөктүн организмине тийгизген таасири ичилген спирт ичимдиктеринин өлчөмүнөн көз каранды болот. Алкоголду көп өлчөмдө ичүү балада уйкусуроо, терең уйку, алсыроо жана энеде сүттүн иштелип чыгышынын төмөндөшүнө алып келиши ыктымал.
Силер билүүгө тийиш болгон фактылар
- Алкоголь ымыркайлардын боору жетиле элек болгондуктан катуураак таасир этет.
- Баланын өмүрүнүн биринчи үч айынын ичинде алкоголь чоң адамдарга караганда эки эсе жайыраак чыгат.
- Сиздин салмагыңыз алкоголдун метаболизмине таасирин тийгизет: салмагыңыз канчалык жогору болсо, алкоголь организмден ошончолук тезирээк чыгат.
- Алкоголдон болгон таасир ичкен өлчөмгө түздөн-түз пропорционалдуу; сиз канчалык көп ичсеңиз, алкоголь организмден ошончолук көп убакытта чыгат.
- Тамак ичип жатканда алкоголь ичимдиктерин ичүү канга алкоголдун сиңирилишин азайтат.
- Көкүрөктү какшыта саагандын зарылчылыгы жок, анткени алкоголь эне сүтүндө кармалбайт.
- Көп өлчөмдөгү суюктук же кофе алкоголдун организмден жана ошондой эле эне сүтүнөн чыгып кетишин тездетпейт.
Алкоголь пайдалануу сүттүн иштелип чыгышына түрткү берет деп ойлоо, адашуу!