Иммундаштыруу календары
Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөр календарында баланын курагын эске алуу менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан эл аралык деңгээлде сунушталган негизги вакциналарды жасоо каралган.
Иммундаштыруу жасала турган курак, сиздин балаңыз өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон ооруларга кабыла баштаганга чейин мүмкүн болушунча эрте корголо тургандай кылып тандалат. Сунушталган куракта эмдөөлөрдү алуу бала ооруларга каршы иммунитет ала тургандыгынын мыкты мүмкүнчүлүктөрүн билдирет.
Алдын алуу эмдөөлөр календарына ылайык республикада 11 инфекцияга каршы 12 аталыштагы вакциналар колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Алдын алуучу эмдөөлөр календары
Курагы |
Эмдөөнүн аталышы |
|
Төрөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде |
В вирустук гепатитине каршы биринчи эмдөө |
ВГВ |
Төрөт үйүндө болгон убакыттын ичинде |
Кургак учукка каршы эмдөө |
БЦЖ |
2 ай |
Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилия инфекциясы жана В вирустук
Пневмококк инфекциясына каршы биринчи эмдөө
Полиомиелитке каршы биринчи эмдөө
Ротавирус инфекциясына каршы биринчи эмдөө
|
ПЕНТА
ПКВ
ОПВ
РВ |
3,5 ай |
Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилдик инфекцияга жана В вирустук гепатитине каршы экинчи эмдөө Полиомиелитке каршы экинчи эмдөө Ротавирус инфекциясына каршы экинчи эмдөө |
ПЕНТА
ОПВ, ИПВ РВ |
5 ай |
Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилдик инфекцияга жана В вирустук гепатитине каршы үчүнчү эмдөө Пневмококк инфекциясына каршы экинчи эмдөө Полиомиелитке каршы үчүнчү эмдөө Ротавирус инфекциясына каршы үчүнчү эмдөө |
ПЕНТА
ПКВ ОПВ РВ |
12 ай |
Кызылча, эпидемиялык сакоо жана кызамыкка каршы эмдөө Пневмококк инфекциясына каршы үчүнчү эмдөө |
КПК
ПКВ |
2 жаш |
Көк жөтөл, кептөөр жана тырышмага каршы биринчи ревакцинация |
АКДС |
6 жаш |
Кептөөр жана тырышмага каршы экинчи ревакцинация Кызылча, эпидемиялык сакоо жана кызамыкка каршы ревакцинация |
АДС
КПК
|
11 жаш |
Кептөөр жана тырышмага каршы ревакцинация |
АДС – М |
16, 26, 36, 46, 56 жаш |
Акыркы ревакцинация жасалган учурдан баштап ар бир 10 жылда кептөөр жана тырышмага каршы ревакцинация |
АДС – М |