Интернетке балаңыздын сүрөттөрүн чыгаруу жана ал жөнүндө жазуу

Эмне үчүн ата-энелер балдарынын сүрөттөрүн чыгарып, алар жөнүндө маалымат чыгарышат? Көптөгөн ата-энелер балдарынын сүрөттөрүн, алар тууралуу маалыматтарды интернетке чыгара беришет. Мисалы, алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн: өргүү учурунда түшкөн социалдык тармактардагы сүрөттөр; кичинекей балдардын сүрөттөрү; Facebook топторуна катышуу — мисалы, балаңыз жергиликтүү командада ойносо же бийлесе; маалымат ресурстарына салым – мисалы, балаңыз майып же башка өзгөчө муктаждыктары бар болсо. Коронавирус пандемиясы учурунда көптөгөн ата-энелер үй-бүлөдөгү иштери тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду жүктөп, билдирүүлөрдү жазып, санариптик баарлашууга кызуу аралаша баштады. Бул сиздин балаңыз менен үй-бүлөңүз кандай жашап жатканы жөнүндө досторуңуз менен жакындарыңызга кабарлап туруунун маанилүү ыкмасы болушу мүмкүн. Бирок эстен чыгарбай турган бир катар жагдайлар бар.
Body

Балаңыз тууралуу билдирүүлөр: ойлоно турган жагдайлар

Эгер сиз балаңыз жөнүндө жазсаңыз же балаңыздын сүрөттөрүн интернетке жайгаштырсаңыз, бул маалыматты толугу менен интернеттен өчүрүп салуу мүмкүн эмес экенин унутпаңыз. Бейтааныш адамдар сиздин купуя сактагыңыз келген маалыматка ээ болуп алышы мүмкүн. Балдарды эксплуатациялоо — реалдуу коркунуч.

Бир катар себептерден улам балаңыз чоңоё баштаганда сүрөттөрүн же өзү жөнүндөгү маалыматтарды жарыялооӊузга кандай карай турганын билишиӊиз керек.

Бала менен маалыматтарды жарыялоо жана блог жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүү

Алгач балаңыздан өзүнүн кайсы бир сүрөтүн же видеосун жарыялаганыңызга кубанган-кубанбагандыгын сурасаңыз жакшы болот. Үч жаштан жогору курактагы балдар сүрөттөрдү жактырарын өздөрү айта алышат. Эгерде сиздин балаңыз өтө кичинекей болсо, анда өзүңүз чечиңиз.

Ал жөнүндө жазгандарыңыз балаңызга азыр жакса да, ал сизден кийин сүрөттү же постту өчүрүп салууну суранышы мүмкүн. Бирок, сүрөттөрдү өчүрүп салсаңыз да, алар сакталган же башка адамдар тарабынан бөлүшүлгөн болсо, интернеттен толугу менен өчүрө албастыгыңызды унутпаңыз.

Балаңыздан анын жактырган нерселери жөнүндө сурап-билип, көз карашын сыйласаӊыз, балаңызды санариптик адепке тарбиялайсыз, бул балаңыз чоңойгондо жакшы санариптик жаран болушуна жардам берет.

Балдар жөнүндө блог жана посттордогу купуялык менен ачыктыкты кантип теңдештирүү керек: кеңештер

Эгер балаӊыз жөнүндө айрым маалыматтар же анын сүрөттөрү менен бөлүшкөнүңүз балаңызга жакса, анын жеке купуялыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн социалдык тармактарга үй-бүлөлүк жашооңуз жөнүндө жарыялоодо этияттаныӊыз.

Төмөндө бир катар кеңештер:

  • Маалымат сайттарында же башка коомдук жайларда балаңыздын атын атагандан алыс болуңуз.
  • Балаңыздын жашаган жерин же кайсы мектепке барарын көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялабаңыз.
  • Балаңыздын туулган күнү же дареги сыяктуу идентификациялоочу жеке маалыматтарды жарыялабаңыз.
  • Сиз жарыялаган сүрөттөрдү башка бирөөлөр сурабай эле өзгөртүп, кайра жайгаштырышы мүмкүн экенин эске алыңыз.
  • Үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга сүрөттөрдү түз жөнөтүү үчүн электрондук почтаны же мессенжерди колдонуңуз.
  • Жакындарыңыз жана досторуңуз менен сүрөттөрдү бөлүшүү үчүн жеке “виртуалдык үй-бүлөлүк альбомдорду” түзүңүз.

Сиз жасай турган эң маанилүү нерселердин бири — сиз жарыялаган сүрөттөр жана маалыматтар балаңыздын позитивдүү бейнесин түзөөрүнө ынануу. Мисалы, баланын ыйлап жаткан видеосун жарыялоонун кереги жок, анын ордуна кубанычтуу нерсени тандаганыңыз жакшы.