Кош бойлуу мезгилде эне сүтүн эмизүү

«Сиз баланы эмизип жүрүп кош бойлуу экендигиңизди билип калдыңыз. Сиз эмизүүнү өтө эрте токтотууну каалабайсыз, бирок сизди кош бойлуулуктун эне сүтүн эмизүүгө кандай таасир этери жана эне сүтүн эмизүү кош бойлуулукка кандай таасирин тийгизе тургандыгы тынчсыздандырат. Эне сүтүн эмизүү оордошуусуз өтүп жаткан кош бойлуулукту коркунучка алып келиши мүмкүн экендигинин эч кандай далилдери жок. Кош бойлуулук сүттүн көлөмүнө жана сапатына таасирин тийгизбейт”.
Body

Сиз кош бойлуусуз жана улуу балаңызды эмизип жатасыз. Сизде эгерде сүт жетиштүү иштелип чыгып жатса эне сүтүн эмизүүнү токтотуу керекпи, эне сүтүн эмизүү болочоктогу балага кандай таасир этет деген суроолор пайда болот. Кээде кош бойлуу мезгилде эне акырындап эмизүүнү токтотууну чечет, бирок айрымдары өзгөчө бала кичинекей болсо жана кош бойлуулук пландалбаган болсо, бүт кош бойлуулуктун ичинде эне сүтү менен багууну уланта беришет.

Эне сүтүн эмизүү ки йинки кош бойлуулуктан жарым-жартылай коргойт, бирок ар бир аялдын организми жекече. Айрым аялдар эне сүтүн эмизүүнү улантып жатканда боюна бүтүп калышы ыктымал. Өзүн пландалбаган кош бойлуулуктан коопсуз кылуу үчүн, эне сүтү менен багуу учурунда кандай контрацепция ыкмасы сунуштала тургандыгы тууралуу гинеколог менен кеңешиңиз.

Эгерде сиз ушундай кырдаалга туш болсоңуз сизде көптөгөн суроолор жана дилеммалар пайда болот: сак болуңуз жана эгерде кимдир-бирөө сизге эне сүтүн эмизүүнү токтотууга кеңеш берсе, өзгөчө балаңыздын курагы болгону бир нече айлык болсо жакшылап ойлонуңуз.

Эне сүтү менен багуу болочоктогу балага кандай таасирин тийгизет?

•           Болочоктогу бала керектүү тамак-ашты жетишерлик албай калат деген кооптонуу бар. Болочоктогу баланын керектөөлөрү биринчи орунда турат деген түшүнүк бар, эгерде эненин тамак-ашы үзгүлтүксүз жана сапаттуу болсо ал керектүү нерсенин бардыгын алат.

•           Эгерде эненин буга чейин боюнан түшүп калса же маалына жетпей төрөгөн болсо анда этият болуу керек, бирок бул эне сүтүн эмизгендиктен болушу мүмкүн деген божомол төмөн.

•           Дагы бир көйгөй - ымыркай уузду жетиштүү өлчөмдө алабы. Кош бойлуулуктун аягында эмчек автоматтык түрдө ууз иштеп чыгара баштайт. Ууздун даамы (жетилген сүткө караганда туздуу) улуу баланы эмчектен чыгарууга жардам бериши мүмкүн.

Кош бойлуу аял эне сүтүн эмизип жатканда өзүн кандай сезет?

Кош бойлуу мезгилде эне сүтүн эмизүү ар кандай кыйыр таасирлерин тийгизиши мүмкүн. Айрым энелердин айтымында, балким гормон секрециясы, ачка болуу, суусоо же чарчоодонбу, эртең мененки талмоорсуу эмчек эмизүү учурунда күчөйт. Кош бойлуулук мезгилиндеги гормондордун натыйжасында эмчектин үрптөрү өтө сезгич болуп калышы мүмкүн; эмчек эмизүү үчүн туура абалга жана көкүрөккө жакшылап жайгаштырууга көңүл буруңуз.

Сүт дагы эле сүт жетишерлик өндүрүлүп жатабы?

Эгерде сиздин балаңыз тогуз айга толо элек болсо, сиз жакшы тамактанып жана ага ал каалаган учурда эне сүтү менен тамактанууну сунуштасаңыз, анда сүттү керектүү өлчөмдө сактап калуунун жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Кээде кош бойлуулук мезгилиндеги гормондор сүттүн иштелип чыгышын азайтат; кандай болсо дагы дарыгер менен кеңешүү керек.

Эне сүтүн эмизүүнү токтотуу керекпи же жокпу?

Эгерде сиз эмизүүнү токтотууну чечсеңиз, анда аны акырындык менен жасоого аракет кылыңыз. Кээде балаңыз өзү эле эмчек эмүүнү токтотот. Ымыркайга жана силерде боло турган мамилелерге көңүл борборун топтоого аракет кылыңыз. Сиздин экинчи жана кийинки кош бойлуулуктарыңыз - өзгөчө мезгил. Сиз өзүңүздү эненин ролунда кыйла ишенимдүү сезесиз, анткени сиз буга чейин ийгиликтүү төрөп жана балаңызды эмизгенсиз.

Тандем менен же эне сүтүн коштоп эмизүү

Тандемдик же эне сүтүн коштоп эмизүү ар кандай курактагы, адатта бир жаш айырмалуу эки баланы бир мезгилде эмизүүнү билдирет. Төрөттөн кийин эки баланы тең эмизүүгө болот. Кээде кош бойлуу мезгилде эне сүтүн эмизүү токтотулган улуу бала, ымыркай төрөлгөндөн кийин улантууну өтүнөт жана мындайда аны тандем менен эмизүү сунушталат. Мунун артыкчылыгы улуу бала эмчек сүтүнүн бардык аш болумдуу жана иммундук артыкчылыктарынан дагы деле пайдалана тургандыгында, ошондой эле эгерде көкүрөк толуп кетсе энеге жардам бере алат.