Мектепке чейинки курактагы балдар менен кантип сүйлөшүп, аларды кантип угуу керек?
Балаңызга кулак салыңыз
Балаңызга сөзүн угуп жатканыңызды көрсөтсөңүз, бул ага өзүнүн ойлору жана сөздөрү сиз үчүн маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет.
Баланы кантип угуу керек жана угуп жатканыңызды кантип көрсөтө аласыз:
- Жасап жаткан ишиңизден бир аз тыныгып, балаңызга мүмкүн болушунча көңүл буруңуз.
- Көзүнө тигилүү үчүн баланын көзүнүн деңгээлине чейин жерге же тизелеп отуруӊуз.
- Балаңыздын ымдоо-жаңсоолоруна кунт коё караӊыз. Мында сиз көп нерселерди билип аласыз. Мисалы, балаңыз ачууланганда титиреп-калтырашы, ал эми кубанганда секириши мүмкүн.
- Балаңыз сизге бир нерсе айтканда, анын эмне айтып жатканын түшүнгөнүңүздү билдирүү үчүн кыскача корутундулаңыз.
- Сиз кызыгып жаткандай көрсөткөн сөз айкаштарын колдонуңуз. Мисалы: “Чын элеби?”, “Охо! Анан эмне болду?” же “Андан кийин эмне болду?”– деген сыяктуу.
- Балаңыз сүйлөп жатканда баш ийкеп, жылмайып, мээрим төгүңүз.
- Балаңыз өз аңгемесин айтып бүткөнчө сабырдуулук менен угууга аракет кылыңыз.
Мектепке чейинки курактагы балдар сүйлөгөндү жана окуяларды айтып бергенди жакшы көрөт! Эгерде сиз азыр уга албасаңыз, анда балаңызга дароо айтыңыз. Мисалы: “Биз бала бакчага жакындадык. Бул эмне менен аяктаганын тез эле айтып бере аласыңбы же кийинчерээк баарын айтасыӊбы?”. Маекти кийинчерээк улантууну унутпаңыз. Бирок бул убакытка чейин бала окуянын өзөгүн унутуп, ага болгон кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн экени эсиңизде болсун. Ага бүтпөгөн маекти акырын эстетип, кааласаңыз, ага кайра кайрылыңыз.
Бала менен кантип сүйлөшүү керек?
Балаңыз көп сөздөрдү колдонуп, түшүнүшү мүмкүн, бирок кээде сиздин айткандарыӊызды түшүнө албай кыйналышы да мүмкүн.
Төмөндө мектепке чейинки курактагы балаңыз менен так, түшүнүктүү баарлашууга мүмкүндүк бергидей бир нече сунуш келтирилди:
- Оюӊуздагыны так, даана айтууга аракет кылыңыз. Балаңыз тамашаны, апыртууну же какшыктоону түшүнбөй, таарынып калышы да ыктымал.
- Мимика жана жаңсоолоруңуз айтканыңызга дал келгендей болсун. Мисалы, балаңызды жакшы көрөрүңүздү айтканда жылмайып, көзүнө караңыз.
- Эгер балаңыз эмне айтып жатканыңызды түшүнбөсө, башка сөздөр менен кайталаңыз. Мисалы: “Сумканы илгичке ил” жана “Сумканы алып, илгичке илип кой”.
- Оюӊуздагыны айтканда себебин балаңыз түшүнүшү үчүн жардам бериңиз. Мисалы: “Биз жолдо велосипед теппейбиз, анткени бизди машине сүзүп кетиши мүмкүн”.
- Балаңызды баарлашып жатканда өз кезегин күтүүгө үйрөтүңүз. Кезектешип сүйлөө менен сиз балаңызда угуу жөндөмүн да өнүктүрөсүз: “Айгерим, эми сүйлөө кезеги менде. Мен айтып бүткөндө анан сага кезек келет!”
- Балаңыздын баарлашуудагы ийгиликтерин мактап, кубаттап туруңуз. Мисалы: “Түшкү тамакка чейин эле баарын айтып үлгүргөнүң үчүн рахмат”.
Баланын суроолоруна кантип жооп берүү керек?
Баланын суроолоруна олуттуу мамиле жасап, толук жооп берүүгө убакыт тапсаңыз, баланы андан ары да суроо берүүгө шыктандырасыз. Бул балаңызга дүйнөнү таанып-билүүгө дем берет. “Аа… муну мен да билбейм. Татаал суроо экен. Кел, чоң энеңди көргөндө андан сурайбыз”.