Салмагы аз балдар үчүн жалпы сунуштар
Балада талаптагыдай салмак кошуунун жоктугу көп учурда оорунун жана/же жетишсиз тамактануунун натыйжасында келип чыгат. Баланын эрте курактагы оптималдуу тамактануусу баланын потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү экендигин билгенден кийин, сиз бул бузулууну өзүңүз жеңүүгө аракет кылыңыз.
Үй-бүлөлүк дарыгерге баруунун алдында аларды колдонууга же керектүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө жардам бере турган бир нече пайдалуу сунуштар төмөндө берилген.
Ооруганда
- Эгерде бала эки жашта болсо жана эне сүтү менен тамактанса, анда ал тез-тез эмизүүнү суранарына ишенимдүү болуңуз жана эмчек эмизүү кыскараак болот - анын муктаждыгына жооп бериңиз.
- Баланын табити начарлап азыраак тамактанат, бирок ага суюктук жетиштүү өлчөмдө берилиши өтө маанилүү.
- Балаңызга ар кандай, жумшагыраак коюу тамактарды (шорпо, жашылча аралашмалары, жаңы бышкан коондун, дарбыздын кесимдери) даярдаңыз жана сунуштаңыз, ошондой эле бул анын сүйүктүү тамактары экенине ынаныңыз.
- Тамактануунун аралыгында ага суюктуктарды сунуштаңыз, айрыкча жөн гана ичүүчү сууну, ал тургай кичине ууртамдар менен, адаттагыдан көбүрөөк өлчөмдө сунуштаңыз, анткени суюктукту көп жоготот (заңдоо, тери, дем алуу аркылуу).
- Балаңыздын жүрүм-турумун көзөмөлдөп, анын керектөөлөрүнө жооп бериңиз: суюктукту же тамак-ашты ал көтөрө ала тургандай өлчөмдө бериңиз.
Оорудан кийин же тамак-ашты жетишерлик ичпеген мезгилде
(же башка экономикалык же социалдык-эмоционалдык себептер боюнча):
- Жоготкон салмагын калыбына келтирип жана нормалдуу өсүүнү улантканга чейин баланы көбүрөөк жана/же тез-тез тамактануусун колдоо керек.
- Эгер бала 2 жаштан кичүү болсо жана эмчек эмсе, анда баланын керектөөсүнө ылайык, балким, тез-тезден эмизүүнү улантуу керек.
- Баланын курагына ылайык оптималдуу тамактануу боюнча сунуштарга көңүл буруңуз, бирок учурда балаңыздын керектөөлөрү көбүрөөк экендигин эске алыңыз.
- Баланын тамактанууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн сапаттуу белок рационун камсыз кылыңыз: эт, балык, канаттуу, жумуртка жана буурчак өсүмдүктөрүнүн (нокот, төө буурчак, жасмык) ар кандай түрлөрү жарайт; ошентип, бала минералдардын - темирдин жана цинктин керектүү өлчөмүн алат.
- Энергетикалык баалуулугу кыйла жогору тамакты даярдоо керек; ошондуктан пюрелерге, ботколорго (жүгөрү боткосу, акшактар) бир чай кашык же бир кесим каймак май кошуңуз.
- Балаңызды сиздин районуңузда жеткиликтүү болгон жашылча-жемиштер менен тамактандырууну улантыңыз.
- Тамак-ашты адатта үй-бүлөдө кандай даярдалса, ошондой даярдаңыз.
- Балаңызга тамак берүүдөн баш тартпаңыз, бирок буларды сунуштоодон алыс болуңуз: ден соолукка зыяндуу болгон кошумча сүт аралашмаларды, таттуу суусундуктарды жана тамак-аш азыктарын (шекер кошулган ширелер, газдалган суусундуктар, торттор, таттуулар), куурулган тамактар. Алар керектүү жана пайдалуу аш болумдуу заттардын ордуна ашказанды толтурат.
Текшерүүдөн өтүү жана тамактануу боюнча кошумча сунуштарды алуу, ошондой эле андан ары өсүүгө мониторинг жүргүзүү динамикасын аныктоо үчүн сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешиңиз.