COVID-19 инфекциясына чалдыккан эне жана эне сүтүн эмизүү боюнча сунуштар

Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19ду козгогон вирус инфекцияга шектүү же тастыкталган бир дагы эненин сүтүнөн табылган эмес жана азырынча бул вирус эмчек эмизүү аркылуу жугат деген далил жок.
Body

Эмизүү/эне сүтү менен багуу ымыркайлардын, балдардын өлүмүн азайтып жана иммунитетке өмүр бою таасирин тийгизери далилденген. Эпидемия учурунда жана бардык табигый кырсыктарда ал жаңы төрөлгөн жана ымыркайдын тамактануусу үчүн эң маанилүү табигый ресурс болуп саналат. 

Жумшак клиникалык картинага ээ болгон COVID-19ду жуктуруп алган энеге белгиленген гигиеналык чараларды сактоо менен баланы кароону жана эмизүүнү улантуу сунушталат:

  • Ар бир 2 саатта бөлмөнү 10 мүнөт желдетип туруңуз.
  • Кол тийген беттерди дайыма тазалап, дезинфекциялап туруңуз.
  • Баланы карап жана эмизген учурда таза беткап тагынуу керек. Беткапты ар бир 2 саатта алмаштыруу керек. Беткапты чечкен учурда бетке жанаша турган бөлүккө кол тийгизбөө керек. Колдонулган беткапты жок кылуу керек жана кайра колдонууга болбойт. Беткапты тагынгандан кийин колду 20 секунд самындап жууш керек. 
  • Бала менен байланышуунун алдында колду 20 секунд самындап жууш керек.
  • Эмизгенге чейин жана эмизгенден кийин эмчекти жууш шарт эмес. Дайыма жуунуп, түнкү көйнөктү тез-тез алмаштырып, дененин гигиенасын сактоо жетиштүү. Эгерде жөтөлүп жатканда көкүрөктөн суюктук бөлүнүп чыкса, аларды самындап жууш керек.
  • Эгерде инфекция жуккан энеде дем алуу органдарынын симптомдору жок болсо жана ымыркай ошол эле бөлмөдө жатса, баланын керебети энесинин керебетинен 2 м алыстыкта болушу керек жана алардын ортосуна тосмо коюу керек.
  • Эгерде энеси жөтөлүп же чүчкүрүп жатса, анда ал бала менен бир бөлмөдө болбогону жакшы.
  • Оору жуккан эне кагаз бетаарчыга жөтөлүшү жана чүчкүрүшү керек, андан соң аны дароо капкагы бар урнага таштоо зарыл. Андан кийин кол менен 20 секунд самындап жууш керек.

Эгерде энеси баланы эмизе тургандай өзүн жакшы сезбесе (талмоорсуу, дем алуу органдарынын жеңил көйгөйлөрү болсо, температурасы 38,5°Сга чейин чыкса), жаңы төрөлгөн баланы саалган эне сүтүн бөтөлкөдөн ичирүү үчүн сааганга жардам берүү керек. Анын абалы жакшыргандан кийин эмчек эмизүүнү уланта алат. Сүттү саап алуу ошондой эле энеден атайын гигиеналык чараларды сактоону талап кылат:

  • Таза беткап тагынуу
  • Ар бир сүттү саап алуу сеансына чейин колду 20 секунд самындап жуу
  • Жуулган жана стерилденген насостун жардамы менен сүт саап алууга кол менен сааганга караганда артыкчылык берилет, анткени сүттүн булгануу коркунучу азыраак.

Эгерде эненин клиникалык абалы начар болсо, кам көрүү милдеттерин дени сак үй-бүлө мүчөсү өз мойнуна алышы керек, ал эми жаңы төрөлгөн баланы сүт аралашмасы менен азыктандыруу керек. Эгерде энеси сакайып кеткенден кийин эмизгиси келсе, ага лактацияны калыбына келтирүүгө жардам берүү керек.