Кызылча, эпидемиялык тепки жана кызамыкка каршы вакцина (КПК)

Кызылча, эпидемиялык тепки жана кызамыктын алдын алуу максатында, балаңыз жандуу айкалыштырылган КПК вакцинасын алат.
Body

Вакцина жөнүндө

  • КПК - кызылча, эпидемиялык тепки жана кызамыктын алсыздандырылган вирустарын камтыган жандуу вакцина.
  • КПК вакцинасы билекке, тери астына  жасалат.
  • Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык балаңыз вакцинанын биринчи дозасын 12 айында жана экинчи дозаны (ревакцинацияны) 6 жашында алат.
  • Кызамык оорусу чыкканда же эпидемия болгон учурда кызамыкка каршы эмдөө республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга ылайык жүргүзүлөт.
  • КПК вакцинасы балаңызга башка вакциналар менен бир эле учурда жасалышы мүмкүн: 12 айында пневмококк инфекциясына каршы вакцина, 6 жашында кептөөр жана селеймеге каршы вакцина менен жасалат, бирок дененин башка жерине сайылат.
  • Балдарга төмөнкү учурларда вакцина жасоого болбойт:
    • Иммундук коргонуусу төмөндөгөндөргө (иммундук жетишсиздик): тубаса (оорунун үй-бүлөлүк таржымалы маанилүү) же залалдуу оорулардын жыйынтыгында кабылданган, химиотерапия алган, ошондой эле иммундук жетишсиздик абалындагылар.
    • Вакцинанын мурунку дозасына же вакцинанын кандайдыр бир компонентине оор аллергиялык реакция байкалса.
  • Эгер балаңыз ооруп жана дене табы жогору болсо. Мындай учурда эмдөөнү кийинкиге жылдырып жана бала айыкканда жасоо керек.