Пентаваленттүү вакцина менен иммундаштыруудан кийин мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр
Пентавакцина башка кайсы гана болбосун дары сыяктуу эле эмдөөдөн кийинки: ийне сайылган жердеги кызаруу, ооруксунуу жана шишик сыяктуу убактылуу жергиликтүү кыйыр реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Жалпы кыйыр реакциялар болушу мүмкүн: чыргоолонуу, ыйлоо, уйку жана тамакка болгон табиттин бузулушу. Көпчүлүк учурларда эмдегенден кийинки реакциялар эки-үч күндөн кийин өз алдынча өтүп кетиши мүмкүн.
Кээде айрым балдарда эмдегенден кийин 48 сааттын ичинде кыйла интенсивдүү реакциялар байкалышы мүмкүн: 390Сдан жогорку температура, дайыма 3 сааттан ашык убакытка созулган ыйлоо, калчылдоо менен коштолгон же ансыз карышуулар (эмдегенден кийин 3 күндүн ичинде), аң-сезимдин бузулушу. Бул реакциялар дагы 2-3 күндүн ичинде өзүнөн өзү эле өтүп кетет.
Кеңештер
- Дене табы 380Сдан жогорулаган учурда балага дене салмагынын 1 кг 10-15 мг дозасында парацетамол сиробун берүү керек, бирок 24 сааттын ичинде төрт дозадан ашпашы керек. Мындай дарылоо ооруну жеңилдетет жана дене табын төмөндөтөт. Балага көбүрөөк суюктук берүү керек. Жылуу суу менен сүрткүлөөгө болот. Жергиликтүү жылытуучу компресстерди жана майларды пайдаланууга каршы көрсөтүлгөн.
- Эгерде балаңызда вакцинага карата реакциялар пайда болсо үй-бүлөлүк дарыгерге же балдар иммунологуна кайрылуу керек.
- Эмдегенден кийинки олуттуу аллергиялык реакциялар (Квинке кишиге, анафилактикалык шок) 1 млн эмдөөгө 1 учур жыштыгында өтө сейрек кездешет.
- Эмдегенден кийин баланын абалына байкоо жүргүзүү үчүн эмдөө кабинетинин жанында 30 мүнөттүн ичинде калган жакшы.