Пневмококк оорусуна каршы вакцина

Эки жашка чейинки балдарды пневмококк инфекциясы тарабынан пайда болгон оорулардан коргоо үчүн бактериянын 10 же 13 серотибин камтыган конъюгацияланган гана вакциналар эффективдүү.
Body

Вакцина жөнүндө

  • Вакцинанын курамында: 1, 4, 5, 6B, 7F, 9V, 14, 18C, 19F, 23F (көбүрөөк 13 валенттүүлүктө: 3, 6А жана 19А) серотиптердин полисахариддери бар, белок ташуучулар жана адъювант катары алюминий фосфаты (иммундук жоопту күчөтүүчү). Вакцинада жандуу микроорганизмдер жок.
  • Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык,  балаңыз пневмококк инфекциясына каршы вакцинанын үч дозасын: 2 айында, 5 айында жана 12 айында алат.
  • Вакцина 1 жашка чейинки балдарга санынын үстүңкү жагындагы алдыңкы капталына, ал эми12 айлык курактагы балдарга – ийиние жасалат
  • Пневмококк инфекциясына каршы вакцинаны бир эле учурда башка вакциналар менен бирок дененин башка жактарына жасоого болот (2 жана 5 айында көк жөтөл, кептөөр, селейме, гемофилдик инфекция, В гепатитине каршы көп компоненттүү вакцина менен бир эле учурда жасоого болот, ал эми 12 айында кызылча, эпидемиялык тепки, кызамыкка каршы вакцина менен).