В гепатитине каршы иммундаштыруудан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр

В гепатитине каршы вакцина балдарды В гепатитинен коргоо үчүн жасалат.
Body

Балдардын азыраак пайызында, башка кайсы гана болбосун дарыларды кабыл алгандагыдай эле эмдөөдөн кийинки: ийне сайылган жердеги кызаруу, ооруксунуу жана шишүү сыяктуу  убактылуу жергиликтүү кыйыр реакциялар байкалышы мүмкүн. Сейрек учурларда жалпы реакциялар болушу мүмкүн: дене табынын жогорулашы, чыргоолонуу, уйку жана тамакка болгон табиттин бузулушу.

Бул реакциялар бир нече күндөн кийин өз алдынча өтүп кетет.

Эмдегенден кийин өтө сейрек учурларда (1 млн эмдөөгө 1 учур ) анафилактикалык шок түрүндөгү олуттуу аллергиялык реакциялар келип чыгат.

Кеңештер:

Эгерде эмдегенден кийин балаңызда аллергиялык реакциялар пайда болсо, тез арада үй-бүлөлүк дарыгерге же тез жардам бөлүмүнө кайрылуу керек.

Эмдегенден кийин балага көз салуу үчүн 30 мүн., ичинде эмдөө кабинетинин жанында болгон жакшы.