Ымыркайлар үчүн оюнчуктар: биринчи үч айда
Үч айга чейинки балдар үчүн оюнчуктар
2-3 айлык мезгил баланын узак убакыт ойгоо болушу менен мүнөздөлөт. Бала колун оозуна салат же:
• манжаларын чырмалыштырып, кийимин мыкчый башташы мүмкүн;
• башын эки тарапка тең эркин бура алат;
• күбүрөнүп, ар түрдүүчө үн салат;
• оюнчукту кармап, буттарын курсагына чейин бүгүп, таманы менен да “ороп алат”.
Бала кармап, оозуна алып бара алгыдай чоңураак оюнчукту көкүрөгүнө коюңуз. Ал оюнчукка тийгидей, буту менен кармай алгыдай болсун. Сиздин чачыңызга же атасынын сакалына жеткидей кылып баланын башын көкүрөгүңүзгө коюңуз; бул муштумду жазуу жана кармоо кыймылдарын өнүктүрөт.
Баланы курсагына жаткырыңыз. Кулап кетпеши үчүн сүлгүнү ороп, баланын көкүрөк тушуна төшөсөӊүз болот. Ар дайым кучагы жайылып турганы жакшы – ошондо ал кулап кетпей, оюнчуктарды кармай алат. Балаңыздын көзүнө көрүнгүдөй кылып оюнчукту акырын жылдырыңыз. Бала оюнчукту кармаш үчүн жакыныраак коюңуз.
Балага шылдырак, топ, ар түрдүү куб, жумшак үн чыгарган, оозуна салса зыяны жок оюнчуктарды берип ойнотуу керек.
Балаңыз ойгоо, активдүү болгон учурда ойнотуңуз.
Мындай учурда сиз:
• буюмдарга көз жүгүртүп байкоо салуусуна өбөлгө түзөсүз;
• баланын ар кандай үндөрүн кайталап, буюмдарды кармоо үчүн муштумун жазууга жана колунун кыймылдарын жакшыртууга өбөлгө түзөсүз;
• чогуу ойноп, оюнга кызыктырсаӊыз, баланын мээсиндеги нейрондук байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөсүз.