2-ай: Бири-бирине көнүшүү жана күнүмдүк тартип орнотуу

Эгерде мен сизге айта алганымда..."Мага бир нерсе керек болгондо, сиз ушул жердесиз. Мен ачка болгондо же суусаганда же сизди көргүм келгенде же мени колуңузга алып кучактаса экен дегенде же уйкум келгенде сиз аны кандайдыр бир жол менен билесиз. Кээде мен жөн гана ыйлай баштасам же башка үндөрдү чыгарсам, сиз дароо жанымдасыз. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Сиз мени менен сүйлөшкөндө, жооп катары бир нерсе айткым келет. Менин бүткүл денем кубанычка толот. Мен тааныш жүздөрдү жана буюмдарды караганды жакшы көрөм, колдорум болсо мага аябай кызыктуу көрүнөт. Бул дүйнө аябагандай кызыктуу, бирок кээде ушунчалык толкундануу көп. Ошондуктан мен дагы эс алып, укташым үчүн, тынчтык керек. Бирок өзүмдү коопсуз сезем, себеби сиз ушул жерде жанымдасыз."

2-айда баланын өнүгүшү  

Баарлашуу

Эмне жаңы?

Бул мезгилде байкай турган эң биринчи нерсе - ымыркайыңыздын төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрдөгүдөн көбүрөөк ыйлаганы. Бул өнүгүүнүн экинчи айында күтүлүүдө, ал эми үчүнчү айда дагы уланат. Бул чындыгында ымыркайыңыз сиз менен баарлашууну үйрөнүп жаткандыгын билдирет. Анын кыйкырыгы азыр өзгөчө байкалууда - бул курсагы ачканын, жагымсыз абалын же чарчаганын көрсөткөн ар кандай кыйкырыктар. Ошондой эле анын үн салганын («ооо» же «ааа» болушу мүмкүн) жана булдурап жаткандыгын байкай баштайсыз.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Анын сүйлөшүүсүн түшүнгөнүңүзгө ынануу үчүн ага бир аз убакыт талап кылынат, андыктан ымыркайыңыздын ыйлаганына ар дайым жооп кайтаруу керек. Ымыркай үн чыгарып жатканда, аны менен так жана жай сүйлөшүңүз, жүзүңүз жана үнүңүз менен кубанычыңызды билдирип, анын үндөрүн кайталаңыз.

Сезимдер.

Эмне жаңы?

Ымыркайыңыз сиз менен мамиле түзүп, сизди тааныйт - көбүнчө жытыңыз жана үнүңүз аркылуу. Ал сизди жана ага жакын адамдарды издейт. Ушул мезгилде ал сизге биринчи ирет жылмайып жооп бериши мүмкүн - кандай гана керемет учур.

Ал, адатта, экинчи айда үндөргө сезимтал болуп калат - сиз аны менен сүйлөшкөндө гана таанып калбастан, сиздин үнүңүзгө жооп берип, аны менен сүйлөшкөндө сиздин жүзүңүздү издейт. Албетте, ага сиздин барыңыз керек, бирок ал өзүн-өзү соорото алат, мисалы, бул үчүн муштумун оозуна салат.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Ымыркайыңыздын тамак-ашка болгон муктаждыгын канааттандырып, нымдуу кийимдерин алмаштырып, ага үнүңүз менен же колуңузду тийгизген сайын, ал сооронуп , өзүн коопсуз сезет. Ымыркайыңызды ар дайым жагымдуу үн менен сүйлөп, назик кармап, терметип же ырдап сооротуңуз. Ымыркайыңыз сиздин жаныңызда болгонду жакшы көрөт. Ал айланага көз чаптырып, угууну жактырат. Аны терметип ырдаңыз жана аны менен баарлашыңыз, баланын тилинде сүйлөшүңүз жана аны менен көп ойноңуз. Ал жактырган нерсеге жана аны эмне тынчтандырарына көңүл буруңуз. Ага өзүн тынчтандырууну үйрөнүүгө жардам бериңиз - манжаларын сорсо дагы болот.

Ой жүгүртүү

Эмне жаңы?

Ал көзү менен көп нерсени үйрөнүп жатат - мисалы, кызыктуу буюмдарды көзү менен ээрчип карайт. Ал сиздин жүзүңүзгө кызыгат, бул сиздин ымыркайыңыз  үчүн дагы бир жаңы маалымат булагы. Эгер иш-аракет бир калыпта туруп калса, ал тажап кетет жана ызы-чуу баштайт, же өтө эле көп өзгөрүүлөр болсо, ашыкча стимулдаштырылышы мүмкүн.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Ымыркай курсакта жатканда, ачык түстөр менен оюнчукту алдына коюп, бир жагынан экинчи жагына жылдырсаңыз болот. Эгер ойноп жатканда ымыркай нааразы болуп, башын капталына буруп же ыйлай баштаса, бул ашыкча стимулдашуунун белгиси болушу мүмкүн. Сиз оюнду бир аз басаңдатыңыз же тыныгуу керек. Канткенде да, балким ал бир аз тажагандыгын, башка иш-аракеттерди же бөлмөнүн башка бөлүгүнө алып барышыңызды каалап жатышын байкай аласыз. Сиз өз ымыркайыңызды өзүңүз эң жакшы билесиз! Сиз ымыркайга ал тиктеген, кармалаган жана кармай алган, ар кандай нерселерди сунуштай аласыз. Чалкасында жатканда, оюнчукту же шыңгыракты баш жагынан, көздөрүнүн деңгээлинде кармап, ага жетүүгө үндөңүз. Бул ал чече турган жаңы жана кызыктуу маселе.

Кыймыл аракет.

Эмне жаңы?

Экинчи айдын аягында ымыркайыңыздын кыймылынын өрчүшү жакшыраак боло баштайт. Балдар ар кандай мөөнөттөрдө өнүгүшөт, бирок бул мезгилде ал курсагында жатканда башын көтөрүп, ары-бери кыймылдата алат.  Анын колу-бутунун кыймылы жаңы төрөлгөнгө караганда ийкемдүүрөк жана координацияланган. Ага өз денесин билүү кызыктуу болуп, айрыкча колу жана манжалары ушул мезгилде ал үчүн эң күлкүлүү көрүнөт. Ал аларды карап, аларды бириктирип, кайра ажыратып изилдейт жана сиздин жардамыңыз менен бир нерсени колуна кармай алат.

Сиз эмне жардам бере аласыз?

Ымыркайыңыз ойгоо мезгилинде аны курсагына жаткызып, ага кызыктуу, коопсуз нерселерди жанына коюп коюңуз. Ымыркайды сылап жана ага массаж кылуу менен сиз анын кыймыл-аракетинин өнүгүшүнө түрткү бересиз. Ошол эле учурда, сиз аны менен тыгыз байланышта болуп, ал кыйналып турса, аны соорото аласыз.

Баланын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.

Ата-энелердин 2-айда өнүгүүгө болгон кооптонуулары

Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин ымыркайыңыз  кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.

Ошентсе да, эгерде ымыркайыңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка кыжалатчылыктар болсо, анда педиатрыңыз (же башка медициналык адис) менен сүйлөшүңүз:

•           наристе көп ыйлайт, аны жоошутуу оңой эмес,

•           ал кыска убакытка да жүздөрдү карабай жатат,

•           ал жаркыраган жарыкка же катуу үндөргө жооп бербейт,

•           ал тамактанбай жатат же жакшы уктабайт (же күнүнө 16 сааттан ашык уктайт),

•           ал колу-бутун таптакыр кыймылдатбайт

•           ал колун оозуна алып барбайт

•           ал адамдарга жылмайбайт.

References and comments

Reference:

https://raisingchildren.net.au/newborns/development/development-tracker/1-2-months

Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon

Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.