Балдардын оюндарына чоңдордун катышуусу

Ойногонго мүмкүнчүлүк түзүңүз, кантип ойноо керектигин бала өзү ойлоп тапсын: наристелер үчүн оюн — жөн гана сиз менен кучакташып, сүйлөшүп, бирге өткөргөн убакыт; ушул учурда бала демилгени колго алып, кыймыл, көз караш, үн аркылуу ойной баштайт; чоңураак балдар үчүн — өз убактысын эркин башкаруу жана өздөрү үчүн иш-аракеттерди ойлоп табуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
Body

Баланын кызыгуусун байкап, колдоңуз

  • оюнчуктар, балдар ойной турган башка нерселер – бул кутуча, жалбырак, таш, банка, картон табак, эски идиш, желим бөтөлкө ж.б. болушу мүмкүн;
  • каалаган убакта өзүнө керектүүсүн алуу үчүн мунун баары балага жеткиликтүү болсун.

Мезгил-мезгили менен жаңы бир нерсени кошуп коюңуз

  • бул сөзсүз эле жаңы оюнчук болушу шарт эмес: эски кийимдерди башкача пайдаланыңыз, аны башка жерге коюӊуз же ичине бир нерсе салыңыз; оюнчуктун ордуна сүйлөп, ага “үн” берип, “жандандырыңыз”;
  • жаңы иш-аракеттерди да оюн түрүндө сунуштаңыз: балаңызды күнүмдүк иштерге (тамак жасоо, үй тазалоо, багбанчылык, үй жаныбарларын тамактандыруу, соода кылуу) тартыӊыз, жолдо баратканда көргөн нерселер жөнүндө сүйлөшүңүз, айлананы чогуу изилдеңиз, ал жакшы көргөн жаныбарлар жөнүндө көбүрөөк билиңиз, көчөдө сейилдеп жүргөндө кызыктуу нерселерди – бутак, чырпык, жалбырак, шагыл, мөмө ж.б. чогултуңуз.

Баланын демилгесин сыйлаңыз

  • оюн сизге маанисиздей көрүнсө да, бала үчүн маанилүү экенин унутпаңыз;
  • баланы, анын көндүмдөрүн, дүйнөнү кандай көрөрүн, кандай элестетип, кандай тыянак чыгарарын кабыл алыңыз жана ал эмнени кызыктырарын жана эмнени изилдегиси келгенин кантип көрсөтөрүн түшүнүңүз.

Балаңыз менен көбүрөөк ойноо үчүн иштешиңиз

  • кээде чоңдор оюнду “оӊдоп-түзөөгө” же оюндун сценарийине ылайык келген “туура” кийинүүгө, кебетесин же жүрүм-түрүмун өзгөртүүгө аракет кылышат;
  • оюндун алтын эрежеси: бала оюндун ыгын, сюжетин, жүрүшүн жана жыйынтыгын өзү аныктасын;
  • бала ойногусу келип жаткан учурда оюнду токтотпоңуз;
  • эсиңизде болсун, оюнда максат же натыйжа (мисалы, кубдардан көпүрө куруу) эмес, эмне болуп жаткандыгы башкысы: ким көпүрө кургусу келген, эмне себептен, көпүрө эмнеден жасалган, көпүрө куруу учурунда эмне болгон, ким көпүрө курууга келген, б.а. процесс маанилүү;
  • балага эмне болуп жатканын, аны менен оюндун каармандары эмне кылышканын, алардын сезимдерин айтып туруңуз;
  • бала өзүнүн идеяларын сынап, аларды өзгөртүп, өнүктүрө алышы үчүн ага “күзгү” болуңуз.