Ашыкча толкундануу: кичинекей балдар жана чоңураак балдар
Ашыкча толкундануу деген эмне?
Ашыкча толкундануу балага өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө салыштырмалуу көбүрөөк баштан өткөрүүлөр, жаңы сезимдер, ызы-чуу жана активдүүлүк үйүлгөндө болот.
Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркай коноктор келгенден кийин көп чоң адамдар аны кучактаганда абдан тынчы кетиши мүмкүн. Мектепке чейинки курактагы баланын туулган күнү сыяктуу маанилүү окуядан кийин ачуусу келиши мүмкүн. Мектеп жашындагы бала мектепке, андан кийин атайын топко, андан кийин — сууда сүзүү боюнча машыгууга барганда чыргоолонушу мүмкүн.
Ашыкча толкунданган балдар чарчап калышат. Мындай болгондо, алар тынч жана тааныш чөйрөдө убакыт өткөрүшү керек.
Ашыкча толкундануунун белгилери
Эгерде сиздин жаңы төрөлгөн же чоңоюп калган балаңыз ашыкча толкунданса ал:
- чыргоолонушу же чарчашы мүмкүн;
- көп ыйлашы мүмкүн;
- капаланып же сизден жүзүн бурушу мүмкүн;
- жулкунушу мүмкүн;
- муштумун түйүп, колун силкиши же чапкылашы мүмкүн.
Эгерде чоңураак бала же мектепке чейинки курактагы бала ашыкча толкунданып жатса, анда ал:
- чарчаган, чыргоо же капаланган көрүнүшү мүмкүн;
- ыйлашы жана сезимдерин сөз менен айтып бере албашы мүмкүн;
- ыйлап же ачууланып жерге жатышы мүмкүн;
- ал мындан ары бир нерсе кылгысы келбегенин айтышы мүмкүн;
- жөнөкөй нерселерди жасоодон, мисалы, коопсуздук курун тагынуудан да баш тартышы мүмкүн.
Балаңыздын ашыкча толкунданып жатканын тез түшүнөсүз.
Активдүү жана тынч иш-аракеттердин балансын кантип табууга болот
Баланын жашоосунун алгачкы беш жылында анын мээси жашоодо болуп көрбөгөндөй активдүү жана тез өнүгөт. Балаңыздын кичинекей кезинде башынан өткөргөн нерселери — ал көргөн, уккан, тийген, жыттаган жана даамдаган нерселердин баары — миллиондогон нейрон байланыштарын түзүү менен анын мээсин стимулдайт.
Бул сиздин балаңызга ар кандай иш-аракеттери менен стимулдаштыруучу, ойноо жана үйрөнүү үчүн көптөгөн варианттар жана ал үйрөнүп жаткан нерсени практикалоо мүмкүнчүлүгү бар чөйрө керек дегенди билдирет.
Балаңыз айлана-чөйрөнү өзү каалагандай жана өз темпинде изилдеп, тынч чөйрөдө көңүл ачуу пайдалуу болот. Бул балага өзүн бир нерсе менен алек кылууга, ага тынч убакыт керек экенин түшүнүүгө жана өзүн жакшы сезе турган иш-аркеттерди табууга үйрөтөт.
Ымыркайлар: ашыкча толкунданганда эмне кылуу керек
Кичинекей балаңыздын чарчап калганын көргөндө, ал тынчтануу үчүн тынч жерге алып барыңыз — мисалы, аны бешикке жаткырыңыз. Эгер балаңыз менен сейилдеп жүрсөңүз, аны коляскага салып, жеңил жууркан менен жаап коюңуз.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларды жана кичинекей балдарды ороп коюу алардын тынчтануусуна жардам берет, анткени бул алардын энесинин курсагында болгон учурда, төрөлгөнгө чейин сезген физикалык сезимди берет. Эгер сиз аны күнүмдүк иш-аракеттерди жасап жатканда денеңизге жакын слингде же ушуга окшош нерседе көтөрүп жүрсөңүз, баланын тынчтануусуна өбөлгө болот.
Кичинекей балдар жана мектепке чейинки курактагы балдар: ашыкча толкунданганда эмне кылуу керек
Эгер кичинекей балаңыз же мектепке чейинки курактагы балаңыз ашыкча толкунданып жатса, кырдаалды жөндөө боюнча бир нече кеңеш:
- Өзүңүз тынч болуңуз. Сиздин абалыңыз балага да өтөт.
- Баланын айланасындагы ызы-чууну жана активдүүлүктү азайтып, телевизорду же үндөрдүн булагын өчүрүп, балаңыз менен анын бөлмөсүнө барыңыз же тынчтануу үчүн анын жанында болуңуз.
- Балаңызга жүрүм-туруму аркылуу билдирген сезимдерин сүрөттөө үчүн сөздөрдү табууга жардам бериңиз. Сиз: “Мен сенин капаланып жатканыңды көрүп турам”, “Чарчаганыңды көрүп жатам” деп айтсаңыз болот.
- Балаңыз менен тынч отуруп, тынчтандыруучу нерселерди жасаңыз. Сиз жомок окуп, аны жанына жатып, тынч ырларды ырдап же жөн гана анын далысынан сылап койсоңуз болот. Ал тынчтанып калганда, ага жалгыз ойноого убакыт бериңиз.
- Эгер балаңыз бир нерсе кылгым келбейт десе, ошол иш-аракетте конкреттүү эмне жакпай жатканын сураңыз. Сүйлөшүүнү ал тынчтанып калганда баштаңыз.
Балаңыз ашыкча толкунданганда же стресс болгондо жүрүм-турумундагы көйгөйлөрдү баланын айланасындагы чөйрөнү өзгөртүү менен чечүүгө болот.
Мектеп жашындагы балдар: ашыкча толкунданганда эмне кылуу керек
Бул куракта балдарды өз алдынча тынчтанууга үйрөтсө болот. Сизге жардам бере турган бир нече кеңеш:
- Балаңызга жүрүм-туруму аркылуу билдирген сезимдерин сүрөттөө үчүн сөздөрдү айтыңыз. Сиз: “Мен сенин капаланганыңды көрүп турам”, “Чарчаганыңды көрүп жатам” деп айтсаңыз болот.
- Балаңыз чарчап калса же ашыкча нерсе көп болгондуктан чыргоолонуп жатса, тынч жерге барууну сунуштаңыз. Мисалы, ал өз бөлмөсүндө жай музыка угуп же китеп окушу мүмкүн.
- Балаңыз менен кайсы иш-аракеттер эң кызыктуу экендиги жөнүндө сүйлөшүңүз. Эгер ал үчүн өтө көп болгонун түшүнсө, кээ бир иш-аракеттерден баш тартууну ойлонушу керек болушу мүмкүн.
- Балаңызга стресстен жана ашыкча жүктөмдөн арылууга жардам бере турган иш-аракеттер жөнүндө ойлонуп көрүңүз, балким балаңыз менен чогуу жасай турган бир нерсе бардыр.
Жумалык графикте үй тапшырмаларын аткарууга, үй-бүлөңүз менен убакыт өткөрүүгө, достору менен баарлашууга жана жөн гана өзү менен болууга жетиштүү убакыт болушу керек.
Жүктөмдү оптималдуу бөлүштүрүү
Ар бир бала ар башка болгондуктан, жүктөмдүн кандай көлөмү оптималдуу болот деген суроого так жооп жок. Ар кандай балдар ар кандай деңгээлдеги толкундануу менен күрөшүшү мүмкүн.
Балаңыз эмнени каалаарын жана өзүн кандай алып жүрөрүн жетекчиликке алыңыз, бирок бардык нерседе чектин болушу маанилүү экенин унутпаңыз.
Эгерде сизде кичинекей бала болсо, анда күн сайын уктоо убактысынан тышкары тынч ойноп же эс ала тургандай кылып убакытты бөлүштүрүү сунушталат.
Мектеп жашындагы балаңыз үчүн мектептен тышкары ага кызыктуу болгон бир же эки көнүгүү пайдалуу болушу мүмкүн. Спорт, музыка жана башка ийримдер көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн, жаңы досторду табуунун жана кызыктуу нерселер менен алек болуунун мыкты ыкмасы болушу мүмкүн. Бирок, мектептен тышкаркы иш-аракеттерге көп убакыт сарптаса, эс алууга жана өз алдынча ойноого убакыт калбайт.
Өзүңдү бир нерсе менен алек кылууну билүү — бул жашоодогу маанилүү көндүм. Аны кубаттоо менен сиз балаңызга көз карандысыз чоң адам болууга жардам бересиз.