Ден соолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшерүү: 12 - 15 ай
Балаңыз өзүнүн айланасындагы мейкиндикти өздөштүрүп жатат: ал өз алдынча отуруп, эмеректердин жанында жүрүп, алгачкы өз алдынча кадамдарын жасай баштайт. Ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттарын, айлана-чөйрөдөгү кээ бир буюмдардын аталыштарын билет жана анын алда качан эле маанисин билип айткан сөзү бар. Ал өзүнөн-өзү эле кызыкчылыктарды бөлүшүүнү суранат, ошентип сиз аны барган сайын жакшы көзөмөлдөп жана өнүгүүсүн колдоп келе жатасыз.
Кабыл алууга даярдануу
Адаттагы буюмдардан тышкары буларды алып келүүнү унутпаңыз:
- Балаңыздын сүйүктүү оюнчугу
- Таза суу куюлган бөтөлкө
- Дарыгерден сурай турган суроолор
Профилактикалык текшерүүнүн максаты
- Өнүгүүнү баалоо.
- Өсүүнүн мониторинги: дененин узундугун, салмагын жана баштын айланасын өлчөө.
- Киришүү маеги жана кеңеш берүү: Ушул жашта сиз дарыгер менен талкуулагыңыз келген бир катар темалар бар, бирок баланын өнүгүү темасы негизги болуп кала берет. Сиз: бала мейкиндикте кандай кыймылдайт; ал өтүнүчтөрдү кандайча түшүнөт жана каалаган нерсесин кантип сурайт; сиз менен кантип ойнойт; ал өзүнө өзү жардам берүүнүн кайсы ыкмаларын өздөштүрдү: колу менен тамак жейт, кашык, чыны ж.б. колдонууну үйрөнө баштадыбы, айтып бересиз. Ошондой эле: үй-бүлөлүк дасторкондон тамактанууга өтүү, балдардын коопсуздугу жана жаракаттан коргоо, өзүн өзү тейлөө ыкмаларына даярдануу ж.б. байланыштуу башка темалар бар.
- Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: Дарыгер сизге мурунтан белгилүү болгон ырааттуулукта баланы үзгүлтүксүз текшерүүдөн өткөрөт. Дарыгер балага бир буюмду сунуштайт жана анын жүрүм-турумуна, ошондой эле сизге карата болгон мамилесине байкоо жүргүзөт.
Сергек жашоо мүнөзү: Медицина кызматкери тамеки түтүнүнүн таасирине бөгөт коюу, уюлдук телефон, планшет, сыналгылардын зыяндуу таасири, баланы бөтөлкө менен төшөккө жаткырбоо, айрыкча сүт аралашмасы же таттуу суусундук куюлган бөтөлкөнү колдонбоо, күн нурунун таасиринин коопсуз болуусун камсыздоо жана автоунаада баланы кантип коопсуз ташуу керектиги боюнча айтып берет. Мындан тышкары үй-бүлөлүк дарыгер же медайым сиз менен баланын үй-бүлөлүк түшкү тамактарга катышуусунун артыкчылыктары тууралуу талкуулайт. Ошондой эле, тиш жана ооз гигиенасы боюнча маселелер да талкууланат.
Эмдөө
- Үй-бүлөлүк дарыгер же медайым сиздин балаңыз буга чейин кайсы вакциналарды алгандыгын текшерет.
- Эгерде бала учурдагы профилактикалык эмдөө календарына ылайык бардык зарыл болгон вакциналарды алган болсо, анда дарыгер же медайым төмөнкүлөрдү текшерет: Ал буга чейин жасалган вакциналарды кандай кабыл алды? Балаңызда кандайдыр бир дары-дармектерге же тамак-ашка аллергия барбы? Ал кандайдыр бир дары-дармектерди ичип жатабы? Ал иммундук жетишсиздик менен жапа чекпейби? Үй-бүлөдө иммунитети начарлаган кимдир-бирөө барбы?
- 12 айдан баштап Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык бала төмөнкү эмдөөлөрдү алат:
- 12 айында кызылчага, эпидемиялык тепки жана кызамыкка (КПК-1) каршы эмдөө.
- Кызылчага, эпидемиялык тепки жана кызамыкка каршы КПК-1 вакцинасы менен эмдөө.
- ПКВ вакцинасы менен пневмококк инфекциясына каршы ревакцинация
Жыйынтыктоо:
- Кабыл алуунун аягында дарыгер балаңыздын ден соолугуна тийиштүү калган маалыматтарды жана андан аркы иш-аракеттер боюнча сунуштарды берет.
- Баланын канын лабораториялык текшерүүгө берүү үчүн жолдомо аласыз.
- Эгерде башка адистен текшерүүдөн өтүү зарылдыгы келип чыкса, дарыгер тиешелүү сунуштарды берет.
- Сизге ошондой эле кийинки келүүнүн убактысы жөнүндө маалымдайт.
Профилактикалык текшерүү - бул балаңыздын өсүшүн, өнүгүшүн жана ден соолугун текшерүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле анын өнүгүүсүнө мындан ары колдоо көрсөтүү үчүн сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгү экендигин унутпаңыз. Бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербеңиз!