13 айдан 24 айга чейинки балдар үчүн оптималдуу тамактануу
Баланы күнү-түнү анын талап кылуусу боюнча эмизүүнү улантыңыз. Бул анын ден соолугун сактайт, анткени эне сүтү балаңыздын рационундагы эң маанилүү бөлүк болуп саналат. Балдар аралашмаларын берүүнүн кажети жок (6 айдан чоңураак курактагы балдар үчүн атайын иштелип чыккан сүт аралашмалары), анткени эне сүтү ар түрдүү тамактанууда балаңыз муктаж болгон бардык аш болумдуу заттарды камсыз кылат.
Эне сүтү мурдагыдай эле 13 айдан 24 айга чейинки курактагы баланын энергетикалык керектөөсүнүн үчтөн бир бөлүгүн (1/3) түзөт.
Балага кошумча тамак берүү менен алты маанилүү учурду эске алуу керек:
- Жыштык: Кичинекей балага күнүнө 3-4 маал кошумча тамак берип туруңуз. Баланын табитине жараша 1-2 жолу шам-шум сунуштоого болот.
- Көлөм: Көлөмдү төрттөн үчкө (¾), 1 чыныга (250 мл чыны) чейин көбөйтүңүз. Бала берилген тамактын бардыгын жегенине ынануу үчүн өзүнчө табакты колдонуңуз.
- Коюулук: Үй-бүлөлүк дасторкондон алынган майда бөлүкчөлөргө бөлүнгөн, жарым-жартылай катуу жана катуу азыктарды бериңиз.
- Түрдүүлүк: Ар бир тамактанууда балага түрлүү тамактарды бергенге аракет кылыңыз.
- Жаныбар тектүү азыктар: майсыз уйдун, койдун, тооктун эти, үндүк эти, балыктан жакшы кайнатылып жасалган фарш, жумуртка жана сүт азыктары. Жаныбар тектүү азыктар абдан маанилүү. Жаныбар тектүү азыктарды мүмкүн болушунча эртерээк жана мүмкүн болушунча тез-тез бере баштаңыз. Жакшылап бышырып жана майда тууроо керек.
- Жакшы куурулган жана майдаланган төө буурчак (кабыгын сөзсүз сыйрып салуу керек)
- Кайнатылган жашылчалардан жасалган пюре: сабиз, шалгам, ашкабак, түстүү капуста, ак кочандуу капуста, бадыраң, кызылча, баклажан, помидор, кабыкча, брокколи, ошондой эле ар кандай жашылчаларды ботко менен айкалыштырууга болот.
- Жумшак жемиштерден жасалган пюре: банан, алма, алмурут, шабдалы, кара өрүк, бирок балаңызды жемиштер менен гана эмес, жашылчалар менен да азыктанып жаткандыгына ынаныңыз.
- Быштак, айран, сыр сыяктуу сүт азыктары
- Паста түрүндөгү жаңгактар
- Кошумча аш болумдуу шам-шумдар (тамактануулардын аралыгындагы кошумча тамак), мисалы, бышкан жемиштердин же башка жашылча жана жемиштердин кесимдери, алар бышкан мезгилде күнүнө бир же эки жолу сунуштаса болот.
- Йоддолгон тузду колдонуңуз.
Таттуу суусундуктарды, таттуу печенье, пирожный, куурулган азыктар же тез татым сыяктуу жогорку деңгээлде иштетилген азыктарды колдонуудан алыс болуңуз. Бул азыктар май, туз, шекердин чоң көлөмүн камтыйт жана анда балаңыздын дени сак өсүшүнө тоскоол боло турган консерванттар бар.
Суу - бул бала үчүн эң пайдалуу (жана эң арзан) суусундук! Сууну ар бир тамактануудан кийин тез-тезден сунуштап турууга тийишсиз, баланын суусаганын күтпөңүз.
- Мээримдүүлүк менен тамактандыруу
Сабырдуу болуңуз жана баланын тамактануусун активдүү колдоңуз. Берилген тамактын бардыгын жегенине ынануу үчүн баланы тамактандырууга өзүнчө табак колдонуңуз. Балага колу менен жегенге мүмкүнчүлүк бериңиз, анын өз алдынча тамак жегенин колдоңуз. Баланын өзүнүн идиш-аяктары болушу керек.
- Гигиена
Ич өткөк жана башка оорулардан коргонуу үчүн жеке гигиенаны сактоо абдан маанилүү. Балага тамак же суюктук берүү үчүн таза кашыкты же чөйчөктү колдонуңуз. Балага бериле турган тамак-ашты коопсуз жана таза жерде сактаңыз. Тамак-аш даярдоонун жана балага тамак берүүнүн алдында колуңузду самындап жууңуз. Тамактануунун алдында баланын дагы колун жууңуз. Дааратканадан чыкканда, гигиеналык процедураларды аткарып жана баланын астын жуугандан кийин колду самындап жууңуз.