Балдардын толук баалуу тамактануу адаттары

Ата-эне катары сиз балаңызга толук баалуу тамакты берип, аны жегенге мүмкүнчүлүк бересиз. Тамак жеп же жебей тургандыгын, же канчалык жеш керек экендигин бала өзү чечет. Эгерде сиз балаңыз ашыкча жеп жаткандыгына тынчсызданып жатсаңыз, анда сизге туура тамактануу режими жардам берет.
Body

Толук баалуу тамактануу жана балаңыздын табити

Сиз балаңыз жетишээрлик тамак жеп жатабы деп тынчсызданышыңыз мүмкүн. Ошондой эле сиз балаңыздын ашыкча жеп жатканына жана нормадан ашыкча салмакта экенине кабатырланышыңыз мүмкүн.

Ата-эне катары сиз балаңызга толук баалуу тамакты берип, аны жегенге мүмкүнчүлүк бересиз. Тамак жеп же жебей тургандыгын, же  канчалык жеш керек экендигин бала өзү чечет.

Балдардын табити күндөн күнгө өзгөрүшү нормалдуу көрүнүш. Кээде балаңыз көп жегиси келсе, жөн гана анын толук баалуу  тамактанганына ынаныңыз. Башка убакта ал жегиси келбей калышы мүмкүн. Тынчсызданбоого аракет кылыңыз, анткени ал, балким, кийинки тамакта же алтургай кийинки күнү аны толуктайт.

Эгерде балаңыз жегиси келбесе, аны мажбурлабоого жана тамак-аш үчүн сыйлык катары башка тамак бербөөгө аракет кылыңыз. Тамактанууга мажбурлоо, аны табитине баш ийбөөгө үйрөтөт.

Эгерде сиздин балаңыз жакшы өсүп жана өнүгүп жатса, демек ал жетиштүү тамактанып жатат.

Толук баалуу тамактануу тууралуу маалыматты жеткирүүнүн эң таасирдүү жолу - бул сиздин күн сайын туура тамактануу үчүн тамак-аштарды тандаганыңыз. Балдар сиз жасап жаткан нерсени жасагысы келет.

"Кичинекей курсак" жана толук баалуу тамактануу

Балаңыз тамакты ашыкча жеп жаткандыгына тынчызданууну жеңүү үчүн балаңыздын курсагы анын  мээси менен кантип сүйлөшөөрүн түшүнүү жардам берет.

Мисалы, балаңыздын мээси ашказан толтура экендигин  тамак  курсагына түшкөндөн  20 мүнөттөн кийин гана түшүнөт. Ошондой эле, балаңыздын ачкачылыгы анын физикалык активдүүлүгүнө жараша   жарым -жартылай аныкталат.

Балага  тамак-ашты жана шам-шумду үзгүлтүксүз берип туруу  анын  табитин жакшыртат. Үзгүлтүксүз тамактандыруу  жана шам-шумдар  толук баалуу тамактануунун бир бөлүгү боло алат.

Ашыкча тамактануу

Эгерде сиз балаңыздын ашыкча тамактанууга жакын экендигине тынчсызданып жатсаңыз, төмөнкүлөрдү жасап көрүңүз:

  • Тамактын бир аз кичирээк бөлүгүн сунуштаңыз. Эгер балаңыз аны түгөтсө, экинчи кичине үлүштү бериңиз. Бул балаңыздын албай калган азыктарын  толтурууга   мүмкүнчүлүк берет.
  • Эгерде балаңыз  тамактын бир бөлүгүн жебесе - мисалы, жашылчаларды - бул анын тандоосу. Жетишпеген жашылчалардын ордун толтуруу үчүн башка тамактын порциясын сунуштоо  туура  эмес.
  • Балаңыздын тамагын кичинекей табак менен бериңиз. Ошентип ал керектүү өлчөмдөгү үлүштү алат, бирок ошондо дагы  "толтура табак менен" тамак ичкен болот.
  • Тамактануу учурунда сыналгы же оюнчук сыяктуу нерселер менен алаксытпаңыз.
  • Бул балаңыздын ашыкча тоюп алуусуна жол берет.

Тойбой калуу

Эгерде сиз балаңыздын тамактануу учурунда жетиштүү тамактанбаганын же табити  жок экенин сезсеңиз, анда төмөнкү стратегияларды колдонуп көрсөңүз болот:

  • Тамакты күн сайын бир  эле убакта сунуштаңыз. Эгерде балдар адаттагы көнүп калган убакта тамак жесе, анда алар күндүн ошол эле мезгилинде кайра ачка болушат.
  • Балаңызды тамактануу учурунда көбүрөөк жедирип, шам-шум этүүдө кичине порцияларды бергенге  аракет кылыңыз. Сиздин балаңызга  энергия топтоо үчүн кичине порциялар менен үзгүлтүксүз шам-шум этүү керек болот, бирок эгер шам-шум этүү абдан көп жана  порциялары чоң болсо ,анда бала негизги тамактануунун алдында тоюп алышы мүмкүн.
  • Эгерде ал тамак жебесе, балаңызга альтернатива сунуш кылбаңыз. Сиздин балаңыздын ошол  учурда табити жок  болушу мүмкүн.

Эгерде сизди  балаңыздын өсүшү сизди тынчсыздандырып жатса, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Баланын толук баалуу тамактануусу

Толук баалуу тамактануу адаттары үйдөн башталат.

Балаңызга толук баалуу жана пайдалуу азыктарды берүү абдан маанилүү. Бул толук баалуу тамактануу көндүмдөрүн калыптандырууга жардам берет. Бул сиздин балаңызга толук баалуу  тамактанууну  тандоого жардам берет.

Мына бир нече идеялар:

  •  Мөмө-жемиш салынган идишти столдун же отургучтун үстүнө коюп коюуга аракет кылыңыз. Эгерде балаңыз тамактангандан кийин дагы тойбой калса, жемиштерди сунуш кылсаңыз болот.
  • Ашкананы   жана муздаткычты  көптөгөн толук баалуу, аш болумдуу азыктар менен толтуруңуз.
  • Ар кандай  түстөгү, текстурадагы жана даамдагы мөмө-жемиштерди  тандоого аракет кылыңыз – алар  канчалык көп болсо, ошончолук балаңыз өзүнө жаккан жемишти  таба алат.
  • Балаңызды тамак- ашты пландаштырууга жана даярдоого катыштырыңыз. Эгерде балаңыз тамак жасоого жардам берген болсо, анда ал аны көбүрөөк жеши мүмкүн.
  • Мүмкүн болушунча үй-бүлөңүз менен бирге толук баалуу  тамактануудан ырахат алыңыз. Ошондой эле эртең мененки тамакты чогуу жегенге жана дем алыш күндөрү чогуу тамактанууга  мүмкүнчүлүк  издеңиз.
  • Тамак ичип жатканда сыналгыны өчүрүп коюңуз. Ушундай  жол менен балаңыз толук баалуу тамактанууга жана сиз сунуштаган тамактарды  тандоого көңүл бурат.
  • Балаңызга толук баалуу тамак- аш азыктары тууралуу жазылган китептерди окуп бериңиз - мисалы, жашылча- жемиштердин сүрөттөрү бар китептерди көрсөтсөңүз болот. Балаңызга алардын түрлөрүн, түстөрүн, формаларын жана башкаларын көрсөтүп берүүсүн сураныңыз.

Үйдө толук баалуу тамактарды  кармаңыз жана зыяндуу тамактарды сатып албоого аракет кылыңыз. Балдар  башка  вариант жок болгондугу үчүн , толук баалуу азыктарды тандап алышат. Мисалы, отургучта жаңы мөмө –жемиштер салынган  идиш жана муздаткычта жашылча таякчалары салынган  контейнер болушу  мүмкүн.