Балдар өз алдынча тамак жегенге үйрөнөт
Балдар өздөрү жейт: эмне үчүн бул маанилүү этап
Балдар өзү тамак жегенге үйрөнүүчү этап көптөгөн себептерден улам маанилүү.
Биринчиден, балдар өз алдынча тамак жегенге үйрөнүшөт жана бул көндүмдү — эрте куракта өнүктүрүшү керек.
Экинчиден, бул этапта балдар тамакка активдүү тийип, майдалашат жана түшүрүшөт. Бул башаламандыкты жаратат, бирок бул баланын майда моторикасын өнүктүрүүнүн, тактап айтканда кашыкты кармоого үйрөнүүнүн бир ыкмасы.
Үчүнчүдөн, ушундай ыкма менен бала тамактын даамы, текстурасы, жыты жана температурасы жөнүндө көбүрөөк билет. Мисалы, ал бир ууч бешбармакты же йогуртту сузуп алганга караганда банан же кургатылган өрүктү алуу оңой экенин түшүнөт.
Балдар өз алдынча үйрөнүп жатканда эмнелерди күтүү керек
Катуу тамактарды киргизгенден кийин балада өзү жегиси келген белгилер байкалышы мүмкүн. Мисалы, ал кашыкты алганга же сиздин табагыңыздан тамак алууга аракет кылышы мүмкүн.
Кичинекей балаңыз өз алдынча тамактангысы келет — бул кадимки көрүнүш. Анын бул каалоосун кубаттасаңыз жакшы болот, бирок көбүнчө мындай “көнүгүүлөр” каалабаган башаламандыкка алып келет.
Сабырдуу болуңуз: эртеби-кечпи, бала үйрөнөт. Бул тамактандыруу этабынын кызыктуу жагын тартып алуу үчүн колуңузда камера болгону жакшы.
Кол менен тамактануудан баштайбыз
Манжа тамактары — бул бала оңой эле кармап, бүйлөсү же тиштери менен майдалай турган жумшак “бир тиштем” бөлүктөр. Эгерде бала өз алдынча тамактанууга кызыкдар болсо, анда анын колуна бере турган тамактардан баштаңыз, мисалы, жумшак жемиштердин же картошка, ашкабак сыяктуу кайнатылган жашылчалардын кичинекей бөлүктөрү.
Негизги кеңеш: бир нече үзүм тамакты бала жете турган жерге коюңуз. Кичинекей бала аларды жегенден кийин же түшүрүп салса, сиз дагы салсаңыз болот. Ошентип, башында тамактын баары жерге түшпөйт.
Кашык менен
Көпчүлүк балдар 18 айга чейин кашыкты колдоно алышпайт. Балаңызга кашыкты кичинекей кезинен баштап колдонууга мүмкүнчүлүк берсеңиз жакшы болот. Адатта, кичинекейлер баштагысы келгенин өздөрү билдиришет: дайыма кашыкты алууга аракет кылышат.
Негизги кеңеш: балаңыз экинчи кашыкты кармап турган учурда бир кашык менен тамактандырыңыз.
Бала өзү тамак жегенди үйрөнүп жаткан учурда какап кетбеш үчүн аны дайыма көзөмөлдөп туруңуз. Ал ойноп же жөрмөлөбөстөн, отурганын текшериңиз. Кээ бир азыктар — мисалы, бүтүн жаңгактар жана катуу тамактар, мисалы, кесилген чийки сабиз коркунучтуу жана демдин кысылышына алып келиши мүмкүн. Тамактанууга үйрөнүп жаткан балдарга бул тамактарды бергенге болбойт.
Тамактануу учурундагы башаламандык жана оюн менен кантип күрөшүү керек
Башаламандык жана тамак менен ойноо — бала өз алдынча тамактанууга үйрөнүп жатканда кадимки өнүгүү этабы.
Каалабаган башаламандык менен төмөнкүдөй күрөшүүгө болот:
- ымыркайга боркок тагуу;
- тамакты оңой кармаш жана жеш үчүн узун кылып кесүү;
- балага колу менен жегенге мүмкүнчүлүк берүү;
- балдар үчүн отургучтун астына клеенка же кагаз коюу;
- эгерде сизде коопсуз, тегиз жер болсо, балдар үчүн отургучту үйдүн короосуна коюу.
Балаңыз тамакты жерге түшүрсө же ыргытса — бул кадимки көрүнүш. Эгер сиз бул аракеттерге реакция кылсаңыз, ал бул кызыктуу жаңы оюндун башталышы деп ойлошу мүмкүн. Муну менен күрөшүүнүн бир ыкмасы — көңүл бурбоо. Тамакты тынч жана ызы-чуусуз алыңыз же бала жеп бүткүчө жерде калтырыңыз. Кийинчерээк баарын дароо алып салууга болот.
Чөйчөктү колдонуу
Балага алты ай болгондо чөйчөктөн ичкенге үйрөнүүгө даяр болот. Тамак жеген сыяктуу эле процесс жай жана башаламандык менен коштолот.
Балага чөйчөктөн ичүүгө үйрөнүүнү жеңилдеткен бир нече кеңеш:
- Балаңызга колуна алууга жана кармоого оңой болгон кичинекей пластик, сынбай турган чөйчөктү бериңиз.
- Бала көнүү үчүн алгач чөйчөк менен ойносун.
- Бала чөйчөктү биринчи жолу колдонгондо колуңуз менен кармап колдоңуз.
- Чөйчөктөн суюктук төгүлбөш үчүн ага аз-аздан куюңуз.
- Биргелешип тамактануу учурунда чөйчөктү өзүңүз колдонуп, балага бул кандайча жасаларын көрсөтүңүз: кичинекейлер ата-энесин туураганды жакшы көрүшөт.
6-12 айлык балдарга крандан алынган кайнатылып муздатылган сууну, эмчек сүтүн же ымыркайлар үчүн аралашманы гана бериш керек. 12 айдан кийин уйдун сүтүн берүүгө болот. Мөмө-жемиш ширеси, канттуу суусундуктар жана кошулмалары менен сүт ымыркайларга жана балдарга сунушталбайт. Аларда кант көп болгондуктан, тиштин бузулушуна алып келет.