7-9 ай - Жаңы ачылыштар
Наристенин 7-айдан 9-айга чейинки аралыктагы өнүгүүсү
Баарлашуу
Эмне жаңы?
7-айдан 9-айга чейин, наристеңиз көбүнчө өзүнчө кобурайт. Сиз анын сөздөрүн түшүнбөсөңүз дагы, анын кобураганы сүйлөө ритмине жана ыргагына окшош болот. Бул мезгилде, кээ бир бөбөктөр анын маани-маңызын деле билишпесе дагы, "ма-ма" же "да-да" га окшош биринчи сөзүн айта башташат. Ушул жашта наристеңиз башка ар кандай сөздөрдү түшүнгөндүгүн көрсөтө алат - мисалы, "Апа кайда?" же "Ата кайда?" дегенде, ал энесин же атасын издейт. Же "жок" деген сөздү укканда кыймыл-аракетин токтотот.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Күнүмдүк тиричилик иш-аракеттери менен алектенип жатып, наристеңиз менен сүйлөшүңүз. Ал сиздин аны менен сүйлөшкөнүңүздү укканды жакшы көрөт. Бул оңой: ага эмне кылып жатканыңызды, эмне кылаарыңызды айтыңыз, же өзүңүз колдонуп жаткан же анын айланасында турган нерселерди атаңыз. Бул наристеңизге нерселерди алардын аталышы жана мааниси менен байланыштырууга жардам берет. Балаңыз булдураганда, жылуу жооп бериңиз. Мисалы, ал ашканада мөмөлөрдү карап "ага-гаа" деп булдураса, сиз анын үндөрүн туурап, "Ой, сен алмаларды көрүп жатасыңбы? Мына, алма! ”- деңиз. Аны менен сүйлөшүүдөн тышкары, күн сайын ырдап, ыр катыштырып ойноп, жомок айтып, китеп окуп бериңиз. Бул ага сиздин аны канчалык сүйөрүңүздү көрсөтөт жана баарлашууну үйрөнүүгө жардам берет.
Сезимдер.
Эмне жаңы?
Ушул жашта, наристеңиз сөзү жок эле, кубанганын же капаланганын сизге ачык-айкын билдире алат. Бул мезгил балаңыздын сизге же жакын үй-бүлө мүчөлөрүнө же камкорчуларына болгон күчтүү байланышын өрчүтө турган мезгил. Бирок ошол эле учурда, ал бейтааныш адамдардан коркуу сезимин күчөтө баштады. Эгерде коңшу адам конокко келсе, наристеңиз бир нече ай мурун ал адамга эркин эле барганына карабай, жашынып же ыйлап жибериши мүмкүн. Ал, балким, өзүнүн сүйүктүү адамдары ким экендигин так билет жана алардын көңүл буруусун жана жардамын издейт. Ал жаңы физикалык көндүмдөрүн колдонуп, сизге же башка бир өзгөчө адамга жакын келип, жылмайып, сизден жооп күтөт. Бөлмөдөн бир азга болсо да чыгып кетсеңиз, ал капаланып кетиши мүмкүн. Эгер тигил же бул нерсеге капа болсо, ал сооротууну жана кучактоону издейт.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Эсиңизде болсун, бул ушул куракка мүнөздүү кадимки жүрүм-турум - жана алар анын дүйнөсүндөгү маанилүү адамдар ким экендигин билерин жана сизге канчалык байланганын айгинелейт. Кээде кыйынчылык болсо дагы, чыдамдуу болуңуз жана жаңы адамдар менен таанышканда, балаңызга коопсуздук сезимин камсыз кылыңыз. Наристеңиздин жаңы жагдайларга жана адамдарга болгон мамилесине көңүл буруңуз, анткени анын реакциясы апта сайын өзгөрүп турушу мүмкүн. Эгерде анын жашоосунда жаңы адамдар пайда болсо, өзүн ыңгайлуу сезип, аларга акырындык менен көнүп кетишине жардам бериңиз. Наристеңизден байкаган сезимдерди атаңыз - "Ооба, мен сенин коркуп жатканыңды көрүп турам. Баары жакшы болот; Мен бул жердемин. Кана, сен өзүңү жакшы сезүүгө жардам бере алат бекенбиз."
Эгер сиз күн алыс убактыңызды наристеңизден башка өткөрүүгө мажбур болсоңуз, мисалы, эгерде ал бала бакчага барса, балаңызда өзү менен кошо жакшы көргөн буюмдарынын бар экендигин жана тарбиячы менен тааныш экендигине ынаныңыз. Мүмкүн болсо, ал күн сайын болуучу мекемени ага тааныш чөйрөдөгү тааныш тарбиячыны тандаңыз.
Ой жүгүртүү.
Эмне жаңы?
Наристеңиз эмгектеп баштагандыктан, атүгүл, мүмкүн көмөгүңүз менен бутунда тургандыктан, ага дүйнөнүн жаңы бөлүгү ачылат. Ал кызыктуу буюмдарга жеткенде, эми аларды так кармап, кылдаттык менен текшере алат. Эгер бир нерсени кездеме менен жашырсаңыз, ал аны акыркы көргөн жерин издейт. Ал сиз кездеме менен жапкан оюнчукту издей алат. Бир нерсени ыргытса, аны карап, түшкөн жерин издейт.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Жашынмак оюну сыяктуу оюндарды ойноңуз - балким, кичинекей оюнчукту жууркан астына салып, ымыркайды оюнчукту табуу үчүн жуурканды тартууга үндөңүз. Ал ой жүгүртүү жөндөмүн жана эмоционалдык коопсуздугун арттыруучу ушул түрдөгү оюндарды кайталаганды жакшы көрөт. Ошондой эле, ал кичинекей буюмдарды идишке таштап, кайра алып чыгып, аны кайталап жасаганды жакшы көрөт. (Жакшылап байкап туруңуз, анткени ушул курактагы балдар буюмдарды оозуна салып изилдөө жүргүзөт). Кичинекей нерселерди ойноп, аларды ары-бери түртүп же топторду алдыга-артка тоголотуп ойной берсин. Ал ойноп жатып, анын иш-аракеттери белгилүү бир нерселердин болушуна (себеп / натыйжа) - маанилүү ачылышка алып келиши мүмкүн экендигин түшүнө баштайт.
Кыймыл аракет.
Эмне жаңы?
Ушул айларда бир топ кызыктуу өнүгүүлөр болот. Бул мезгилде наристеңизде айлана-чөйрөнүн кооздугун ачууга мүмкүнчүлүк берген көптөгөн жаңы моторикалык көндүмдөр пайда болот. Ар бир бала өз убагы менен өнүгөт, бирок, кыязы, ал азыр өз алдынча отуруп гана тим болбостон, көбүнчө эмгектеп же тоголонуп, жыла баштайт. Ошондой эле, ал кичинекей нерселерди манжалары менен кармоого жетишет. Ал көбүнчө буюмдарды бир колунан экинчи колуна өткөрүп чеберчилик менен текшерет. Бирок дагы деле болсо буюмдарды оозуна салып изилдейт. Бул жана башка өнүгүү областында наристеңиздин көзкарандысыздыгы өсүүдө. Ушул мезгилде жана сиздин каада-салтыңызга жараша, балаңызды катуу тамактарга үйрөтсөңүз болот.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Наристеңизди кызыктуу буюмдардын жанына аларды коопсуз ала тургандай кылып жайгаштырыңыз. Байкап туруу үчүн, айлана -чөйрөсү коопсуз болуп сиз жанында болсоңуз, балаңызга, бөлмөнүн тегерегинде эркин жүрүүсүнө уруксат бериңиз жана керек болсо жардам бериңиз.
Тумчугуп калуу коркунучун алдын алуу үчүн, ымыркай кармаган буюмдардын бири да өтө кичинекей эместигин текшериңиз. Сиздин милдетиңиз - наристеңизди изилдөөгө стимулдаштыруучу чөйрө менен камсыздоо, бирок ага зыян келтирбөө үчүн жетиштүү деңгээлде коопсуздугун дагы камсыз кылуу. Ал бир нерсени тапканда, анын тапканын жылмаюу менен бөлүшүп же комментарий айтыңыз (“Тапканыңды карачы - чөйчөк! Мен көрсөм болобу?”) Ошентип, наристе өзүнүн кызыгуусун өрчүтүп, ошол эле учурда өзүн коопсуздукта жана корголгонун сезет.
Эгер ал катуу тамак жей баштаса, ага ар кандай даамдарды изилдөөгө жана жаңы тамактарды ар кандай жол менен даамдоого мүмкүнчүлүк бериңиз. Бул курактагы балдардын көпчүлүгү өз алдынча тамак жегенге аракет кылышат (тамактын бир бөлүгүн алып, өзүн-өзү тамактандыруу менен).
Баланын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойнойбуз" бөлүмүнө өтүңүз.
Ата-энелердин 7-айдан 9-айга чейинки мезгилдеги өнүгүүсү боюнча кооптонуусу
Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин балаңыз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.
Ошентсе да, эгерде балаңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка кыжалатчылыктар болсо, анда педиатрыңыз (же башка медициналык адис) менен сүйлөшүңүз:
• эгер наристеңиз сиз менен көз аркылуу контакт кылбаса же кыймылдаган нерселерди көзү менен ээрчип карабаса
• кобурабайт ("апа", "ата" ж.б.)
• башын үн чыккан жакка бурбайт
• сиз көрсөткөн жакка карабайт
• өзүнүн камкорчуларына мээримин көрсөтпөйт - аларга жылмайбайт
• өзүнүн атына жооп бербейт
• тааныш адамдарды тааныбагандай
• тоголонбойт
• аны көтөргөндө, ал же аябай ийилчээк, же өтө эле катуу
• ал сиздин жардамыңыз жана колдооңуз менен деле отура албайт
• жана катуу тамакты жегенде кыйынчылыктарга туш болот.
Reference:
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/7-8-months
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/8-9-months
https://raisingchildren.net.au/babies/development/development-tracker-3-12-months/9-10-months
Laura E. Berk (2006), Child development (7ht edition), Allyn & Bacon
Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.