7 айдан 9 айга чейинки ымыркайлардын оптималдуу тамактануусу
Тамактануунун саны жана тамак-аштын көлөмү
Ушул куракта эмчек сүтү бала үчүн эң маанилүү тамак бойдон кала берет жана анын энергетикалык керектөөлөрүнүн жарымын камсыз кылат. Баланы күнү-түнү талап кылуусу боюнча эмизе бериңиз. Коюу тамактар өмүрүнүн биринчи жылында эне сүтүнүн ордун алмаштыра албайт. Балдар аралашмаларын же улуу курактагы балдар үчүн аралашмаларды (6 айдан жогорку курактагы балдар үчүн атайын иштелип чыккан сүт аралашмалары) берүүнүн кереги жок, анткени сиздин түрлөп тамактанууңуз аркылуу эне сүтү балаңызга керектүү болгон бардык аш болумдуу заттар менен камсыз кылат. Кошумча тамактарды эмизгенден кийин берүү керек.
Балаңызга кошумча тамак берип жатканда алты маанилүү учурду эске алуу керек:
- Жыштыгы: Балаңызга күнүнө 2-3 маал кошумча тамак берип туруңуз
- Көлөмү: 6 айлыгынын тарта ар бир тамактанууда 2-3 аш кашыктан баштап, акырындап 1/2 чыныга (125 мл чейин) (250 мл сыйымдуулуктагы чынылар) чейин көбөйтүңүз.
- Коюулугу: Үй-бүлөлүк дасторкондон алынган пюре/ эзилген азыктарды бериңиз. 8 ай болгондо балаңыз тамакты колу менен жей баштайт.
- Түрдүүлүк: Ар бир тамактандыруу учурунда ар кандай тамактарды бергенге аракет кылыңыз.
Мисалы:
- Жаныбар тектүү азыктар (эт, балык, жумуртка жана сүт азыктары – сыр, быштак), негизги азыктар (дан, тамыры жемиштүү өсүмдүктөр), буурчак өсүмдүктөрү, ошондой эле мөмө-жемиштер жана жашылчалар (сабиз, шпинат, брокколли ж.б.).
- Жаныбар тектүү азыктар абдан маанилүү. Балага жакшы бышырылган жана майдаланган жумуртка, эт (майсыз уй эти жана кой эти), тоок эти, үндүк, коен эти жана балык бергиле.
- Пюре жана ботколор дан, жашылча, буурчак, жумуртка, жемиштер, жашылчалардын аралашмасын, мүмкүнчүлүккө жараша коен эти, уй жана кой эти, балык, канаттуу этин камтышы керек. Ботколорго сүт кошууга болот. Коюу тамактар калорияга жана витаминдерге бай жана суюк тамактарга караганда (мисалы, шорпо) балаңызга жакшы азык берет.
- Шам-шумдарды (тамактануунун арасындагы кошумча тамак-аш), мисалы, күнүнө бир же эки жолу сунуштаса болот.
- Балага таттуу азыктарды (мисалы, печенье же бисквиттер), куурулган тамактарды, өндүрүштөн чыккан ширелерди, чай же газдалган суусундуктарды бербеңиз. Таттуу суусундуктарды пайдаланбаңыз.
- Эгерде бала үчүн тамак даярдасаңыз жана тамакка май же малдын майын кошо турган болсоңуз, анда күнүнө чай кашыктын жарымынан көп колдонбоңуз.
- Балаңыздын рационуна жума сайын бир жаңы тамак кошсоңуз болот.
- 6 айдан кийин бала сүттүн сунушталган өлчөмүн алып жатса дагы, ага суу көбүрөөк талап кылынышы мүмкүн. Балаңыздын тамактан кийин суусагандыгын аныктоо үчүн ага сууну (кайнатылган жана муздатылган) сунуштаңыз.
- Мээримдүү тамактандыруу: Сабырдуу болуңуз жана балаңыздын тамактануусун активдүү колдоңуз. Балаңызды тамак жегенге мажбурлабаңыз. Берилген тамак-ашты баланын жегенине ынануу үчүн өзүнчө табакты колдонуңуз.
- Балаңызга байкоо жүргүзүңүз жана анын сигналдарына жооп бериңиз. Баланы жай жана чыдамдуулук менен анын ритмине ылайык тамактандырыңыз. Балаңыздын тамак жешине түрткү берүү үчүн ар кандай тамак-аш айкалыштарын, даамдарды жана текстураларды колдонуп көрүңүз. Дагы бир жолу сунуштоодон мурун, баланын жегенин токтотушун күтүңүз.
- Бала тойгондугун көрсөткөндө тамактандырууну токтотуңуз.
- Чоңойгон сайын бала тамактанууда өз алдынча тамактанууга зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрөт (тамактын бөлүктөрүн алуу жана оозуна салуу, тамак тандоо, ашкана шаймандарын колдонуу).
- Тамактануунун жана шам-шум кылуунун тартибин түзүңүз. Тамактануу убактысын 15-20 мүнөткө чейин чектеңиз. Баланы стол четинде бийик отургучка отургузуп гана тамактандырыңыз.
Тазалык: Гигиенаны (тазалыкты) сактоо ич өткөктөн жана башка оорулардан сактануу үчүн маанилүү. Ымыркайга тамак же суюктук берүү үчүн таза кашыкты жана чыныны колдонуңуз. Ымыркайга бериле турган тамак-ашты гигиеналык жактан коопсуз жерде сактаңыз. Тамак-аш даярдоодон жана балага тамак берүүдөн мурун колуңузду самын менен жууңуз. Тамак даярдоонун жана баланы тамактандыруунун алдында колуңузду жууңуз. Дааратканага баргандан соң, гигиеналык процедураларды аткарып жана баланын астын жуугандан кийин колуңузду самындап жууңуз.
Өмүрүнүн биринчи жылында сунушталбай турган азыктар
- Балаңызга өмүрүнүн 1-жылында бал бербеңиз
- Уйдун сүтүн (ошондой эле эчкинин сүтү) ичүүгө өмүрүнүн биринчи жылында сунушталбайт, анткени анын курамы ымыркайлардын керектөөлөрүнө жооп бербейт жана аз кандуулуктун, аллергиянын өнүгүшүнө түрткү берет. Ботко даярдоого уйдун сүтүнөн бир аз өлчөмдө (1:1 катышында кайнатылган сууга аралаштырылып) колдонсо болот.
- Биринчи жылы цитрус жемиштеринен (лимон, апельсин, мандарин) алыс болуңуз.
- Балдардын тамак-ашына кант, туз же татымалдарды кошпоңуз.
- Ар дайым баланын коопсуздугуна кам көрүңүз: балага жер жаңгак, попкорн, майда жемиштерди же жүзүмдүн бүтүн мөмөсүн, катуу тамактын бөлүктөрүн бербеңиз, какап калышы мүмкүн.
Баланы кантип тамактандыруу керек
Баланы ар кандай азыктар менен тамактандыруу маанилүү. Бул өсүмдүктүн бир түрүн (ашкабак, сабиз, түстүү капуста, брокколли) же жемиш пюреси (алма, банан, алмурут, шабдалы) акырындык менен кошулган коюу ботко болушу мүмкүн. Андан кийин пюре жана эзилип майдаланган этке (майсыз уй, кой эттери, тоок, үндүк же коен эти) же жашылчалар менен буурчак өсүмдүктөрүнө өтсөңүз болот. Балаңызга тамактын айрым түрлөрү башкаларга караганда көбүрөөк жагышы мүмкүн, балаңыздын ар кандай тамактарды даамдап көрүшүн колдоңуз.