Баланы эртең мененки тамакты ичүүгө көндүрүү

Эртең мененки тамак балаңызга ойноого, үйрөнүүгө, эстеп калууга жана көйгөйлөрүн чечүүгө энергия берет. Эртең мененки толук баалуу тамактанууда углеводдор, белоктор жана майлар бар. Туура тамактануу өз ичине мюслини, сулуну, дан өсүмдүктөрунөн жасалган аз канттуу үлпүлдөктөрдү, кайнатылган жумуртканы, омлетти, дан азыктарын, жемиш жана йогуртту өз ичине камтыйт.
Body

Эмне үчүн эртең мененки толук баалуу тамактануу маанилүү ?

Эртең мененки тамак балдарга түйшүктүү күндөрүн өткөрүү үчүн  керектүү энергия берет. Эртең мененки тамакты туура жеген балдар көпкө чейин ачка болушпайт. Бул демек алар ойноодо, окууда, эстеп калууда жана көйгөйлөрдү чечүүдө көңүл топтой алат дегенди билдирет.

Эртең мененки туура тамактануу балдардын мектепте жакшы окуусуна жардам берет.

Эртең мененки тамакты туура жеген балдар:

  • мектепте сабакты кез-кезде гана калтырышат.
  • жакшы окушат, эстеп калуусу жана интеллекти жакшы болот.
  • бир күндө көбүрөөк калория алышса дагы, ашыкча салмактан чанда гана жабыркашат.

Эртең мененки толук баалуу тамактануу кандай болот?

Эртең мененки туура тамактанууда бир күн ичиндеги энергиянын деңгээлин кармап туруу үчүн углеводдордун, белоктордун, майлардын тең салмагы болушу керек.

Сиздин балаңыз ботко, сулу, мюсли, канты аз бүтүн дандуу үлпүлдөк, кайнатылган жумуртка, омлет, бүдүрлүү тост, мөмө жана йогурт сыяктуу варианттарды тандап алуусу  мүмкүн.

Ар кандай дандан жасалган нан, сулу жана ботко сыяктуу бүтүн дандан жасалган азыктар эртең мененки тамак үчүн жакшы тандоо болуп саналат. Балаңыздын организми аларды иштетилген, таттуу дан азыктарына караганда жайыраак сиңирет. Алар балаңызга күн бою узагыраак энергия берип, ток алып жүрөт.

Табити жок тамактангандар үчүн толук баалуу эртең мененки тамактануу идеялары

Тамактануу тууралуу сөз кыла турган болсок, сиз балаңызга үлгү боло аласыз. Балдарыңызга эртең мененки тамак сиздин күнүңүздүн маанилүү бөлүгү экенин көрсөтүңүз - бул аны жегенге үндөөнүн жакшы жолу. Алар менен эртең мененки тамактын пайдалуулугу жөнүндө да сүйлөшсөңүз болот.

   Эртең мененки толук баалуу тамактануу адатын бекемдөөчү бир нече сунуштар:

  • Эртең мененки тамактануу убактысын балдарыңыз менен бирге отуруу  убактысы кылып алыңыз. Жакшы үлгү көрсөтүү - бул балдарыңыздын адаттарына таасир этүүчү күчтүү ыкма.
  • Эгерде балаңыз эртең менен ачка эмесмин десе, салттуу тамактардын ордуна сүт, йогурт жана  банан сыяктуу  жемиштер менен пайдалуу смузи жасап көрүңүз.
  • Дагы бир вариант – анча чоң эмес үлүш тамак, мисалы: сулу же мөмө-жемиштен бир аз жеп коюу. Андан кийин балаңызга мектепке жөнөөрдүн алдында бир аз шам-шум этип алууга сендвич же мөмө-жемиштен жасалган йогурт бериңиз.
  • Эгерде эртең мененки график тамактанууга тоскоол болсо, ойготкуч саатты 10 мүнөткө эртерээк коюуга аракет кылыңыз, ал гана эмес эртең мененки тамакты мурунку күнү  кечинде даярдап коюңуз.
  • Мисалы, эртең менен сүт гана кошуу керек болгондой кылып, кечинде үлпүлдөктү мискейге салып коюңуз.
  • Эгерде балаңыз  эртең мененки тамакты шашып жебесе, анда  тамакты кызыктуу кылуу жолдору жөнүндө ойлонуп көрүңүз.
  • Мисалы, сиз жашылчалардан жасалган омлетти берип көрсөңүз болот, анткени аларда баланын күндү ийгиликтүү баштоосуна энергия берүүчү зарыл витаминдер бар.
  • Эгерде балаңыз эртең мененки тамактан баш тартса, буга көп деле маани бербеңиз.  Балаңыз муну көз карандысыздыкты көрсөтүү үчүн жасап жатышы мүмкүн. Сиз балаңызга мектепке бара жатып, мөмө -жемиш же сүттөн жасалган смузи, йогурт жана жемиштерди жанына алып алууну сунуштасаңыз болот. Же дүкөнгө барганыңызда балаңызга өз алдынча толук баалуу тамактануунун варианттарын тандоого кеңеш бериңиз.

Эртең мененки тамактын азыктык баалуулугу

Адамдын организми углеводдордон энергия өндүрүп, аларды глюкоза деп аталган кантка ажыратат. Азыктанбаган организимде  бир түн өткөндөн кийин глюкозанын деңгээли төмөндөйт. Сиздин организмиңиз булчуңдарыңыздагы гликоген жана май кислоталары сыяктуу энергиянын запастарын колдоно баштайт. Мына, эмне үчүн ишке киришүүнүн алдында отунду толуктап алышыбыз керек.

Эртең мененки толук баалуу тамактануу балаңызга энергия берет жана анын метаболизмин аракетке келтирет. Бул анын организимине күн бою жеген тамагын эффективдүү колдонууга жардам берет. Мындан тышкары эртең менен тамактанбай калган балдар күндүн калган мезгилинде ошол калып калган азыктандыруучу заттарды калыбына келтире алышпайт.