Социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу: 13 -18 ай

"Жакын адамдар менен баарлашуу кеңейет, күнүмдүк иш-аракеттер жана оюн учурунда биргелешкен иш-чаралар жана өз ара аракеттенүүлөр кеңири боло баштайт. Бала айлана чөйрөнү ынтызаарлык менен активдүү изилдөөгө кубануу менен катышат. Ал өзүнүн каалоосун так билдирет. Көңүл чөкпөй койбойт, бирок ал менен кошо эмоционалдык реакциялар жана нааразычылыктар күчөйт. Сиз түшүнүү жана жардам берүү үчүн жанындасыз."
Body

Сезимдерди жана жүрүм-турумдарды жөнгө салуу

Сиздин балаңыз уламдан-улам демилгени көрсөтүүдө. Аны курчаган  айланасындагылар, буюмдар жана башка адамдар кызыктырат. Бала буга чейин сиздин реакцияңызды түшүнүүгө үйрөнгөн. Жанында  болуп, анын изилдөөсүн коопсуз кылыңыз. Жагымдуу жүрүм-турумга оң мамиле жасап, балага кубанычыңызды көрсөтүңүз. Бала капаланса же ачууланса, жай баракат жооп кылыңыз. Сиздин реакцияларыңыз баланын ички тажрыйбасын жана сезимдерин калыптандырат.

Чектерди коюу

Бала биринчи жолу чектөөлөргө туш боло баштайт. Кээде анын реакциясы күчтүү болушу мүмкүн. Бул жаңы тажрыйба жана баланын жеке каалоолору менен жүрүм-туруму сиздин талаптарга ылайыкташуусу үчүн убакыт талап кылынат. Сиздин иш-аракеттериңиз тууроонун мыкты үлгүсү болуп саналат. Андан эмне каалагап жатканыңызды айтыңыз, кыскача түшүндүрмө бериңиз. Күткөн нерселериңизди так билип, чектөөлөрдү тактап, кабыл алынбаган жүрүм-турумга реакция жасаңыз.

Башкалар менен болгон мамилелер

Бала башка адамдарга жана алардын иш-аракеттерине кызыгат. Ал башка балдарга кызыга баштайт - аларды байкап, аларга жакындайт. Балаңызга ар кандай адамдар, башка балдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Жолугушууларды күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айландырыңыз. Кээ бир балдар уялчаактыгын көрсөтсө, башкалары активдүү байланышка чыгууга аракет кылышат. Балага эс алууга убакыт бериңиз, жетиштүү колдоо көрсөтүү үчүн жакын болуңуз.

Көңүл буруу

Бала сиздин көңүл бурууңузду талап кылат. Оюн учурунда жана башка иш-чараларда ал сиздин аны көргөндүгүнүздү тастыктоону сурайт. Ушул маанилүү муктаждыкты канааттандырыңыз. Балаңыз сизди карай жакындап келе жатканда, аны карап, ал сизге жылмайганда жылмайып, аны көз карашыңыз менен узатып коюңуз, бир нерсени көрсөткөндө, оюңузду айтыңыз. Сизге ийгиликке жеткенин көрсөткөндө баланы мактаңыз, керек учурда сооротуңуз. Сиздин реакцияңыз балага анын маанилүү экендигин билдирет. Оң ырастоолор  ички сезимдерин күчөтүп ийгиликке жетишүүсүн  жана канааттануусун бекемдейт.