Эне сүтүнүн жана эне сүтү менен багуунун артыкчылыктары

Кылымдардан бери эле ымыркайды эмизүү бардык мезгилдерде бардык эл үчүн жалпы болуп келген, бул алардын жашап кетишин жана саламаттыгын камсыздаган. Эне сүтүн алмаштыра турган эч нерсе жок жана башка эч бир балдар тамак-ашын ага салыштырууга болбойт!
Body

Төрөттөн бир топ убакыт мурун сиздин организмиңиз эмчек эмизүүгө даярдана баштайт. Сиздин көкүрөгүңүздүн формасы өзгөрүп, өлчөмү чоңоёт, катууланат, көкүрөктүн териси жукарып, тери тийишүүгө сезгич болуп калат. Үрптөрү менен ареолдору күңүрт тартат; анын үстүнө эмчектеги өзгөрүүлөр көп учурда кош бойлуулуктун биринчи белгиси болуп саналат. Ууздун иштелип чыгышы кош бойлуулуктун 16 жана 22-жумаларынын ортосунда пайда боло баштайт.

Эне сүтү менен багуу жөнүндө чечим кабыл алып жатканда билүү пайдалуу:

  • Сиздин сүтүңүз ар дайым жеткиликтүү, гигиеналык жактан коопсуз, талаптагыдай температурада жана акысыз. Өмүрдүн алгачкы алты айында бул бала муктаж болгон жалгыз азык жана суюктук.
  • Сиздин сүтүңүз балаңыздын керектөөлөрүнө атайылап ылайыкташтырылган жана бир жолу эмизүүнүн ичинде, сутканын ичинде, ошондой эле баланын курагы менен өзгөрүп турат.
  • Эне сүтү сизге каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул баланы эң мыкты азык менен камсыз кылуунун акысыз ыкмасы жана сизге сүт аралашмалары үчүн үй-бүлөлүк бюджетти коротууга туура келбейт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) жана ЮНИСЕФ өмүрдүн биринчи алты айында эне сүтү менен гана багууну жана алты айлык курактан тарта талаптагыдай аш болумдуу, коопсуз кошумча тамакты киргизүү менен  бала эки жаш жана андан ашканга чейин эне сүтү менен багууну улантууну сунуштайт. 2006-жылы БДСУ төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейинки балдардын өсүшүнүн жаңы стандарттары менен тааныштырган. 

Жаңы стандарттардын маанилүү ченемдеринин бири анда эне сүтү менен багуу биологиялык норма катары белгиленип, ал эми эне сүтүн эмген бала толук баалуу өсүүнү өлчөө үчүн эталон болуп саналат.

Бала үчүн эмчек эмизүүнүн артыкчылыгы кичине кезинен башталып, өмүр бою сакталат. Эмчек сүтү организмди ден соолукту узак мөөнөттүү коргоого жана айлана-чөйрөгө ыңгайлашууга даярдайт. Ал инфекциялардан уникалдуу коргоону эле камсыздабастан, ошондой эле баланын өзүнүн иммундук системасынын өнүгүүсүнө түрткү берет. Эне сүтү менен багуу ар кандай оорулардын өнүгүү тобокелчилигин азайтат:

  • ашказандагы бузулуулар жана инфекциялар;  
  • аллергия;
  • астма;
  • диабет;
  • семирүү;
  • респиратордук инфекциялар жана орто кулактын сезгенүүсү;
  • менингит;
  • заара жолдорунун инфекциялык оорулары.

Эне сүтү менен багуу тиштердин туура чыгышына, ооз көңдөйүнүн өнүгүүсүнө жана тиштердин кабышуусунун калыптануусуна түрткү берет.

Когнитивдик функцияларга оң таасирин тийгизет

  • Эне сүтү менен багуу балаңыздын акыл-эс жактан өнүгүүсүнө түрткү берет, мээнин ой жүгүртүү жана эс тутум сыяктуу жогорку функцияларын жакшыртат.
  • Эне сүтү менен багылып жаткан балдар интеллектуалдык өнүгүүгө жасалган тесттерде кыйла жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшөт.
  • Бул өзгөчө ара төрөлгөн жана аз салмак менен төрөлгөн тобокелчилик тобундагы балдар үчүн өзгөчө маанилүү.
  • Когнитивдик функцияларды жакшыртуу эмчек эмүүнүн узактыгы менен түздөн-түз байланыштуу.

Эне сүтү менен багуунун эне үчүн пайдасы

Эне сүтү менен багуу энелердин ден соолугу үчүн бир катар артыкчылыктарга ээ. Анткени эмне сүтү менен багуу:

  • жатындын төрөткө чейинки абалына тез арада кайтып келишине түрткү берет;
  • аялдарга бала төрөгөндөн кийин салмагын таштоого жардам берет;
  • менопаузанын алдындагы жумурткалыктардын жана сүт безинин рак оорусунун өнүгүү тобокелчилигин азайтат;
  • остеопороздун өнүгүү тобокелчилигин азайтат;
  • гестациялык диабет менен жапа чеккен энелерде 2-типтеги кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин төмөндөтөт;
  • эмчек эмизип жаткан мезгилде овуляциянын жана айыздын кайтып келишин кечиктирет;
  • төрөттөн кийинки депрессиянын өнүгүүсүн төмөндөтөт.

Бойго бүтүрбөөчү эффекти: Эмчек эмизүү айыз циклинин, овуляциянын калыбына келүүсүн, ага ылайык бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн кечеңдетет. Бирок бул эффект чектелген жана бир катар факторлорго көз каранды. Эмчек эмизип жатканыңызда каалабаган кош бойлуулуктан корголдум деп ишенбеңиз; овуляция айыз келбесе деле жүрүшү мүмкүн. Гинекологуңуздан эмизүү учурунда кандай контрацепция ыкмасы эң жакшы экенин сураңыз. Эки кош бойлуулуктун аралыгы айрыкча төрөт кесарча жаруу менен жасалган болсо кеминде эки жыл болушу керек.

Эмчек эмизүү - бул жөн гана тамактануудыруу эмес. Эмчек эмизүү учурунда эне менен баланын ортосунда бекем байланыш түзүлүп, баланын мээримге, жылуулукка жана коопсуздукка болгон муктаждыгы өзгөчө жол менен канааттандырылат. Сиз канчалык узак убакыт эмизсеңиз, ошончолук жакшы!