Үйдөн сырткары жерде эне сүтүн эмизүү
Үйдө, сиз балаңыз менен эмчек эмизүү ыргагын түздүңүз, эмчек эмизүү көнүмүш болуп калды жана сиз үйдөн сырткары жайда көп убакыт өткөрүүнү ойлонуп жатасыз. Сиз үй-бүлөңүз менен бир аз сейилдеп, дүкөнгө барууну же курбуңуз менен кофе ичүүнү каалайсыз. Апалар жана алардын ымыркайлары башкалар сыяктуу эле иш-чаралардан ырахат алууну каалашат. Эгерде сиз заманбап сунуштарды аткарсаңыз жана алты айга чейин балаңызга башка тамак-аш же суюктук бербесеңиз жана сүтсүз тамактарды киргизгенден кийин деле эмизүүнү улантууну пландап жатсаңыз, анда балаңызды үйдөн сырткары жерлерде дагы эмизүүңүз керек. Эгер бул сизге ыңгайсыз болсо, анда күнүмдүк жашоодо көптөгөн чектөөлөргө сөзсүз туш болосуз.
Акыркы убактарга чейин элестете албаган жана коомчулук тарабынан айыпталган нерсе, бактыга жараша, азыркы учурда социалдык нормага айланып баратат. Көптөгөн супермаркеттерде, балдар дүкөндөрүндө, соода борборлорунда баланы эмизе турган бурчтар бар. Апалар кээде уялышат же тилекке каршы дагы эле уланып жаткан жактырылбаган көрүнүштөрдөн жана комментарийлерден тынчсызданышат.
Коомдук жайларда эне сүтүн эмизүүнү ыңгайлуу кылуу боюнча он кеңеш:
- Сиз өз укуктарыңызды билишиңиз керек. Коомдук жайларда эмчек эмизүүгө уруксат берилет; сиз балаңызга мыкты тамак эле бербестен, балдары жок аялдарга жана эркектерге кантип эмизүү керектигин да көрсөтөсүз.
- Үйдө күзгүнүн алдында машыгыңыз: эгер сиз өтө жылаңач экениңизге тынчсызданып жатсаңыз, күзгүдөн текшериңиз; бала эмчектин көпчүлүк бөлүгүн жаап жатканын көрөсүз, кайсы кийим эң ылайыктуу экенин байкап көрүңүз.
- Өзүңүздү ыңгайлуу сезе турган кийимдерди тандаңыз.
- Балдарды көтөрүп жүрүүчү слинг колдонуңуз.
- Оңой чечилүүчү бюстгалтер кийиңиз.
- Сизге ылайыктуу жерди тандаңыз. Эки нерсе маанилүү: ыңгайлуу, жөлөнгүчү бар отургучка отуруу жана башка адамдарга мүмкүн болушунча азыраак байланышуу.
- Баланы көкүрөккө коюп жатканда бурулуңуз; ошол учурда териңиздин көбү көрүнүп турат; бала эме баштаганда, ал көкүрөктү дээрлик жаап калат.
- Эгерде сизге ыңгайсыз болсо, анда өзүнчө болуу үчүн, кездеме жалаяк же жоолук менен көкүрөктү жаап коюңуз, баланы көрүп жана ал дагы сизди көрүп тургандай кылыңыз.
- Жылмайыңыз!
- Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарга даяр болуңуз - ресторандын менеджери же соода борборунун күзөтчүсү сизге эскертүү бериши мүмкүн. Жообуңузду алдын ала даярдаңыз!
Эгерде сиз ымыркайыңызды үйдөн сырткары жерде эмизе ала турганыңызга ишенбей жатсаңыз жубайыңызга, досуңузга, эжеңизге жаныңызда болуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Колдоо дайыма зарыл. Коомдук жайларда баланы эмизүү эне сүтүн эмизүүгө өбөлгө түзөт.