КПК иммундаштыруусунан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр
Эмдегенден кийин, башка дары каражаттарын ичкендей эле балдарда ийне сайылган жердеги кызаруу, ооруксунуу жана шишимик тартуу сыяктуу иммундаштыруудан кийинки жергиликтүү кыйыр белгилер келип чыгышы мүмкүн. Дене табынын жогорулашы, тынчсыздануу, кыжырлануу, уйку, тамакка болгон табиттин бузулушу сыяктуу жалпы реакциялар болушу ыктымал.
- Аз сандагы балдарда адатта эмдегенден кийинки 12-14-күнү дене табы жогорулашы жана бүдүрчөлөрдүн пайда болушу ыктымал. 20-25-күнү моюн жана желке тарапта лимфа бездеринин чоңоюшу ыктымал. Бул кыйыр реакциялар жеңил түрдө өтөт, бир канча күнгө созулат, дарылоону талап кылбайт жана кесепеттерсиз өтүп кетет.
- КПК вакцинасына бүдүрчө түрүндөгү аллергиялык реакциялар сейрек жана вакцинанын башка компоненттерине карата пайда болушу мүмкүн. Анафилактикалык шок түрүндөгү аллергиялык реакциялар өтө сейрек учурда келип чыгышы мүмкүн (1 млн эмдөөгө 1 учур).
Эгерде эмдегенден кийинки реакциялар баланы өтө тынчсыздандырса, медицина кызматкерине кайрылуу жана сунуштарды алуу зарыл.
Вакцина албаган балдарга салыштырмалуу аутизм жана КПК вакцинасынын ортосундагы байланышты тастыктаган далилдер жок. Данияда жүргүзүлгөн (1999-2010-ж.) жарым миллиондон ашуун (650,000) баланы камтыган изилдөөлөр КПК вакцинасы жана аутизмдин ортосундагы байланыштын жоктугунун далилдерин берген.