Кызамык

"Кызамыктын белгилерине калтыроо, лимфа бездеринин чоңоюшу жана бүт денеге бозомук-кызгылт исиркектердин чыгышы кирет. Эгерде аял кош бойлуулуктун биринчи айларында ушул оору менен жабыркап айыккан болсо, түйүлдүк үчүн олуттуу коркунуч туудурат. Эгер балаңызда кызамык бар же кош бойлуу кезиңизде кызамык менен байланышта болгон болушум мүмкүн деп ойлосоңуз, дарыгерге кайрылыңыз. Кызамыктын алдын алуунун эң жакшы жолу – кызамыкка каршы эмделүү."
Body

Кызамык жөнүндө

Кызамык оорусу кызамык вирусу тарабынан пайда болот. Бул вирус жөтөлүү жана чүчкүрүү аркылуу аба менен жугат.

Кызамыктын симптомдору

Кызамык вирусу адатта балдарды кандайдыр бир симптомдор пайда болгонго 14-21 күн калганда жабыркатат.

Кызамыктын алгачкы симптомдору жеңил суук тийип сезгенүүгө окшош. Алар дене табынын 380Сга чейин жогорулашын, тамактагы кызаруу жана оорутуу, моюндун арткы бетинде жана желкеде лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшун камтышы мүмкүн.

2-3 күндөн кийин бүдүрчөлөр пайда болот. Алгач бүдүрчө бетте пайда болуп, андан кийин бүт денеге, негизинен аркага, жамбаштарга тактарды пайда кылуу менен жайылат. Бүдүрчө жоголгонго чейин 3-5 күн кармалып турат.

Кызамык менен ооруган балдар бүдүрчөнүн пайда болооруна бир жума калганда жана бүдүрчө пайда болгондон 5-7 күндөн кийин жугуштуу болуп калышат.

Кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчиликтери

Кызамык адатта балдарда жеңил формада өтөт.

Эң эле олуттуу татаалдашуу кош бойлуулардагы кызамык, өзгөчө кош бойлуулуктун эрте мөөнөттөрүндө (8-10 ай) ал түйүлдүктүн жатын ичиндеги өнүгүүсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Кош бойлуу аялдын боюнан түшүп калышы же бала төрөлөөрү менен чарчап калышы ыктымал.

Түйүлдүккө оорунун жугушу жүрөк кемтиги, дүлөйлүк, катаракт сыяктуу тубаса кызамык синдромунун өнүгүүсүнө алып келет, ошондой эле нерв системасынын, боор жана өттүн иштешине, баланын физикалык жана акыл-эс жактан өнүгүүсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эгерде аял кош бойлуу кезинде, айрыкча биринчи триместрде ооруга чалдыкса, олуттуу тубаса кемчиликтер көп кездешет. Бул оор тубаса кемчиликтер тубаса кызамык синдрому деп аталат.

Менин балам кызамык боюнча дарыгерге кайрылышы керекпи?

Ооба. Балаңызда кызамык оору бар деп кабатыр болсоңуз, дарыгериңиз менен сүйлөшүүңүз керек.

Кызамык менен ооруган балдарды кош бойлуу аялдардан алыс кармоо керек. Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз жана кызамыкты жуктуруп алдым деп ойлосоңуз, үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен сүйлөшүңүз.

Кызамыкты дарылоо

Кызамыкты дарылоо адатта үй шарттарында жүргүзүлөт. Бүдүрчөлөр чыгып жаткан мезгилде бала төшөккө жатышы керек. Атайы дарылоо дайындалбайт, кээде симптоматикалык каражаттарды (оорунун симптомдорун жокко чыгаруучу дарылар) колдонушат.  

  • Балаңызга температурасын түшүрүү жана ыңгайсыздыкты азайтуу үчүн парацетамол же ибупрофенди дарыгердин дайындоосу боюнча сунушталган дозаларда бериңиз.
  • Балаңыздын сууну көп ичишин жана көп эс алуусун колдоңуз.
  • Кызамыкка чалдыккан балдар дарыгер уруксат бермейинче бала бакчага, мектепке чейинки мекемелерге же мектепке барбашы керек.

Кызамыктын алдын алуу

Кызамыктан жана өзгөчө тубаса кызамык синдромунан сактануунун эң жакшы жолу – бул эмдөө. Кызамыкка каршы эмдөө кызылча, эпидемиялык тепки жана кызамыкка каршы КПК вакцинасы менен жасалат. КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык КПК эмдөөсү балага 12 айында жана 6 жашында жасалат.

Кээ бир ата-энелер КПК вакцинасы аутисттик спектринин бузулуулары (AСБ) жогорку тобокелдиги менен байланыштуу деп чочулашат. Вакциналардын AСБнын өнүгүшү менен байланышы бар экендигине эч кандай илимий далил жок. Эгерде сизде КПК вакцинасы боюнча кандайдыр бир тынчсызданууңуз бар болсо, анда аларды үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен талкуулоо сунушталат.