Кызылча
Кызылча вирустан улам пайда болуучу өтө жугуштуу оор дарт. Кызылчага каршы вакцина киргизилгенге чейин кызылчанын ири эпидемиялары жыл сайын 2,6 миллион адамдын өмүрүн алып кеткен. 2000-жылдан 2013-жылга чейинки мезгилде кызылчага каршы эмдөө кызылчадан болгон глобалдуу өлүм көрсөткүчүн 75%га азайтууга алып келген жана 15,6 миллион өлүм учурларына бөгөт койгон.
Кызылчанын вирустары чөйрөдө айлануусун улантып жаткандыктан, вирустардын активдүү айлануусу жүргөн аймактар менен кызылчанын келүү коркунучу бар. Ошентип, Европа жана КМШ өлкөлөрүндөгү глобалдуу эпидемиологиялык туруксуздук республикада 2014-2015-жылдары кызылчанын чыгышына жана жайылуусуна түрткү берип, кызылчанын 20 000 учуру катталган.
Оорунун белгилери
Инкубациялык мезгил (оорунун белгилери пайда болгонго чейин вирустун организмге кирген убактысы) орто эсеп менен 7-14 күндү түзөт. Оору жуктуруп алган адам бүдүрчөлөр чыкканга чейин жана чыккандан кийин болжол менен 4 күнгө чейин оору жугузууга жөндөмдүү.
Оору алсыроо, талмоорсуу, мурун бүтүү, кургак жөтөл, көздүн кызарышы жана сезгениши, дене табынын 380С-390Сга чейин жогорулашы менен башталат. Ооруга мүнөздүү белги бүдүрчөлөр пайда болгонго чейин жаактын ички бетиндеги боз-агыш тактар (Коплик тактары) болуп саналат.
Бүдүрчөлөр оору башталгандан кийин 3-5 күнү, алгач бетте пайда болуп, андан кийин бүт моюнга, дененин жогорку бөлүгүнө жайылат, андан кийин алакан жана таманды кошкондо бүт денени каптайт. Кызылча оорусундагы бүдүрчөлөрдүн узактыгы 4-5 күндү түзөт, андан кийин айыгуу мезгили башталат.
Бүдүрчөлөр чыккан мезгилде дене табы 400Сга чейин жогорулашы мүмкүн, конъюнктивит, көздөн жаш агуу, жарыктан коркуу жана ич өткөк пайда болушу ыктымал.
Эгерде сиз баладан кызылчанын белгилерин байкасаңыз, үй-бүлөлүк дарыгерди шашылыш түрдө чакырыңыз жана баланын башка балдар менен байланышта болуусун жокко чыгарыңыз.
Оордошуулар
Оордошуулар кызылча менен ооруган балдардын 30%да келип чыгат. Оордошуулар болушу мүмкүн: кулактын, дем алуу жолдорунун сезгениши, пневмония, энцефалит, менингит келип чыгышы ыктымал.
Дары каражаттары
Кызылчаны спецификалуу дарылоо жок; тажрыйбада дары-дармектер оорунун симптомдорун жокко чыгаруу үчүн колдонулат. Парацетамол дене табын түшүрүү жана баш ооруну жеңилдетүү үчүн берилет. Балага адаттагыдан көбүрөөк суюктук сунушталат жана бир аз караңгылатылган бөлмөдө эс алдыруу керек болот. А витамининин жетишерлик болуусу камсыздалат.
Алдын алуу
Кызылчага каршы активдүү эмдөө кызамыкка, эпидемиялык тепки жана кызылчага каршы вакциналарды камтыган айкалышкан КПК вакцинасы менен жүргүзүлөт. КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык кызылчага каршы эмдөө баланын 12 айында жана 6 жашында жасалат. Балдар үзгүлтүксүз эмделгенде алар ошондой эле вакцина ала албай турган балдарды дагы коргойт, анткени алар вирустун жайылышына бөгөт коюшат.
Вакцинаны иммундук жообу алсыз, вакцинанын кайсы гана болбосун компоненттерине күчтүү аллергиялык реакцияга ээ болгон адамдарга жана кош бойлуу аялдарга жасоого болбойт.
Кызылча менен ооруп айыккан адамдар узак мөөнөттүү иммунитетке ээ болушат.