Пневмококк инфекциясы тарабынан пайда болгон ооруларга каршы иммундаштыруудан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр

Сиздин балаңыз пневмококк (Streptococcus pneumoniae) тарабынан пайда болгон ПКВ вакцинасын - пневмококк полисахариддик конъюгацияланган адсорбацияланган 13 валенттүү вакцина алды.
Body

Эмдегенден кийин балада вакцина жасалган жерде 3 күндөн кем эмес убакыт бир аз ооруксунуу байкалышы мүмкүн. Айрым балдардын дене табы жогорулашы, чыргоолонушу, уйкусу жана тамакка болгон табити бузулушу мүмкүн. Бул реакциялар жеңил жана бир нече күндүн ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Кеңеш

Дене табы 380Сдан жогору болгон учурда балага бир кг дене салмагына 10-15 мг дозасында парацетамол сиробун берүү керек, бирок 24 сааттын ичинде төрт дозадан ашпоого тийиш. Мындай дарылоо ооруну жеңилдетет жана дене табын түшүрөт. Ошондой эле жылуу суу менен сүртүүгө жана көбүрөөк суюктук берүүгө болот.

Эмдөөнүн алдында парацетамол сиробун берүү сунушталбайт.

Күчтүү аллергиялык реакциялар өтө сейрек келип чыгат жана адатта бала медициналык мекемеде турганда эле пайда болот жана шашылыш медициналык кийлигишүүнү талап кылат.