Үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан мектепке кирүүнүн алдындагы профилактикалык үзгүлтүксүз кароо

Бул мезгилде сиздин балаңыз интенсивдүү түрдө жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болот. Башка балдар жана чоңдор менен ойноп, өз ара аракеттенүү аркылуу ал баарлашууну байытып жана сандарды, тамгаларды жана сөздөрдү билүү менен командалык духту бекемдейт. Социалдык өнүгүү интенсивдүү жүрөт - бала жаңы досторду табат жана курчап турган дүйнө менен жаңы мамилелерди түзөт. Ал өзүнүн буюмдарына жана үй жаныбарларына өз алдынча кам көргүсү келет, жоопкерчиликти алууга жана көз карандысыз болууга умтулат, өзүнө болгон ишенимди бекемдейт.
Body

Кабыл алууга даярдануу 

  • Үй-бүлөлүк дарыгерге бара тургаңыздар жөнүндө балаңыз менен сүйлөшүп жана ага эмне үчүн мектепке туура даярдануу жана ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү маанилүү экендигин түшүндүрүп бериңиз.  
  • Күтүү учурунда балаңызды бош калтырбай тургандай кылып, китеп же башка нерселерди ала келиңиз.
  • Балаңыздын дарыгерге көрсөтүү керек болгон кандайдыр бир медициналык карталары бар-жогун текшерип алыңыз.

Профилактикалык текшерүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

Өсүүгө мониторинг жүргүзүү

Бала ич кийими менен өлчөнөт, ал эми бойдун узундугу жана дене салмагынын көрсөткүчтөрү өсүү таблицаларына (графиктерине) киргизилет. Бул куракта дене салмагынын индексин эсептөөгө жана дене салмагынын (салмактын) бойго карата катышын баалоого, аны дагы өсүү диаграммасына киргизүүгө болот.

Сурамжылоо

  • Үй-бүлөлүк дарыгер балаңыздын өсүшүн текшерет жана анын курагына ылайык өсүүнүн  ийри сызыгына дал келишин баалайт.
  • Үй-бүлөлүк дарыгер баланын тамактануусу, физикалык активдүүлүгү, кызыкчылыктары, жүрүм-туруму жөнүндө сурайт.
  • Баланын ден соолугу үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди дарыгер менен талкуулагыла, анткени бул профилактикалык кароонун учурунда  сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгү.

Дарыгердин текшерүүсү жана өнүгүүнү баалоо

  • Үй-бүлөлүк дарыгер кадимки тартиптеги профилактикалык текшерүүнү жүргүзөт: тери, баш, мурун, ооз, моюн, моюндагы түйүндөр; жүрөк менен өпкөнү тыңшайт, курсакты манжалар менен басып көрөт, жыныс органдарынын абалын, келбетин текшерет. Ал артериялык басымды өлчөйт жана электрокардиограмма жасайт.
  • Текшерүү учурунда сиз байкоо жүргүзүп, суроолорду берип жана кеңеш сурасаңыз болот.   

Кошумча текшерүүлөр

  • Бул куракта сезүү органдарынын абалын: көрүү, угуу, сүйлөөнүн өнүгүүсү, тиштердин абалын жана келбетти кыйла толук текшерүү керек. Ошондуктан үй-бүлөлүк дарыгер баланы лор, окулист, логопед, стоматолог жана ортопедге көрсөтүүгө жолдомо берет жана жалпы кан анализин жана заара анализин дайындайт.  
  • Эгерде сиз бул жолдомолорду мурдагы келүүдө алган болсоңуз, адистерден алынган бүтүмдөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын текшерүүгө алып келиңиз.

Эмдөө 

6 жашында балаңыз кептөөр, селеймеге каршы АДС вакцинасы, кызамык, эпидемиялык тепки жана кызылчага каршы КПК (ревакцинация) вакцинасы менен эмделет.

Жыйынтыктоо

Баштапкы мектептин биринчи классына кабыл алуу үчүн акыркы корутунду жана саламаттыгынын абалы жөнүндөгү маалымкат үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан даярдыктын алкагында чогултулган бардык маалыматтардын, оору баяны, клиникалык текшерүү, адистердин корутундулары, лабораториялык маалыматтар жана эмдөө маалыматтарынын негизинде берилет.  

Эгерде текшерүү учурунда адаттагы жыйынтыктардан четтөө байкалган болсо, үй-бүлөлүк дарыгер кошумча текшерүүлөрдү дайындайт жана баланын ден соолугун көзөмөлдөөнү уланта берет. 

Балаңыз жашоосунда чоң кадам таштаганы жатат. Аны түшүнүүгө аракеттениңиз, анын сезимдерин урматтаңыз, ага өзүңүздүн коркууларыңызды сездирбөөгө аракет кылыңыз, андан көрө колдоо көрсөтүңүз. Эгерде сизде шектенүүлөр бар болсо, ушул мүмкүнчүлүктү медицина кызматкери менен пикир алмашуу үчүн колдонуңуз.