25 ай жана андан жогорку курактагы балдардын физикалык жактан өсүшү

Өмүрүнүн экинчи жылында баланын өсүшү акырындык менен жайлап, андан кийин тынымсыз өсүүсүн улантат.
Body
  • Туура тамактануу, чың ден соолук, ойноо жана үйрөнүү үчүн коопсуз шарттарлын, ошондой эле анын муктаждыктарын талаптагыдай канааттандырган ата-энелердин жардамы менен бала жакшы өсөт жана өнүгөт.
  • Баланын боюнун өсүшүнө тамактануу жана тукум куучулук факторлордон тышкары баланын гормондору күчтүү таасирин тийгизе баштайт.
  • Баланын боюнун өсүшүнө байкоо жүргүзүүөсүүнүн параметрлерин аныктоону камтыйт; 3 жашка чейин дене салмагын жана боюн – жылына 2 жолу, 3 жаштан 5 жашка чейин анын өнүгүүсүн баалоо менен жылына 1 жолу аныктоону камтыйт.

3 жаш жана андан жогорку курак. Баланын боюнун өсүшү туруктуу боло баштайт, бирок бой менен чогуу пропорцияларда өзгөрүү жүрөт. Ымыркайдын башы салыштырмалуу чоң, буттары жана колдору кыска болчу, азыр болсо баштын өсүшү акырындап, дене жана айрыкча колу-буту өсөт.

  • Ошондой эле организмдеги май ткандары азаят, аны ичке буттарынан жана али тоголок формага ээ боло элек башынан байкаса болот.
  • Балдар салмакты аз кошот, андан кийин бою өсө баштайт.
  • Мезгилдик динамика бар: балдардын бою жазында тезирээк өсөт, ал эми күзүндө көбүрөөк салмак кошот.
  • Үчүнчү жылдан баштап жыныстык жактан жетилгенге чейин бойдун өсүшү негизинен туруктуу болот.
  • Ушул мезгилде көпчүлүк балдар жыл сайын 5,0 -7,5 см боюу өсүп, 2-3 кг салмак кошот.
  • Жакынкы он жылда баштын айланасы дагы 3-4 см чоңоет.
  • Бул куракта баланын бою менен ата-энесинин орточо боюнун ортосунда статистикалык маанилүү оң корреляция өкүм сүрөт, башкача айтканда бала генетикалык потенциалына ылайык өсүп жатабы же жокпу баалоого болот. Бойдун генетикалык потенциалы ("максаттуу бой") ата-эненин орточо бою менен, эркек балдар жана кыздар үчүн ар кандай теңдемелер боюнча эсептөөнүн негизинде бааланат (Таннердин методу).
  • Эркек бала үчүн бойдун максаттуу бийиктиги (см) = (атасынын бою + энесинин бою) / 2 + 6.5
  • Кыз үчүн бойдун максаттуу бийиктиги (см) = (атасынын бою + энесинин бою) / 2 - 6.5

Бойдун өсүшүнүн бузулушу

Бойдун өсүшү - бул көптөгөн факторлордун таасирине дуушар болгон татаал процесс, алардын айрымдары бойдун өсүшүнүн физикалык нормаларын бузушу мүмкүн, мисалы, туура эмес тамактануу, өнөкөт оорулар, эндокриндик бузулуулар, дары-дармектер, үй-бүлөлүк көйгөйлөр ж.б. Ошондуктан баланын боюнун өсүшүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү - бул кандайдыр бир бузулууларды аныктоо жана өз учурунда кийлигишүү мүмкүнчүлүгү.

Ара төрөлгөн, төрөлгөндө дене салмагы аз жана бою кичине төрөлгөн балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Эгер эки жылдан кийин алар ата-энесинин бою же алардын генетикалык потенциалына дал келген бойдун узундугуна жетпесе, анда медициналык кызматкерге кайрылуу жана текшерүүдөн өтүү керек.

Ата-энелер! Балаңыз сизден ага бойдун оптималдуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн тийиштүү шарттарды түзүп беришиңизди күтөт.